Menu

Россияга каршы санкциялар

Казакстан Орусияга товарлардын 106 түрүн сатууга тыюу салды

Казакстандын бийлиги товарлардын 106 түрүн Орусияга сатууга тыюу салды. Бул тууралуу KazTAG агенттиги жазды.

Басылманын маалыматына караганда, тыюу салынган товарлардын тизмесинде аскердик максатта колдонулушу мүмкүн болгон продукциялар бар.

“Биз согушка тиешеси бар жана чектөө киргизилген товарлардан башкасынын баарын экспорттойбуз. Бул 106 түрлүү товар, алардын экспортуна тыюу салынды”, – деди Казакстандын соода жана интеграция министринин орун басары Кайрат Төребаев.

Тыюу салынган товарлардын катарына негизинен чет жактарда өндүрүлгөн электр чиптери жана электрондук жабдыктар кирди. Төребаев аларды алып келүүгө уруксат берилген, бирок экспорттоого болбойт деп кошумчалады.

Май айында орусиялык “Важные истории” басылмасы, Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору (OCCRP) жана германиялык Der Spiegel басылмасы жүргүзгөн иликтөөдө Орусия санкцияларды буйтап, казакстандык компаниялар аркылуу Украинадагы согуш үчүн чиптер менен дрондорду сатып алып жатканы айтылган.

Казак бийлиги былтыр май айынан тартып аскердик максаттагы товарларды Орусияга сатууга тыюу салганын, эки максатта пайдаланылчу продукцияны экспорттоого уруксат алуу эрежесин киргизгенин айтып келет.

Ошол эле маалда казак Тышкы иштер министрлиги менчик компаниялар тыюу салынган товарлардын реэкспорту менен алектениши мүмкүн экенин, бийлик андайга жол бербөөгө аракеттенгенин билдирген.

Бабановдун "Азия парк" компаниясы Россиялык компанияларга Бишкекте кампа курбасын билдирди

Азия парк” фирмасы Бишкекте орусиялык компаниялар үчүн кампа курбай турганын айтты. “Коммерсантъ” басылмасынын жазганын төгүндөп, ал жайды кыргызстандык компаниялар колдонорун маалымдады.

“Биз кампаны “Азия” жана “Азбука” дүкөндөр түйүндөрү жана бир катар фармацевтикалык компаниялар үчүн Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык салып жатабыз”, – деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында “Коммерсантъ” Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабановдун үй-бүлөсү менен байланышы бар фирма орусиялык компаниялар үчүн Бишкектин жанында ири кампа куруп жатканын жазган. Анда басылма бул долбоордун консультанты NF Group компаниясына шилтеме берген.

“Азия парк” деп аталган комплекстин аянты 28,8 гектар, ал эми кампанын өзү 165 миң чарчы метр болот. Басылманын булактарынан алынган маалыматка ылайык, долбоорду “Траст KG” фирмасы ишке ашырарын белгилеген.

Юстиция министрлигинин маалыматында айтылгандай, бул компаниянын башчысы – Жаныбек Мырзабаев. Ал “Мбанк” коммерциялык банкынын директорлор кеңешинин мүчөсү.

“Коммерсантъ” макала жазылып жаткан чакта Мырзабаев менен байланыша албаганы, жергиликтүү басылмалар ал Бабановдун жээни экенин жазып жүрүшкөнүнө токтолгон.

Аталган басылманын бажы брокерлери арасындагы булагы Кыргызстан европалык санкция салынган жүктү жөнөтүүгө активдүү колдонулуп жатканын айтып берген.

Бабанов 2021-жылы майда “Кумтөр ишине” байланыштуу айыпталып камалган. Көп өтпөй, эки айдан кийин дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткен жана ошол жылы сентябрда Кыргызстанга кайтып келген. Ага Кой-Таш окуяларына байланыштуу дагы айып коюлган жана былтыр августта сот аны актаган.

Президент Садыр Жапаров Орусияга каршы санкциялар боюнча АКШ сенатору Боб Менендеске жооп берди

Президент Садыр Жапаров Орусияга салынган санкциялар жана АКШнын Сенатындагы Эл аралык мамилелер комитетинин башчысы Боб Менендестин бул маселе боюнча анын дарегине жолдогон катына байланыштуу “Кабар” агенттигине маек курду.

