Menu

Россиянын кыргыз азык түлүктөрүнө дооматтары

Орусия Кыргызстандан сүт азыктарын ташууга уруксат берүү үчүн шарттарды атады

24-апрелде Москвада Кыргызстандын айыл чарба министринин орун басары Самат Насирдинов менен Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Россельхознадзор) башчысы Сергей Данкверт жолукту. Бул тууралуу маалымат Россельхознадзордун сайтына 25-апрелде жарыяланды.

Мекеме жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү ЕАЭБ өлкөлөрүнө жүк ташыгандардын реестрине киргизүүдө жана Орусияга азык-түлүк экспорттоону көзөмөлдөөдө кыргызстандык адистер “формалдуу мамиле жасай турганы ырасталганын” билдирген.

Ошондой эле сүт ташыган компанияларды текшерүү учурунда лейкоз, паратуберкулез жана бодо малдын жугуштуу плевропневмониясы боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы берилбегени, шарп ылаңына каршы эмдөөнүн натыйжалуулугун тастыктаган документтер болбогону да жазылган.

Балыкка байланыштуу текшерүүнүн жыйынтыгы да ушундай болуп чыкканы, ал эч кандай ветеринардык күбөлүгү жок ташылып келгени жазылган.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Данкверт Россельхознадзордун текшерүүлөрүнөн кийин гана Кыргызстандын сүт азыктарын жана балыкты Орусияга киргизүүгө уруксат берилиши мүмкүн экенин билдирди.

Жакында тиешелүү органдардын өкүлдөрү Кыргызстандын балыкты кайра иштетүүчү эки ишканасын видеотекшерүүнү макулдашып, андан кийин сүт азыктарын өндүргөн ишканаларды карап чыгары айтылды.

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги сүйлөшүү тууралуу маалымат бере элек.

Россельхознадзор мекемеси 21-апрелден тартып Кыргызстандан сүт азыктарын ташып келүүгө тыюу салган. Расмий маалыматта мындай чечим 10-16-апрель күндөрү сүт фермалары жана сүт чогулткан жайлар текшерилгенден кийин кабыл алынганы жазылган.

Ушул айдын башында Россельхознадзор кыргызстандык “Тойбосс” компаниясынын колбасасынан чочконун ДНКсы табылганын билдирип, Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл кызматтарынын ишин чабал деп баалаган. Адал азыктарды чыгарганын билдирген “Тойбосс” компаниясы дооматты четке каккан.

Ага чейин, февраль айында Россельхознадзор кыргыз балыктарынан зыяндуу заттар табылганын кабарлаган. Айрым талдоочулар орусиялык мекемелердин удаалаш билдирүүлөрүн атайын жасалган экономикалык тоскоолдук деп мүнөздөп жатышат.

Меню