Menu

Рапиль Жошыбаев

ТИМ казак тарапты Викрам Рузахуновго консулдун жолугушуусун тез арада камсыз кылууга жана аны жакынкы арада бошотууга чакырды

Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда Казакстан Республикасында болуп өткөн массалык баш аламандыкка катышты деп шектелип Кыргызстандыктын кармалганы тууралуу виде сюжеттин таралышана байланыштуу, бүгүн 2022-жылдын 9-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасындагы Казакстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапиль Жошыбаев чакырылды.
Жолугушуунун жүрүшүндө КРнын Тышкы иштер министринин орун басары А. Мадмаров Казакстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Р.Жошыбаевге КРнын жараны В.Рузахуновдун камалышына байланыштуу Министрликтин Нотасын тапшырды. Викрам Рузахуновго консулдун жолугушуусун тез арада камсыз кылууга жана аны жакынкы арада бошотууга чакырды.
Өз кезегинде Казакстандын Элчиси кыргыз тарабынын тынчсыздануусу Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигине тез арада жеткирилерин айтып, жакынкы аралыкта кеңири маалымат берүүнү убадалады. Ал азыркы оор кырдаалда Казакстандын компетенттүү органдары болгон окуянын бардык жагдайларын жана себептерин тактоо үчүн кылдат иликтөө жүргүзөт деп ишендирди.
Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Н.Ниязалиев Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары М.Сыздыков жана Казакстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Р.Жошыбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аталган жаранга менен байланышкан кырдаалга боюнча кыргыз тарабынын өтө тынчсыздануусун билдирди.
Н.Ниязалиев казак тарабын Казакстан Республикасындагы акыркы окуяларга чет элдик жарандардын катышуусу боюнча текшерилген жана ишенимдүү маалыматтарды гана жарыялоого чакырды. Ошондой эле консулдук мамилелер боюнча эл аралык жана эки тараптуу документтердин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарынын кармалышы тууралуу өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө өз убагында маалымат берүү зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, КРнын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору В.Рузахуновдун жакындары менен жолугуп, анын жүрүшүндө бардык жагдайларды тактоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берип, Министрлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жана аталган жаранды тезинен бошотуу боюнча бардык мүмкүн болгон аракеттер көрүлөөрүн ишендирди.
Жарандарга консулдук-укуктук жардам көрсөтүүнүн алкагында Министрлик Казакстан Республикасынын аймагындагы Кыргызстандын ар бир жаранына ар кандай жардам көрсөтүү боюнча бардык чараларды көрүп жатат.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер минитсри Р.Казакбаев Казакстан Республикасынын ТИМнин жетекчилиги менен туруктуу байланышта жана Казакстан Республикасынын аймагында жашап жана эмгектенип, тактап айтканда, базарларда жана башка иштерде иштеп жатышкан мекендештерибиздин маселеси Министрдин өзгөчө көзөмөлүндө.
Меню