Ал Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп айтууга негиз жок экенин билдирди.

“Орусия менен Кытай кичинекей Кыргызстанга көз каранды эмес. Орусия менен Кытай – өздөрү бири-бирине кошуна өлкөлөр. 4000 километр чек ара тилкеси бар. Орусия кааласа деңиз аркылуу, кааласа темир жол аркылуу эшелон-эшелон же баржа-баржа кылып каалаган товарын ташып алат. Ооба, кыргызстандык компания дрон алып бара жаткан жеринен Казакстандан кармалды. Ал дрондор айыл чарба багытына жумшала турган дрондор болчу деп түшүндүрдү. Бирок ошентсе да биз азыр дрон жана учкучсуз аппараттарды өткөрбөй жатабыз”, – деген президент.

Ал өзүнүн дарегине сенатордон тышкары көп жактан кат келип турарын, муну “жөн гана Кыргызстанды кандай болсо дагы бир шылтоо таап, кысым кылып, өздөрү жакка тартуу” деп эсептей турганын айтты. Президент Кыргызстан эгемен мамлекет катары көп векторлуу саясат жүргүзө турганын, Украинадагы согушта башынан бери нейтралдуу позицияны кармап келатканын кошумчалады.

Мунун алдында АКШнын Сенатындагы Эл аралык мамилелер комитетинин башчысы Боб Менендес санкциялык чектөөлөр бузулган жагдайга байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылган. Ал Бишкекти Москвага Батыш салган санкциядан буйтап өтүүгө жардамдашпоого чакырганын “Америка авазы” (Voice of America – ред.) сайты жазды.

Сенатор катында Орусия Украинага каршы согуш ачкандан кийин Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда импорттук-экспорттук операциялар болуп көрбөгөндөй көбөйгөнүн белгилеген. Анда коргонуу багытындагы, анын ичинен дрон, учактын жана курал-жарактын тетиктери, ошондой эле микросхемалар өңдүү тыюу салынган буюм-тайымдарды Орусияга мыйзамсыз импорттоо жагынан Кыргызстан ага шерик болуп жатканын эскерткен.

Өткөн айда АКШнын санкциясына кабылды делген кыргызстандык компанияларга байланыштуу Улуттук коопсуздук комитети иликтөө баштаган.

Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” курган маегинде түзүлгөн жагдай жана мындан аркы кызматташууну талкуулоо үчүн АКШ өкүлдөрү менен жолугушуу пландалып жатканын айткан. Ал кыргыз тарап санкциянын алкагында кооптонуу жараткан товарларды чогуу карап чыгууга даяр экенин билдирген.

Ал АКШ жана Европа өлкөлөрү Кыргызстандын жана Евразия экономикалык биримдигинин аймагына кирген кайсы товарлар жана өнүмдөр санкцияга илиниши ыктымалдыгы тууралуу маалымат бере электигин белгилеген. Ошентсе да, кыргыз бийлиги экспорттук көзөмөл тизмесине киргизилген товарларды дыкат текшере баштап, буга байланыштуу электрондук счет-фактураны колдонууну күчөткөнүн айткан.

Анын алдында АКШнын Каржы министрлиги Орусиядагы 120дан ашуун компания менен катар Кыргызстанда катталган төрт ишканага да санкция салган. Аталган мекеменин маалыматында айтылгандай, “кара тизмеге” илинген компаниялардын айрым жабдуулары орустардын Украинага каршы колдонулган курал-жарактарынан табылган.

Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компанияларынан товар алып турган Орусиядагы бир катар ишканалар да санкциялык тизмеге кошулган.

“Азаттык” буга чейин Орусиянын согушка жардамдашып жаткан компаниялары менен кызматташуусу ыктымал делген кыргызстандык ишканалар боюнча атайын иликтөө жасаган.

Буга чейин АКШ Кыргызстандагы “Тро, Я” аттуу компанияга да санкция салган.

АКШ сенатору Боб Менендес кыргыз президенти Садыр Жапаровду Москвага Батыш салган санкциядан буйтап өтүүгө жардамдашпоого чакырды

АКШнын Сенатындагы Эл аралык мамилелер комитетинин башчысы Боб Менендес санкциялык чектөөлөр бузулган жагдайга байланыштуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды.

