Menu

Российские телеканалы в ЦА

Казакстанда Орусиянын 15 телеканалын көрсөтүү токтотулат

“Beeline Казакстан” байланыш оператору 5-октябрдан тарта BeeTV сервиси менен “TV+Үйдөгү интернет” пакетинде Орусиянын телеканалдарын көрсөтүү токтотуларын билдирди.

Кеп “Дом кино”, “Победа”, “О!”, “Первый канал СНГ”, “НТВ МИР”, “Карусель International”, “Россия 24”, “Музыка Первого”, “РТР Планета”, “Время: далекое и близкое”, “Телекафе”, “Поехали”, “Дом кино Premium HD”, “Бобёр”, “Россия К” телеканалдары жөнүндө болууда.

Байланыш операторунун билдирүүсүндө бул телеканалдар “Еврокино”, “Любимое Кино”, “1HD music” жана “Еда Премиум HD” каналдары менен алмаштырылары белгиленген. Мындан тышкары BeeTV сервисине 13 аймактык телеканал кошулат.

Орусия Украинага басып киргенден бери Казакстанда Кремлдин мамлекеттик пропагандасынын казак жарандарына тийгизип жаткан таасири тууралуу көп айтыла баштаган.

Апрелде коомдук пикирге мониторинг жүргүзгөн Demoscope бюросу “Орусиянын Украинага басып кириши” деген темадагы социологиялык сурамжылоосунун жыйынтыгын жарыялаган. Анын авторлору казакстандыктардын көбү орус пропагандасынын таасири алдында калып, согуш тууралуу Акордонун же ата мекендик ЖМКлардын билдирүүсүнө караганда Кремлдин агрессивдүү маалыматтарын көбүрөөк кабыл алышат деген жыйынтыкка келишкен.

Февраль айында Орусия Украинага басып киргенден кийин Караганда облусундагы “Ремстройсервис” компаниясы согушка нааразылык катары орус телеканалдарын өчүргөн. Аймакта интернет жана телекөрсөтүү кызматтарын көрсөткөн компания анда “согушка жана согуш пропагандасына каршы экенин” жарыялаган. Бирок компания ошол эле күнү орус телеканалдарын кайра көрсөтө баштаган.

Меню