Menu

Радуга пансионатындагы мушташ

ИИМ: «Радуга» пансионатындагы мушташ көлдүн жанында заара кылып жаткан мейман менен коопсуздук кызматкеринин ортосунда башталган

«Радуга» пансионатынын пляжында орун алган окуя боюнча 18 катышуучусу Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келинген.
Окуянын катышуучуларынын көрсөтмөлөрүнө ылайык, бул күнү окуянын катышуучуларынын бир тарабы меймандарын пансионаттын пляжында кабыл алышкан. Меймандын бири көлдүн жанында заара кылып жатканда, аны жергиликтүү тургун, пансионаттын коопсуздук кызматында иштеген кызматкер байкап калып, эскертүү жасаган. Бирок, мейман эскертүүгө көңүл бурбады.
Натыйжада, мейман менен коопсуздук кызматкеринин ортосунда оозеки чыр чыгып, мушташка айланып, ага эки тараптын жарандары да кошулган.
Учурда, аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө амалдары уланууда.
Айрым жарандар бул окуяны Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө» Жарлыгы менен байланыштырууга аракет кылып жатканына байланыштуу, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы бул окуя башка мүнөздө экенин жана жергиликтүү тургундардын пляж аймактарына кирүү укугу менен эч кандай байланышы жок экенин эскертет.

ИИМ: Ысык-Көлдүн "Радуга" эс алуу жайында мушташка катышкан 18 жаран кармалды

Бүгүн Социалдык тармактарда «Радуга» пансионатынын көл жээгинде орун алган мушташ боюнча таркап жаткан видеонун негизинде иликтөө иштери жүрүп жатат, бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма-сөз кызматы  билдирди.
29-июнь күнү саат 12:50 чамасында Ысык-Көл РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө Сары-Ой айылында жайгашкан «Радуга» пансионатынын пляжында мушташып жаткандыгы тууралуу телефон аркылуу билдирүү түшкөн.
Бул билдирүү райондук милициянын электрондук маалымат журналына катталып, тергөө-ыкчам тобу жана жайкы туристтик сезондо коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылган милициянын мобилдүү топтору дароо окуя болгон жерге жөнөп кетишкен.
Учурда мушташка катышкан 18 жаран баары райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.
Алгачкы тергөө аракеттеринин жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Меню