Ал анда Бишкекти Москвага Батыш салган санкциядан буйтап өтүүгө жардамдашпоого чакырды. Бул тууралуу “Америка үнү” (Voice of America – ред.) сайты жазып чыкты.

Сенатордун Жапаровго жолдогон катында Орусия Украинага каршы согуш ачкандан кийин Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда импорттук-экспорттук операциялар болуп көрбөгөндөй көбөйгөнүн белгилеген. Анда коргонуу багытындагы, анын ичинен дрон, учактын жана курал-жарактын тетиктери, ошондой эле микросхемалар өңдүү тыюу салынган буюм-тайымдарды Орусияга мыйзамсыз импорттоо жагынан Кыргызстан ага шерик болуп жатканын эскерткен.

“Сиздин өкмөтүңүздү ушундай санкциялык чектөөлөрдүн бузулушу тууралуу айыптоолорду чукул иликтөөгө, өлкөңүз аркылуу товарлардын мыйзамсыз өтүшүнүн алдын алган ишенимдүү жол-жоболорду орнотууга чакырам”, – деп жазылган катта.

Менендес “Кыргызстандын Орусияга салынган эл аралык санкциялар боюнча эрежелерди сактай албаганы – демократиядан жана адам укугун сактоодон чегинип жатканынын белгиси” деген кооптонуусун билдирди.

Сенатор азыркы өкмөт “журналисттердин жана эркин медиалардын укугун бир канча жолу бузуп, укук коргоочуларды жана жарандык коомду чектегенин” белгилеген.

“Бир кезде Борбор Азиядагы демократиянын көрсөткүчү болгон Кыргыз Республикасы автократиянын кооптуу жолуна түштү. Мен көз карандысыз бардык медиаларга коюлган чектөөлөрдү алып, абакта жаткандарды бошотуп, эркин чогулуу укугуна коюлган чектөөлөрдү жокко чыгарууга чакырам”, – деген Менендес.

Садыр Жапаров жана анын администрациясы буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Өткөн айда АКШнын санкциясына кабылды делген кыргызстандык компанияларга байланыштуу Улуттук коопсуздук комитети иликтөө баштаган.

Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” курган маегинде тзүлгөн жагдай жана мындан аркы кызматташууну талкуулоо үчүн АКШ өкүлдөрү менен жолугушуу пландалып жатканын айткан.

“Кайсы өнүмдөр жана товарлар санкциянын алкагында кандай кооптонуу жаратып жатканын чогуу карап иш жүргүзгөнгө толук даярбыз”, – деген министр.

Ал АКШ жана Европа өлкөлөрү Кыргызстандын жана Евразия экономикалык биримдигинин аймагына кирген кайсы товарлар жана өнүмдөр санкцияга илиниши ыктымалдыгы тууралуу маалымат бере электигин белгилеген.

Амангелдиев буга карабай кыргыз бийлиги экспорттук көзөмөл тизмесине киргизилген товарларды дыкат текшере баштап, буга байланыштуу электрондук счет-фактураны колдонууну күчөткөнүн айткан.

Анын алдында АКШнын Каржы министрлиги Орусиядагы 120дан ашуун компания менен катар Кыргызстанда катталган төрт ишканага да санкция салган. Аталган мекеменин маалыматында айтылгандай, “кара тизмеге” илинген компаниялардын айрым жабдуулары орустардын Украинага каршы колдонулган курал-жарактарынан табылган.

Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компанияларынан товар алып турган Орусиядагы бир катар ишканалар да санкциялык тизмеге кошулду.

“Азаттык” буга чейин Орусиянын согушка жардамдашып жаткан компаниялары менен кызматташуусу ыктымал делген кыргызстандык ишканалар боюнча атайын иликтөө жасаган.

Буга чейин АКШ Кыргызстандагы “Тро, Я” аттуу компанияга да санкция салган.

Адатта “кара тизмеге” киргизилген компаниялар эл аралык деңгээлде иш жүргүзө албайт жана Батыш өлкөлөрүндөгү ишканалар менен кызматташуусуна жол жабылат. Андай компанияларды тейлөөгө да тыюу салынат.

