Menu

Россия-Беларус

Кыргызстанга ташылып келе жаткан 500дөй автоунаа жыл башынан бери Беларуста кармалып турат

Кыргызстанга ташылып келаткан 500дөн ашык автоунаа жыл башынан бери Беларуста кармалып турат. Бул тууралуу журналисттерге машине ташып иштеген ишкелердин бири Данияр Салякаев билдирди

Анын айтымында, Беларус бажысы автоунаалар жүктөлгөн вагондорду, автотрейлерлерди да өткөрбөй жатат.

“Эмне үчүн кармап жатышкан себебин айтышкан жок, текшерүүнүн убактысы тууралуу да бизге маалымат берилген эмес. Бажычылар оозеки түрдө гана документтер текшерилет деп айтууда. Бизге машинелер кармалып турган токтоочу жайлар тууралуу гана квитанция беришти. Алгач 15-мартта өткөрөт дешкен, эми апрелдин аягына чейин деп жатышат. Автоунаа токтоочу жайдын акысы же айып пул деп, колубузга чоң суммадагы акчаны төлө деп койсо кандай болот деп чочулап жатабыз”, – деди ал.
Салякаевдин айтымында, бул көйгөйгө АКШдан, Европадан Кыргызстанга унаа ташып келе жаткан бардык ишкерлер дуушар болууда.
Ишкерлердин суранычы менен бул маселе боюнча Кыргызстандын Минскидеги элчиси Эрмек Ибраимов Беларустун Бажы комитетинин төрагасы Владимир Орловский менен жолугуп, сүйлөшкөн. Анда беларус тарап 2022-жылдын сентябрынан тартып, кыргызстандык автоунаа ташуучулар ЕАЭБге алып кирип жаткан машинелерге анализ жүргүзө баштаганын билдирген. Мунун себеби катары автоунаалардын баасы документтерде төмөндөтүлүп көрсөтүлүп келгенин белгилешкен.
Кыргызстандык ишкерлер бул маселеге көңүл буруп, маселени ЕАЭБ алкагында, уюмдун экономикалык комиссиясынын кароосуна алып чыгууну кыргыз өкмөтүнөн суранууда.
АКШ, Европа өлкөлөрүнөн автоунаалар Кыргызстанга алгач Литва, андан Беларус аркылуу алып келинет. Мындан тышкары, Абхазиядан Орусияга, андан кийин Кыргызстанга алып келинген автоунаалар бар.

Кыргызстан менен Беларус Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү. Бул уюмга мүчө мамлекеттердин ортосунда товарлар эркин жүгүртүлүшүнө шарт түзүлүшү керек. Бирок ЕАЭБ шарттарына ылайык, Кыргызстанга биримдиктен башка өлкөлөрдөн автоунаа алып кирүүнүн салыгы кымбаттап, ал эми оң рулдуу машинелерге таптакыр тыюу салынган. Сырттан ташылып кирген автоунааларга чыккан жылына жана кыймылдаткыч күчүнө карата бажы төлөмү алынат.

Орусия 2030-жылга карата Беларусту оккупациялап алууну пландоодо – иликтөө

Орусияда 2030-жылга чейин ишке ашырылышы керек болгон “Беларусту өз аймагына кошуп алуу” планы иштелип чыккан. Бул тууралуу орусиялык “Досье” борбору жазды.

Журналисттер изилдеп чыккан документ “Орусия Федерациясынын беларус багытындагы стратегиялык максаттары” деп аталат. 2021-жылы даярдалган план 17 беттен турат. Аны Орусиянын президенттик администрациясы, Тышкы чалгын кызматы, Федералдык коопсуздук кызматы, Башкы чалгындоо башкармалыгы жана Башкы штабы иштеп чыккан.

Орусия бийлигинин документте көрсөтүлгөн саясий, коргонуу, соода жана социалдык максаттары үч категорияга бөлүнгөн – кыска мөөнөттүү (2022-жылга чейин), орто мөөнөттүү (2025-жылга чейин) жана узак мөөнөттүү (2030-жылга чейин).

Документте беларус тилине карата орус тилинин үстөмдүгүн орнотуу, беларус мыйзамдарын Орусиянын мыйзамдарына ылайыкташтырып өзгөртүү жана өлкөнүн коомдук-саясий, соода, илимий жана маданий турмушун өзүнө баш ийдирүү сыяктуу Кремлдин глобалдык максаттары тизмектелген.

Соода-экономикалык мамилелерди шайкеш кылуудан тышкары Орусия 2030-жылга чейин Беларустун аскердик-саясий тармагын өз көзөмөлүнө алууну пландоодо. Орус чалгынынын планды ишке ашыруудагы негизги милдеттерине “улутчул жана батышчыл” күчтөрдүн таасирин чектөө, Беларус Конституциясын реформалоо ишин Орусиянын кызыкчылыгын эске алуу менен бүткөрүү киргизилген.

Ошондой эле Орусиянын президенттик администрациясы аталган он жылдыктын соңуна чейин Беларустун маалыматтык мейкиндигин өз көзөмөлүнө алууга ниеттенүүдө. Бул үчүн орусиялык ЖМКлардын санын көбөйтүү жана беларус калкынын арасындагы маалыматтык таасирди күчөтүү пландалган. Мындан тышкары документте Орусия “интеграцияга кызыкдар болгон орусиялыктардын катмарын түзүү жана орус базарына ыктаган ишкерлерди көбөйтүү максатында” беларус жарандарына орус жарандыгын жеңилдетилген тартипте берүү жараянын баштай тургандыгы жазылган.

Москва 2030-жылга карата Беларуста бирдиктүү мамлекеттик сынактарды тапшыруучу жайларды, Могилев, Гродно жана Витебск шаарларында жаңы илим жана маданий борборлорду ачууга ниеттенүүдө. Журналисттер бул борборлор “Россотрудничество” мекемесинин өкүлчүлүктөрү болот деп эсептөөдө. Көпчүлүк учурларда чет өлкөлөрдөгү орусиялык тыңчылар “Россотрудничествонун” өкүлчүлүктөрүнө жамынып иш алып барышат.

Меню