Menu

Россия-Тажикстан

Орусияда ОМОН 100дөн ашык тажикстандык студентти сабады

Орусиянын Комсомольск-на-Амуре шаарында билим алып жаткан тажикстандык студенттер ОМОН тарабынан катуу сабалганын билдиришти.

Азырынча бул окуя боюнча Орусия менен Тажикстандын бийлик органдары эч кандай комментарий бере элек.

Студенттердин айтымында, окуя 19-май күнү эртең менен Техникалык университеттин жатаканасында болгон.

“ФСБ кызматкерлеринин коштоосунда келген ОМОНчулар алгач жатаканадагы видеобайкоо камераларын өчүрүп, андан соң эч кандай мыйзам бузбаган студенттерди ур-токмокко ала башташты. Алар беткап кийип, тапанча жана электр шокерлер менен куралданган. Колдоруна кастет сыяктуу атайын колкаптарды кийип алышкан. Жатаканада башка улуттагы студенттер да бар болчу, бирок эмнегедир тажикстандыктарды гана сабашты. Кийин баарын тизип алып документтерин текшеришти”, – деди тажикстандык студенттердин бири.

Ал ОМОНчулар алты тажик студентин кармап кетип, сурактан кийин кайра кое беришкенин билдирди.

“Ур-токмоктон улам 15 студент олуттуу жаракаттарды алды. Алардын айрымдарына операция талап кылынууда”, – деп кошумчалады ал.

Студенттер 20-майда Тажикстандын Орусиядагы элчилигине телефон чалып, жардам сурашкан.

Буга чейин “Озоди” радиосу акыркы апталарда Орусияда тажик мигранттарына карата рейддер күчөгөнүн кабарлап, аларга ырайымсыз мамиле жасалып жатканы тартылган бир нече видеотасманы жарыялаган.

Өткөн жумада Москва облусундагы Котельники шаарынын тургундары мигранттардын “ээн баштыгын” токтотуу өтүнүчү менен Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жасашкан. Алар шаарда “тажик анклавы” түзүлгөнүн жана “жашоо кооптуу болуп калганын” айтышкан.

19-майда Президентке караштуу улуттар аралык мамилелер боюнча кеңештин жыйынында сүйлөгөн Путин мигранттар Орусиянын эрежелери менен салт-санаасын сыйлашы керектигин айткан.

Тажикстан иран дрондорун Орусияга жеткирип жатканы тууралуу маалыматты четке какты

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги украиналык журналист жана блогер Дмитрий Гордондун Тажикстан Орусияга Украинанын айыл-шаарларына чабуул жасоо үчүн сокку уруучу дрондорду берип жатканы жөнүндө айтканын четке какты.

Тажикстан ТИМинин 30-октябрда жарыялаган билдирүүсүндө “Украин блогери Дмитрий Гордондун 2022-жылдын 28-октябрдагы “В гостях у Гордона” онлайн-берүүсү учурунда Тажикстан аймагында Ирандын украиналыктарды өлтүргөн дрондору өндүрүлүп жатканы тууралуу сөзүн четке кагабыз. Тажикстан Республикасы аскердик техниканы үчүнчү өлкөгө экспорттобой турганын белгилейбиз”, деп айтылган.

Гордон берүү учурунда Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинен бул маалымат жалган болсо четке кагууну сураган.

Быйыл майда ЖМКларда Иран Тажикстанда Ababil-2 учкучсуз учактарын чыгаруу боюнча завод ачканы кабарланган.

Анда Ирандын Башкы штабы объектинин ачылыш аземине штабдын башчысы Мохаммад Бакири менен Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзо катышканын маалымдаган.

Бирок Орусия Ирандан “Шахед” жана “Мохажер” дрондорун сатып алып жатканы айтылууда.

Тажикстан да Орусиянын "Мир" карталарын тейлөөнү токтотту

Тажикстандагы “Душанбе Сити” банкы техникалык мүчүлүштүктөрдөн кийин Орусиянын “Мир” төлөм системасынын карталарын тейлөөнү токтотту.

ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, учурда аталган банктын банкоматтары менен РОS-терминалдары “Мир” карталарын кабыл албай жатат.

Банктан техникалык көйгөйлөр 23-сентябрда башталганын билдиришкен.

“Душанбе Сити” карта колдонуучуларынын саны боюнча Тажикстанда экинчи орунда турган банк.

Тажикстанда “Мир” карталарын эки гана банк тейлейт – “Сбербанк Тажикстан” (“Амонатбанк”) жана “Душанбе Сити”.

23-сентябрда Өзбекстанда да техникалык себептерден улам “Мир” караталарын кабыл алуу убактылуу токтотулган.