Кыргызстандык 6 банк АКШнын санкциясына кабылган Россиянын "Юнистрим" акча которуу системасы менен кызматташууну токтотту

Кыргызстандын алты, Тажикстандын үч жана Өзбекстан менен Казакстандын экиден банкы “Юнистрим” акча которуу системасы менен кызматташууну токтотту. Буга аталган системанын АКШнын санкцияларына кабылышы себеп болду.

Кыргызстанда “Компаньон”, Finсa банк, “РСК Банк”, “Халык Банк” жана “Капитал Банк” “Юнистрим” менен кызматташууну чектегенин Economist.kg басылмасы жазды.

24-июлда Өзбекстандын “Халк-банкы”, “Ипотека-банкы” жана “Капиталбанкы” аталган система менен иштешүүнү токтотконун жарыялашты. Бул тууралуу “Фергана ньюс” агенттиги жазды.

Казакстанда “Казпочтасы” жана “Нурбанк” банктары “Юнистрим” менен мындан ары иштешпей турганын жарыялашты.

ТАСС агенттиги жазгандай, Тажикстанда бул система менен “Ориенбанк” жана “Хумо” банкы кызматташууну токтотту.

Мындан тышкары Армения менен Грузиянын бир катар банктары да ушундай эле чечим кабыл алганы кабарланды.

Орусиянын “Юнистрим” акча которуу системасына санкция киргизилгени 20-июлда жарыяланган. Бул система отуздан ашык мамлекетке, анын ичинде Кыргызстанга акча которуу менен алектенчү.

АКШ бир нече кыргыз компаниясына санкция салды

АКШнын Каржы министрлиги Орусияга микрочиптерди жана башка технологияларды жөнөткөн төрт кыргыз компаниясына санкция салды.

20-июлда жарыяланган маалыматка ылайык, Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компанияларына жана алардан товар алып турган орусиялык ишканалар (“Базис Трейд Прософт”, “Радиотехснаб”, “Регион-проф”, “Технологии, системы и комплексы”, “СиАйСи”) АКШнын кара тизмесине киргизилди.

“Кыргызстанда жайгашкан ишканалар Орусия Украинадагы толук масштабдуу баскынчылыгын баштагандан бери санкция салынган электрондук компоненттерди жана башка технологияны Орусияга утур-утур жөнөткөн экспорттоочуларга айланган. Алар жөнөткөн товарлардын айрымдары Орусиянын коргоо тармагындагы ишканаларды кош багыттагы товарлар менен жабдыган”, – деп айтылат Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинин расмий билдирүүсүндө.

Буга кошумча АКШ Орусиядагы бир катар ишканаларга жана Бириккен Араб Эмираттарындагы бир компанияга да санкция салды.

20-июлда Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) АКШнын санкциялык чектөөсүн бузууга байланыштуу иликтөө баштаганын билдирип, кыргыз бийлиги санкциялык чектөөлөрдү бузбаганын, ошол эле маалда жеке компаниялар билбестиктин айынан мындай кадамга барышы ыктымалдыгын белгилеген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун бир нече кызматынын июнь айындагы иликтөөсү Бишкекте былтыр ачылган RM Design and Development ишканасы жана “ГТМЕ Технологии” жабык акционердик коому Кыргызстандан Орусияга Батышта чыгарылган, санкцияга туш болгон микрочиптерди жөнөтүп жатканын көрсөткөн. RM Design and Development компаниясынын кожоюндары бул товарлар тууралуу комментарий берүүдөн баш тарткан. “ГТМЕ Технологии” ишканасынын жетекчилиги “коммерциялык сыр” деген жүйө менен Орусияга жөнөтүлгөн микрочиптер тууралуу маалымат берген эмес.

Буга чейин АКШ Кыргызстандагы “Тро, Я” аттуу компанияга да санкция салган.

FT: Европадан Кыргызстанга, Казакстанга, Арменияга жөнөтүлгөн 1 миллиард долларлык товар Россиянын аймагында эле "жок болуп кеткен"

2022-жылы Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөрдөн Кыргызстанга, Казакстанга жана Арменияга жөнөтүлгөн 1 миллиард доллардан ашык суммага бааланган товарлар Орусия аркылуу өткөндө “жоголуп кеткен”. Бул тууралуу Financial Times (FT) басылмасы жазды.

