Menu

Режеп Тайып Эрдоган

Эрдоган Путинди согушту токтотууга үндөдү

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефондон сүйлөштү. Алар энергетика маселесин, Украинадагы согуш жана Сириядагы жаңжалды талкуулашканын Anadolu маалымат агенттиги 5-январда жазды.

Эрдоган Украинадагы согуш тууралуу Путинге “тынчтык жана диалог үчүн чакырыктар колдоого алынышы зарылдыгын” белгилеген. Мындай сунушка Путин эмне деп жооп бергенин түрк агенттиги жазган жок.

Кремлдин басма сөз кызматы билдиргендей, Путин Эрдоганга Украинага аскердик жардам берип жаткан “Батыш мамлекеттеринин кыйратуучу ролу” тууралуу айткан. Ал ошондой эле Москва Киев менен диалогго ачык экенин билдирди. Бирок анын пикиринде Украина бийлиги Москванын талаптарын аткарып, “жаңы аймактык реалдуулукту” эске алышы керек.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевге оккупацияланган бардык аймактар, анын ичинде аннексияланган Крым кайтарылганда гана Орусия менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген.

Түркия Украинадагы согуштан улам Орусияга каршы санкцияларга кошулбаган жалгыз НАТОго мүчө өлкө. Ошол эле маалда Анкара Киевге гуманитардык жардам көрсөтүп, Украинага курал-жарак жеткирүүдө. Ошондой эле Түркия жаңжалды жөнгө салууга ортомчу болууну көздөп келет.

Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда аба каттамдар көбөйөт

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы аба каттамдардын саны көбөйөт. Бул тууралуу түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган 9-июнда айтты.

Ал Кыргызстандын лидери Садыр Жапаров менен жолугушкандан кийин уюштурулган маалымат жыйында буга чейинки каттамдардын саны 28ге көбөйгөнүн кошумчалады.

Тет-а-тет форматындагы жолугушуудан кийин Садыр Жапаров жана Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстан менен Түркия ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынынын алкагында сүйлөшүүлөрдү улантышты.

Садыр Жапаров Түркияга расмий сапары 9-июнда башталды. Ал 11-июнга чейин Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен да жолугушат. Кыргызстандын мамлекет башчысы эки өлкөнүн бизнес форумуна катышып, Анкарада иштеп жүргөн мекендештер жана окуп жаткан студенттер менен баарлашмакчы.

Бул Садыр Жапаровдун бешинчи чет элдик сапары болуп калды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню