Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Ооганстан боюнча жаңы атайын өкүлү жана Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын (UNAMA) башчысы болуп Роза Отунбаеванын дайындалганын билдирди. Роза Отунбаева канадалык Дебора Лайонстун ордуна келди.
Роза Отунбаева бул кызматка лидерлик, дипломатия, жарандык активдүүлүк жана эл аралык кызматташуу боюнча 35 жылдан ашуун кесиптик тажрыйбасын эске алуу менен дайындалды. Ал Кыргыз Республикасынын Президенти (2010–2011) жана үч жолу тышкы иштер министри, акыркысы 2005-жылы министрдин милдетин аткаруучу болуп иштеген. Жогорку Кеңештин депутаты (2007-2010), 1991-жылы вице-премьер-министр болуп иштеген.
Ошондой эле Тышкы иштер министрлигинде бир нече жооптуу кызматтарды аркалаган, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттары жана Канададагы элчиси (1992-1994) жана Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчиси (1997-ж.) -2002). 1989-1991-жылдары ЮНЕСКО иштери боюнча советтик улуттук комиссиянын төрагасы болгон.
Роза Отунбаева 2002-2004-жылдары Бириккен Улуттар Уюмунун Грузиядагы байкоочулар миссиясында (UNOMIG) Башкы катчынын атайын өкүлүнүн орун басары болуп да иштеген. Учурда ал Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын медиация боюнча жогорку деңгээлдеги консультативдик кеңешинин мүчөсү жана Кыргызстандагы «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун жетекчиси.
Москва мамлекеттик университетинин философия илимдеринин доктору жана Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин аяктаган. Ал кыргыз, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт.
Кыргызстанды башкарган инсандар Турдакун Усубалиевге, Апсамат Масалиевге, Роза Отунбаевага, Сооронбай Жээнбековго жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго, УКМКнын генералы Анарбек Бакаевге мамлекеттик толук камсыздоодогу “Ала-Арча” резиденциясынан бирден хансарай бөлүнүп берилип, аны “дача” деп тергеп коюшкан. Ал хансарайлардын бардык чыгымдары элдин эсебинен төлөнөт.
Апсамат Масалиевдин көзү өткөндөн кийин балдары ал үйдү дароо мамлкетке өткөрүп беришкен. Ал эми Турдакун Усубалиевдин, Чыңгыз Айтматовдун, Анарбек Бакаевдин балдары ал хансарайларда бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик камсыздоодо жашап келе жатышат. Алтургай Чыңгыз Айтматовдун баласы хансарайдын жарымын хирург Мамбет Мамакеевге сатып жиберип, ал да көчүп барып кирип алган.
Буга байланыштуу КР Жогорку Кеңешинин депутаты Жеңишбек Токторбаев жаңы мыйзам долбоорун жазып, мамлекетти башкарган кишилер кызматтан кеткенден кийин 1 айдын ичинде резиденциядагы үйдү бошотуш керек деген норманы киргизип жатат.
Төмөндө мыйзам долбоорунун негиздемесинин текстин толук жарыйлайбыз:
«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору мамлекеттин бюджеттик каражаттарын жана мүлкүн рационалдуу пайдаланууга багытталган.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын Экс-Президентинин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13, 15, 16-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын экс-Президенти өмүр бою мамлекеттик күзөт менен толук өлчөмдө камсыз кылынат, ошондой эле мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою пайдаланууга берилет. Экс-президент аэропорттордун жана аэровокзалдардын, темир жол вокзалдарынын жана станцияларынын кызмат адамдары жана делегациялар үчүн залдарынан акысыз пайдаланууга укуктуу. Экс-президент мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга таандык болгон мамлекеттик байланыштарды жана байланыштын башка түрлөрүн акысыз пайдаланууга, ошондой эле байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн кезектен тышкаркы тартипте алууга укуктуу.