Ачык маалыматтарга ылайык, Орусия Украинага бастырып киргенден бери ЕБ өлкөлөрүнөн транзит деген шылтоо менен Орусияга 2 миллиард долларлык товар кирген. Ошол эле маалда басылма Евробиримдиктен Орусияга мындай жол менен жөнөтүлгөн экспорттун чыныгы көлөмү кыйла жогору экенин белгилөөдө.

“Мисалы, Орусияга экспорттоого тыюу салынган учактын тетиктери, оптикалык жабдыктар жана газ турбиналары өңдүү товарлар Орусиянын аймагынан транзит катары өтөрү көрсөтүлүп, чындыгында ЕБден түз эле Орусияга жеткирилип турган”, – деп жазды Financial Times.

Ошол эле маалда Евробиримдиктен Орусияга коңшулаш жайгашкан өлкөлөргө айрым товарлар өтө көп көлөмдө импорттоло баштаган. Бул товарлар кийин Орусияга жеткирилген деп болжолдонууда.

Буга чейин Евробиримдик санкциялык товарларды Орусияга көмүскө алып кирүүгө каршы күрөшөрүн бир нече жолу билдирген. Майдын башында ЕБ мындай товарларды Орусиянын аймагы аркылуу алып өтүүгө тыюу салган.

Бул арада ЕБ санкциянын 11-топтомун жарыялап, ага Казакстан, Түркия, Кытай жана Өзбекстан дагы кирери жөнүндө маалыматтар айтылып жатат. Санкциялардын кезектеги айлампасы жакынкы күндөрү кабыл алынат. Ага Орусиянын дагы 72 жараны менен 31 компаниясы кирет.

Батыш мамлекеттери тыюу салынган техника Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу Орусияга кирип жатат деп күмөн санашат.

Орусияга каршы жаңы санкциялар Өзбекстан менен Казакстанга да таасирин тийгизиши мүмкүн

Европа Биримдигинин (ЕБ) санкцияларынын 11-топтому үчүнчү өлкөлөргө, анын ичинде Өзбекстан менен Казакстанга да таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен Киевге жасаган сапарында билдирди.

Анын айтымында, санкциялардын жаңы топтомунда үчүнчү өлкөлөр аркылуу Орусияга жеткирилип жаткан тыюу салынган товарлардын тизмесин кеңейтүү каралган.

“ЕБ бүгүнкү күндө мындай жолдор менен санкцияларды кыйгап өтүүнү токтото турган жаңы ыкмаларды түзүүнү пландоодо. Эгер европалык товарлар үчүнчү өлкөлөр аркылуу Орусияга жеткирилип жатканын көрсөк, анда ЕБ өлкөлөрүнө ал товарлардын экспортуна санкция салууну сунуштайбыз”, – деди фон дер Ляйен.

Санкциялардын жаңы топтомундагы экспорттук чектөөлөр биринчи кезекте технология жана авиациялык индустрия тармактарындагы товарларга тиешелүү болот деп болжолдонууда.

DPA агенттиги өз булактарына таянып кабарлагандай, ЕБдин тизмесине Орусиянын санкцияларды айланып өтүүсүнө көмөктөшүп жаткан өлкөлөр катары Казакстан, Армения жана Бириккен Араб Эмираттары киргизилген.

Буга чейин америкалык Bloomberg агенттиги өз булактарына шилтеме кылып, бул механизмдин “алгачкы бутасы” Борбор Азия өлкөлөрү болушу мүмкүн экенин белгилеген.

Күн мурун Politico басылмасы санкциялардын 11-топтомунун документтери менен таанышып чыкканын жана анын “эң ыктымал бутасы” Казакстан менен Өзбекстан экенин жазган.

Урсула фон дер Ляйендин Киевге сапары ЕБде Европа күнү белгиленип жаткан күнгө туш келди. Буга чейин Владимир Зеленский Украинада да 9-майда Европа күнүн белгилөө тууралуу буйрук чыгарган. Эми Украина башка көптөгөн Европа өлкөлөрүндөй эле Жеңиш күнүн 8-майда майрамдайт.

