Menu

Рекет

Чүй милициясы: Бишкек менен Чүйдө колунда бар кишилерди граната жана тапанча менен коркутуп, акча талап кылып жүргөн жаран кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 27-январында Чүй облусунун ИИББге жаран “А” Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында курал-жаракты, жардыргыч заттарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап, колунда бар жарандардын мүлкүн жана акчасын опузалап талап кылып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган факт Токмок ШИИБге катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 267-беренесинде көрсөтүлгөн (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
2023-жылдын 28-январында Чүй облусунун ИИББнын жана Токмок шаарынын ИИБнүн тергөөчүлөрү жана ыкчам кызматкерлери тарабынан Аламүдүн районунун Аламүдүн айылында жайгашкан үйдү тинтүү учурунда 1986-жылы туулган Б.А. кармалып, андан 1977-жылы чыгарылган, 9 мм калибрдеги “Макаров” үлгүсүндөгү тапанчасы, 17 даана 9х18 мм калибрдеги ок-дарысы, “РГД-5” гранатасы табылган. Табылып алынган “РГД-5” гранатасын ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчылары тарабынан зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары, кармалган жаран 1986-жылы туулган Б.А. мурда бир нече жолу соттолгон, ошондой эле Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан опузалап акча талап кылгандыгы үчүн издөөдө жүргөндүгү аныкталган.
Кылмышка шектүү жаран 1986-жылы туулган Б.А. Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Меню