Жогорудагылардан тышкары, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген пенсия курагына жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин айлык маянасынын 75 пайызы өлчөмүндө ай сайын өмүр бою акчалай каржы алууга, ал эми пенсия курагына жеткенде – Кыргыз Республикасынын Президентинин айлык акысынын 75 пайызы өлчөмүндө пенсияга укуктуу. Муну менен катар, акчалай каржылоонун (пенсиянын) өлчөмү Кыргыз Республикасынын Президентинин эмгек акысынын өсүшүн эске алуу менен көбөйтүлөт.
Дүйнөлүк практикага кайрыла турган болсок, Түркия экономикалык кубаттуулугу боюнча дүйнөдөгү жыйырма мамлекеттин катарына киргендиктен, Түркиянын экс-президенттери бардык артыкчылыктардан жана кепилдиктерден пайдаланса болмок эле, а бирок Түркиянын экс-президенттери өздөрүнүн ыйгарым укуктарын тапшыргандан кийин, мамлекеттин эсебинен пенсия гана алышат.
Ушундай эле практика Украинада да калыптанган, 2014-жылдан бери бийлик мурдагы бардык чиновниктер үчүн жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды жокко чыгарганын жарыялаган.
Корея Республикасы калктын жан башына кирешеси жогору, экономикалык жактан өнүккөн мамлекет экенин баарыбыз билебиз (2018-жылдын сентябрына карата орточо эмгек акы айына 3 323 АКШ долларын түзөт, 2022-жылдын 1-январынан баштап минималдуу эмгек акы саатына 7,70 АКШ долларын түзөт). Экономикалык жактан ушундай өнүккөн мамлекеттин экс-президенти Кыргыз Республикасынын экс-президентиндей артыкчылыктарга ээ эмес.
Бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында жана аларды мамлекеттин башка маанилүү муктаждыктарына багыттоо үчүн Мыйзамга төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:
– 10-1-статья, Кыргыз Республикасынын Президентин кошпогондо, убактылуу жашаган кызмат адамдарынын өз каражаттарынын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөнү караган абзац менен толукталсын.
– 13-статья жаңы редакцияда баяндалган, анда Кыргыз Республикасынын экс-президентинин жеке каражаттарынан мамлекеттик күзөт кызматын пайдалануу укугу каралган;
– 15-статьянын 1-бөлүгү жана 16-статья күчүн жоготту деп таануу сунушталууда.
Каралып жаткан мыйзам долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт.
Сунушталган мыйзам долбоору колдонуудагы мыйзамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Сунушталып жаткан мыйзам долбоорун кабыл алуу Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.
Сунушталган мыйзам долбоору ишкердик ишин жөнгө салуу маселелерин камтыбайт, демек, жөнгө салуу таасирлерине талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт.
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык коомдук талкуулоодон өткөрүү үчүн бул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтында жайгаштырылган.
Кыргызстандын президенти жана экс-президенттердин макамына байланыштуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
Коомдук талкууга чыккан мыйзам долбоорунда экс-президенттерге берилген бир катар жеңилдиктерди алып салуу каралган. Муну менен экс-президенттерди мамлекеттин эсебинен багууну токтотуу, жансакчы алып жүрүү жана башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын өз эсебинен төлөтүү сунушу бар.
Мындан сырткары жаңы президент шайланып келгенден кийин бир айдын ичинде экс-президент мамлекеттик резиденциядан чыгып кетиши керек. Мыйзам долбоору колдоо таап, кабыл алынса мамлекет башчы катары ыйгарым укуктарын токтоткон күндөн тартып өзүнө жана үй-бүлөсүндөгү жашы жете элек балдарын акысыз медициналык тейлөө укугуна, мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою пайдаланууга берүүгө байланыштуу беренелер күчүн жоготот.
Мыйзам долбоору мамлекеттин мүлкүн жана бюджет каражатын рационалдуу пайдаланууга багытталган. Мыйзам долбоордун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев.