Bloomberg: экинчи даражадагы санкциялардын бутасы Борбор Азия өлкөлөрү болушу мүмкүн

Евробиримдик өлкөлөрү экинчи даражадагы санкциялардын механизмин түзүүдө. Бул Орусияга санкцияларды айланып өтүүгө жардам берген өлкөлөгө чектөөлөрдү киргизүүгө мүмкүндүк берет.

Механизмдин биринчи бутасы Борбор Азия өлкөлөрү болушу мүмкүн. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги окуядан кабардар жашыруун булактарына таянуу менен билдирди.

“Бул куралдын негизги максаты – үчүнчү өлкөлөрдүн Орусияга жардам беришин чектөө жана Москва колдоно турган соода каналдарын жабуу болот. Эгер бул ишке ашпаса, альянс экинчи кадам катары максаттуу чектөөлөрдү киргизе алат”, – деп билдирди Bloomberg.

Агенттик Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга каршы санкциялар киргизилгенден кийин бул өлкөгө Казакстан, Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, Кытай жана башка өлкөлөрдөн бир катар товарлар, атап айтканда, “жарым өткөргүчтөр, интегралдык микросхемалар жана башка технологиялардын импорту кескин көбөйгөнүн белгиледи.

ЕБ Орусия бул компоненттерди дрондорду жана ракеталарды иштетүү үчүн керектеп жатканын ырастоодо.

Агенттиктин маалыматына караганда, 19-21-май аралыгында Жапонияда өтө турган “Чоң жетилик” саммитине чейин ЕБ ичинде механизмди макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кайсы товарлар жана өлкөлөр экинчи даражадагы санкциялардын тизмесине кирери боюнча чечимди шаркеттин мүчөлөрү бир добуштан кабыл алышы керек.

Агенттик бул механизм жакынкы келечекте Кытайга каршы колдонулушу күмөн экенин, бирок анын “негизги багыты” Борбор Азия мамлекеттери жана “Орусиянын түз коңшулары” болорун жазган.

Европа Биримдиги Орусияга каршы санкцияларды бузган өлкөлөргө көбүрөөк көңүл бура баштайт

Европа Биримдиги (ЕБ) Пасха майрамына карата жарыяланган эс алуу күндөрүнөн кийин дароо Москвага каршы санкциялардын 11чи пакетин киргизүү ишин баштоону пландап жатат.

Бирок бул жолкусунда Брюссель Орусиянын өзүнө эмес, ага чектөөлөрдү кыйгап өтүүгө жардам берип жаткан өлкөлөргө көбүрөөк көңүл бурат.

Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйендин айтымында, Батыш өлкөлөрү мындай жол менен Орусияны бардык ресурстарга жетүү мүмкүндүгүнөн ажыратууну каалап жатат. “Биз 10чу пакетке Орусияга жардам берип жаткан жеке тараптарды, компанияларды, юридикалык жактарды, анын ичинде үчүнчү өлкөлөрдү да санкциялык тизмеге киргизүү мүмкүндүгүн кошконбуз. Бул албетте жетишсиз, ошондуктан санкциялардын 11чи пакети негизинен чектөөлөрдү кыйгап өтүү маселелерине байланыштуу болот”, – деди Еврокомиссиянын башчысы.

Буга чейин киргизилген санкциялардын 10 топтомунда Орусияга авиациялык кыймылдаткычтарды, жүк ташуучу автоунааларга тетиктерди, курулуш тармагында колдонулуучу жабдууларды, анын ичинде оор техникаларды экспорттоого тыюу салынган. Мындан тышкары кош максаттарга пайдаланыла турган товарлар менен технологияларга да чектөөлөр киргизилген. Бул алардын аскердик максаттарда да колдонулушу мүмкүн экендигине байланыштуу.

Бүгүнкү күндө Орусияга паралеллдүү импорттун негизги булактары катары Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Кытай, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан эсептелинет. 9-мартта Түркия санкциялык тизмедеги товарларды ЕБ өлкөлөрүнөн Орусияга өткөрүүнү токтоткон.

Меню