Буга чейин Вьетнамдын, Түркиянын жана Казакстандын айрым каржы-насыя уюмдары “Мир” төлөм системасы менен иштешүүнү токтоткону кабарланган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Украина: Москва согушта Тажикстандагы курал-жарак запасын колдонууга ниеттенип жатат

Украин бийлиги Орусия Борбор Азия өлкөлөрүндөгү, анын ичинде Тажикстандагы курал-жарактардын запасын согушта колдонууга жана бул аймакта жайгашкан орус базаларындагы аскер кызматкерлерин фронтко жөнөтүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

“Кремль Украинага каршы согушта Борбор Азия өлкөлөрүнүн ресурстарын колдонууга аракет кылып жатат. Орусияны биринчи кезекте советтик ок-дарылардын запасы менен аскер техникаларынын тетиктерин толуктоо мүмкүндүгү кызыктырып жатат”, – деп билдирди Украинанын Чалгын кызматы.

Мекеменин маалыматына караганда, жакында эле Орусиянын Аскердик-техникалык кызматташтык маселелери боюнча федералдык кызматы Тажикстандын Коргоо министрлигине кайрылып, “Ураган” ракеталык системалары үчүн 220 миллиметрлик реактивдүү снаряддарды сураган. Ошондой эле Орусияны “Пион” деп аталган өзү жүрүүчү артиллериялык системалар үчүн Тажикстандын аскердик кампаларында сакталып турган 203 миллиметрге чейинки ок-дарылар, БМП-1 жана БМП-2 үчүн УТД-20 кыймылдаткычтары кызыктырган.

Мындан тышкары Тажикстандын Коргоо жана Ички иштер министрликтеринин отставкадагы кызматкерлерине Орусиянын Куралдуу күчтөрү менен келишим түзүп, Украинадагы согушка катышуу сунуштары айтылганы кабарланууда.

Тажикстандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Фаридун Махмадали журналисттерге бул маалыматтарды ырастаган да, төгүндөгөн да жок. Ал бул тема боюнча Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) комментарий бериши керек экенин айтты. Өз кезегинде ТИМ да бул суроолорго жооп берген жок.

2014-жылы Орусия Тажикстанга 70 миллиард рублдик аскердик-техникалык жардам берүүнү убадалаган. Макулдашуунун алкагында Москва Душанбеге байланыш каражаттары менен ок-дарылардан тарта авиация, артиллерия жана зениттик-ракеталык комплектерге чейин курал-жарактын кеңири түрүн бериши керек болчу. Азырынча Орусия бул убаданы канчалык деңгээлде аткарганы белгисиз. Бирок анда ошол кезде “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, Орусия Тажикстанга советтик мезилден калган запастарды бере турганын кабарлаган.

Батыш өлкөлөрүндөгү булактардын маалыматына караганда, учурда Орусиянын армиясы кошумча курал-жаракка жана аскер кызматкерлерине муктаж болуп турат. Өткөн жумада АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусия курал-жарак жагынан жардам сурап Иранга жана Түндүк Кореяга кайрылганын билдирген. Украин чалгыны Кыргызстан менен Тажикстанда “отставкадагы аскер кызматкерлерине Орусиянын Куралдуу күчтөрү менен келишимге кол коюу сунушталып жатканын” кабарлаган.

Орусия Украинага кол салгандан кийин Москва менен Душанбенин мамилеси кыйла жакшырды. Владимир Путин июндун башында Украинада согуш башталган февраль айынан бери алгачкы чет өлкөлүк сапарын Тажикстандан баштаган. Тажик ТИМи Путин жакынкы күндөрү да Душанбеге кезектеги сапары менен барарын билдирди.

Душанбе: АКШ менен кызматташуу орус-тажик кызматташтыгына эч кандай коркунуч жаратпайт

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев Тажикстанда АКШнын борборук командачылыгы уюштурган “Аймактык кызматташтык – 2022” аскердик машыгууларына тынчсыздануусун билдирди.

АКШнын, Тажикстандын, Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Пакистандын жана Монголиянын аскер күчтөрү алты күндүк командалык-штабдык машыгуулары 10-20-август аралыгында өткөн. Мындан тышкары Тажикстан менен АКШ беш күндүк эки тараптуу аскердик окууларды уюштурган.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев АКШнын Борбор Азиядагы аскердик машыгууларга болгон кызыгуусун аскердик аракеттердин дараметин иликтөө, перспективдүү буталардын координаттарын тактоо, мындан тышкары жогорку тактыктагы курал үчүн санариптик карталарды оңдоп-түзөө менен түшүндүрдү.

