Menu

Россия-Казакстан

Казакстан Орусия менен түзүлгөн теңгенин жана рублдин өз ара конвертациясы тууралуу келишимден чыгат

Казакстан теңге менен орус рублинин алмашуу курсунун өз ара конвертацияланышын жана туруктуулугун камсыз кылуу боюнча Орусия менен түзүлгөн келишимди денонсация кылууга ниеттенүүдө. Тиешелүү токтом долбоору нормативдик-укуктук актылар порталына жарыяланды.

Долбоор 20-январга чейин коомдук талкууда болот. Негиздеме-маалымкатта “келишимдин предмети болгон бардык маселелерди толук жөнгө салган” мыйзамдар буга чейин кабыл алынып, макулдашуу өз актуалдуулугун жоготкону жазылган.

Документтин авторлору белгилегендей, макулдашууда каралган чаралардын көбү буга чейин ишке ашырылган. Калган узак мөөнөттө аткарыла турган чаралар “Бажы биримдиги”, “Бирдиктүү экономикалык мейкиндик” жана “Евразия экономикалык биримдиги” сыяктуу ортодогу эл аралык келишимдерге, ошондой эле эки өлкөнүн башка мыйзамдарына киргизилген.

Bizmedia.kz басылмасынын маалыматына караганда, 1990-жылдардын башында кол коюлган макулдашуунун негизги максаты – эки өлкөнүн валюталарынын ортосундагы алмашуу курсун акырындык менен турукташтыруу, ошондой эле алардын башка валюталар менен эркин конвертацияланышына мүмкүндүк түзүү болгон. Макулдашууда ошондой эле Орусиянын Борбордук банкы менен Казакстандын Улуттук банкы жүргүзгөн курс саясатын ишке ашырууда рублдин жана теңгенин долларга карата кросс-курсун колдонуу каралган.

Ал ортодо айрым скептиктер макулдашууну денонсациялоо боюнча кооптонууларын айтып, Казакстан сырттан алган товарлардын дээрлик жарымы Орусиядан келерин билдирүүдө.

Эрдоган: Түркия Казакстандын аймактык бүтүндүгүн колдойт

Анкара Казакстандын суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдойт. Бул тууралуу Астанага сапар менен келген түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган билдирди.

Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча саммитке келген Эрдоган Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Эрдоган эки өлкөнүн “түбөлүк” биримдиги жана кызматташтыгы жөнүндө айтып, Казакстанды “боордош” мамлекет деп атады.

Токаев да Түркияны “боордош” мамлекет деп атап, Анкарага май айында барган учурда кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө билдирүүгө кол коюлганын белгиледи.

Токаев Орусияны кыйгай өтүп, Кытай менен Европаны бириктирген Транскаспий каттамы боюнча жүк ташууну көбөйтүүгө кызыктар экенин айтты. Орусия Украинага кол салгандан бери бул каттам боюнча жүк ташуу эки эсеге көбөйгөн. Москванын агрессиясына байланыштуу көптөгөн коммерциялык компаниялар антиорусиялык санкцияларга кабылып калбоо үчүн Орусия аркылуу өткөн жолдордон пайдаланууну каалабай калышты.

Кытайдан башталган транспорттук коридор Казакстан аркылуу Каспий деңизинин акваториясы, андан ары Азербайжан, Грузия, Түркия аркылуу Европага жол чыгат. Ал 2017-жылы ишке берилген. Казакстан соңку айларда бул каттамды активдүү түрдө өнүктүрүү зарылдыгын айтып келет.

Путиндин Казакстанга келишине каршы чыккандар көбөйүүдө

Алматы шаарында полиция кызматкерлери Орусия консулдугунун алдына нааразылык акциясына чыккан төрт активистти кармап кетти.

Акциянын катышуучулары орус президенти Владимир Путиндин 12-октябрга белгиленген Астанага сапарына нааразылык билдирүү үчүн чыгышкан. Бул тууралуу  казак  ЖМКлары жазып чыгышты.

Митингге чыккандар Орусия консулдугунун имаратына жетип, талаптарын айтууга үлгүрүшкөн жок. Жолдо аларды полиция кармап, автозакка салып кетти.

Полиция кармоонун себебин түшүндүргөн жок.

12-14-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Астанада болору кабарланган. Бул арада соцтармактарда Путиндин Казакстанга келишине каршы чыккандар көбөйүүдө. Укук коргоочулар, саясатчылар жана жөнөкөй жарандар Украинадагы согушту айыптап, сапарды жокко чыгарууну талап кылууда. Казак аткаминерлери Путиндин сапары өтө маанилүү экенин белгилеп жатышат.

Астанада 13-октябрда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммити, 14-октябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны, ушул эле күнү “Борбор Азия – Орусия” форматындагы 1-саммит болот.

Казакстанда жарандарды түндүк аймактарга көчүрүү программасын кайра карап чыгуу пландалууда

Казакстандын бийлиги жашоочуларды “жумушчу күчү көп” аймактардан “жумушчу күчү тартыш” аймактарга көчүрүү программасын кайра карап чыгууну пландап жатат.

Өлкөнүн Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата калкты көчүрүү боюнча пландуу көрсөткүч 71% аткарылды.

“Суук түшкөнүнө байланыштуу түштүктөн көчүүнү каалагандардын активдүүлүгү азаят, демек квотанын аткарылбай калуу коркунучу жогорулайт. Бүгүнкү күнгө карата квота Павлодар облусунда 1000, Түндүк Казакстан облусунда 500, Костанай облусунда 362 адамга аткарылган жок”, – деди министр Тамара Дүйсенова.

Эмгек министрлиги жер которгон үй-бүлөлөрдүн эмгекке жарамдуу мүчөлөрүнүн иш менен камсыз болуу деңгээли төмөн деген жыйынтыкка келген. Мекеменин маалыматына караганда, Акмоло, Түндүк Казакстан жана Павлодар облустарына көчүп баргандардын 58,5 пайыздан 67 пайызга чейинкиси иш менен камсыз болгон. Ошол эле маалда алардын 54,4% гана пенсиялык фондго акча чегеришет.

Министрдин айтымында, жаңы эрежеге ылайык мындан ары жарандар жумуш орундары бар аймактарга гана көчүрүлөт. Буга байланыштуу адамдар көчүп бара турган аймактардын акимчиликтерине жарандардын көчүп баруусун стимулдаштыруу жана аларды ишке орноштуруу боюнча жол картасын түзүү милдети жүктөлдү.

Казакстанда 2017-жылдан бери жарандарды “өзүнүн каалоосу менен” түштүктөн түндүк аймактарга көчүрүү программасы иштейт. Андан бери миңдеген үй-бүлө жер которгон. Бирок жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, акыркы жылдары көчүп баргандардын саныазайган. Буга ал аймактардагы турак жайдын жетишсиздиги жана жергиликтүү инфраструктуранын өнүкпөгөндүгү себеп болушу мүмкүн.

Меню