Menu

Русгидро

Гонконгдо сот "Русгидронун" Кыргызстанга каршы доосун канааттандырды

Гонконгдо сот “РусГидронун” Кыргызстанга каршы арызына байланыштуу арбитраждык чечим чыгарды. Бул тууралуу Адилет министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, сот “арыздын талабын жарым-жартылай канааттандырган”.

Чечимге ылайык, Кыргызстан компаниянын “Жогорку Нарын ГЭС каскадынын” курулушуна жумшаган каражатын кайтарып берүүгө милдеттүү.

Министрлик Кыргызстан канча каражат кайтарышы керек экенин так айткан жок. Чечимди 2022-жылдын октябрь айына чейин даттанууга болот.

Быйыл февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушундагы чыр боюнча Орусия менен бир пикирге келгенин билдирген. Келишимге ылайык, өкмөт орусиялык “РусГидро” компаниясына 37 млн. доллар төлөп бермей болгон.

2012-жылы Орусия каражаты менен башталган “Жогорку Нарын ГЭС каскадынын” курулушу 2016-жылы токтогон. Ага Кыргызстандын “иш жылбай жатат” деген жүйөсүнүн негизинде келишимден бир тараптуу чыкканы себеп болгон.

Орусия бул долбоорго “РусГидро” компаниясынын 37,5 миллион доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылган.

Меню