Menu

Руслан Бекназаров

Руслан Бекназаров Бишкек милициясынын абагына киргизилди

КР ИИМдин Тергөө кызматы КР Кылмыш-жаза кодексинин «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренеси боюнча Р.Б. аттуу жаранга кылмыш иши козгоп,  азыр тергөө амалдары жүрүп жатат.  Бул тууралу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Социалдык тармактарда интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүү учурунда «Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами» кыймылынын тыюу салынган экстремисттик-террордук уюмунун идеологиясын пропагандалоочу материалдарды тараткан жана жарыялаган аккаунт аныкталган.
Аталган кылмыш ишинин алкагында сурак кылуу максатында  ИИМдин Тергөө кызматына Экстремисттик материалдарды тараткан деп шектелген 1981-жылы туулган жаран Р.Б. камсыз кылынган.
Учурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына (УКЖ) кармоо жүргүзүлүп, тергөө иштери уланууда.

Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров кармалды

Бүгүн, 14-сентябрда КР ички иштер министрлиги тарабынан Бишкек шаарынын Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров кармалды.

Ал эми ИИМдин басма сөз кызматы буга байланыштуу төмөнкү мазмундагы билдирүү таратты:

ИИМдин Тергөө кызматы  тарабынан социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча кылмыш иши иликтенип жатат.
Интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө “Фейсбук” социалдык тармагында Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган «Хизбут-Тахрир-аль-Ислами» экстремисттик-террористтик уюмунун идеологиясына үндөгөн материалдарды жайгаштырып, таратып жаткан аккаунт аныкталган.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу беренеси боюнча катталган. Кылмыш ишинин алкагында 1981-жылы туулган жаран Р.Б. ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылды.

Ага чейин социалдык тармактарда “Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров алтын казуучу кытай ишканасынын жетекчилеринен 1,5 миллион доллар акчаны опузалап талап кылууда” деген мазмундагы видеоматериал тараган.

Меню