Патрушевдин билдирүүсү Шанхай кызматташтык уюмунуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын Ташкенттеги жолугушуусу учурунда айтылган.

“ШКУга мүчө бардык өлкөлөр мындай америкалык демилгелер биздин коопсуздугубузга канчалык чоң тобокелчиликтерди жаратып жатканын азыр дагы баамдашууда деп өтө ишенем”, – деген Патрушев.

Ал кеп кандай “тобокелчиликтер” жөнүндө болуп жатканын так айткан эмес.

Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Насрулло Махмудзода 23-августта орусиялык кесиптешинин билдирүүсүнө комментарий берип жатып: “Патрушев мырзага айтып коеюн, Орусия Федерациясы менен стратегиялык кызматташтыгыбыз бар жана бул кызматташтык өзгөрүүсүз калат. Тажикстан менен Орусиянын стратегиялык мамилесине эч нерсе коркунуч жараткан жок”, деди.

Тажикстан Орусияга пияз экспорттоого тыюу салды

Тажикстан өлкөнүн өзүндө кымбаттап кеткенине байланыштуу Орусияга пияз экспорттоого тыюу салды.

Тажикстандын Бажы кызматынын маалыматына караганда, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкө сыртка 66 тонна пияз экспорттоду. Бул өткөн жылдын алгачкы алты айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 10 миң тоннага аз.

Пиязды экспорттоого июлдун аягында эле тыюу салынганы менен азырынча анын базардагы баасы өзгөрө элек. Былтыр ушул маалда пияз Тажикстанда 1,5-3 сомониден сатылса, бүгүнкү күндө анын баасы 5-7 сомониге чейин жетип жатат.

Дыйкандар пияздын кымбатташы негизинен жер семирткичтердин жана күйүүчү майдын баасына байланыштуу экенин билдирүүдө. Алардын айтымында, быйыл пияз аянттары да азайып, аба ырайы да жакшы болгон жок.

Жакында эле Бириккен Улуттар Уюму Тажикстандагы айрым азык-түлүк жана жашылча-жемиш түрлөрүнүн баасы боюнча жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыялаган. Ага ылайык, былтыркы баага салыштырганда быйыл пияз өлкөдө 192% кымбаттаган.

Тажикстандагы негизги азык-түлүк түрлөрүнүн баасына көзөмөл кылган “Точикматлубот” мекемеси өлкөдө пияздын баасы кышка жакын, анын экинчи түшүмү жыйналгандан кийин төмөндөшү мүмкүн экенин билдирди.

Орусиянын Тажикстандагы аскердик базасына заманбап 30 танк жеткирилди

Орусиянын Тажикстандагы 201-аскердик базасына Т-72Б3М үлгүсүндөгү согуштук мүнөздөмөлөрү жакшыртылган 30 танк жеткирилди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги орус Коргоо министрлигине шилтеме кылып кабарлады.

Орусиянын Борбодук аскердик округу эскирген техникалардын ордуна жеткирилген танктар “танк батальонунун согуштук мүмкүндүктөрүн кыйла жогорулата” турганын билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, модернизацияланган Т-72Б3М танктары жаңы кыймылдаткычтар, пассивдүү жана активдүү коргонуу комплекстери, ошондой эле “Акведук” байланыш системасы жана көп каналдуу “Сосна-У” мээлегичи менен жабдылган.

Быйыл августта Ооганстандагы абалга байланыштуу Тажикстандагы Орусиянын аскердик базасына ракетага каршы “Корнет” деп аталган жаңы комплекстер жеткирилген. Бул комплекстер душмандын чопкутталган согуштук техникаларын, ошондой эле тик учактарын жана башка учкучсуз аппараттарын жок кылууга багытталган заманбап курал.

Ага чейин Орусиянын Борбордук аскердик округу Тажикстандагы базага “Верба” деп аталган көчмө зениттик-ракеталык комплекстер, “Калашников” АК-12 автоматтары жана заманбап снайпердик мылтыктар жеткирилгенин кабарлаган.

21-июлда Орусия Тажикстандагы аскердик базаны 17 даана БМП-2 автоунаалары менен күчтөндүрүү чечимин кабыл алганы белгилүү болгон.

Тажикстандын аймагында Орусиянын сыртындагы эң ири орусиялык аскердик база эсептелген 201-база жайгашкан. Анда 7,5 миңге жакын аскер кызматкери бар. Орус базасынын Тажикстандын аймагында жайгашуу мөөнөтү эки өлкө өкмөттөрүнүн макулдашуусу менен 2042-жылга чейин узартылган.

Меню