Эл өкүлү экономикалык жактан кубаттуу Түркия, Түштүк Кореянын кызматтан кеткен мамлекет башчыларына Кыргызстандын экс-президенттериндей артыкчылыктар берилбей турганын белгилеген.
Учурда Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамына ээ.
Мурдараак айрым активисттер алардын “экс-президент” макамын алууга байланыштуу кол топтой баштаган. Алар “өлкө кыйналып, жумушсуздук жана миграция күчөп турган маалда мурдагы мамлекет башчылар чоң суммада пенсия алып, сакчылардын кароосунда жүргөнү туура эмес” деген жүйө келтиришкен.
2020-жылдын октябрь айындагы окуялар учурунда жабыр тарткандар да экс-президент Сооронбай Жээнбековдун макамын алуу чакырыгы менен чыгышкан.
Жаңы президент Садыр Жапаров шайлоочулар менен жолугуп жүргөн учурда ушул боюнча келген суроого жооп берип жатып, Жээнбековдо “экс-президент” макамы сакталып калышы керектигин айткан.
Роза Отунбаева Кыргызстандын үчүнчү президенти. Ал өлкөнү 2010-жылдан 2011-жылга чейин башкарган. Бешинчи президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет башында 2017-жылдан 2020-жылга чейин турган.
“Өнүккөн Европа мамлекеттеринде чиновниктер жумуштарына велосипеддер менен барышат. Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон дагы жумушуна велосипед менен барып келет экен, сиз ушуну билесизби?” – деп сурады 15-июндагы Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Жеңишбек Токторбаев УКМКнын 9-кызматынын начальниги Жумгалбек Шабданбековдон.
“Биздин мамлекеттик чиновниктерди эмне үчүн мамлекеттик сакчылар кайтарат? Ал сакчыларды кайтаруудан алып салыш керек. Чиновниктер троллейбуста эле жүрүшсүн. Эмнеге алар үчүн мамлекеттик акчаларды ысырап кылабыз”, – деди эл өкүлү.
Шабданбеков “билем” деп баш ийкеп жооп берди.
“Бизде экс-президенттерден кимдерди мамлекеттик сакчылар кайтарат?” – деп тактады депутат.
“Роза Исаковна менен Сооронбай Шариповичти”, – деп жооп кайтарды УКМКнын 9-кызматынын начальниги.
“Мамлекетибиз карызга батып, бюджет эч нерсеге жетпей тартыш болуп жатса эмне үчүн Роза Исаковна менен Сооронбай Шариповичти мамлекеттин эсебинен сакчы жалдап кайтарышыбыз керек? Кайсы сиңирген эмгектери үчүн? Мамлекеттик кайтарууну алардан алып салыш керек” – деп билдирди депутат Жеңишбек Токторбаев.
КР Генералдык прокуратурасынын Тергөө башкармалыгы 2010-жылдагы июнь коогалаңына жана андагы массалык адам өлтүрүүлөргө жол берген шалаакылыктары үчүн ошол кездеги Роза Отунбаева жетектеген Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн үстүнөн козголгон кылмыш ишин тергөөдө.
“Кактус” басылмасынын укук коргоо органдарындагы булактары билдиргендей, Генпрокуратуранын Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү КР Мамлекеттик жер ресурстары агенттигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкектеги филиалынан төмөндөгү Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн дүнүйө-мүлкү тууралу маалымат талап кылган:
- Роза Отунбаева;
- Алмазбек Атамбаев;
- Азимбек Бекназаров;
- Исмаил Исаков;
- Бактыбек Алымбеков;
- Бектур Асанов;
- Кеңешбек Дүйшөбаев;
- Байтемир Ибраев;
- Кубатбек Байболов.
Тергөөчү жогоруда аталган кылмыш иштери боюнча Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн дүнүйө-мүлкүн азыр эле камакка алып, соттон кийин ал мүлктөрдү мамлекеттин эсебине конфискациялоо максатын көздөйт.
КР Генпрокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн “Кадастр” мамлекеттик мекемесине жазган катынын көчүрмөсү.