Menu

Руслан Чойбеков

Сот КР ЖКнын "Кыргызстан" фракциясынын экс-депутаты Руслан Чойбековду тергөө иши бүткүчө камакка алды

КР ЖК мурдагы депутаты “Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөсү “Ч.Р.” тарабынан алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Бишкек шаарынын Биринчи Май соту тергөө иши бүткүчө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ири суммадагы акчаны алдоо жана мыйзамсыз алуу фактысы кайрадан аныкталды. “Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөсү жана өлкөнүн парламентинин экс-депутаты Ч.Р. тарабынан, депутаттык мандат үчүн 300 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражат алынып, арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

2021-жылдын 16-сентябрында жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгы жана алынган далилдердин натыйжасында, “Ч.Р.” аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча кылмышка шектүү катары кармалган.

2020-жылы парламенттик шайлоо учурунда депутаттык мандат үчүн $300 000 пара алган экс-депутат Руслан Чойбеков кармалды

Мурда  маалымдалгандай, УКМК өлкөдөгү системалуу жана саясий коррупциянын фактыларын аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча системалуу иштер уланууда. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

УКМК тарабынан 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ири суммадагы акчаны алдоо жана мыйзамсыз алуу фактысы кайрадан аныкталды. “Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөсү жана өлкөнүн парламентинин экс-депутаты Ч.Р. тарабынан, депутаттык мандат үчүн 300 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражат алынып, арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

2021-жылдын 16-сентябрында жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгына жана алынган далилдерге негизинде аталган Ч.Р., КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча кылмыш жасаган деп шектелип кармалып КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жакын арада тергөө «Ч.Р.ны» тергөө иши бүткүчө баш коргоо чарасын кабыл улуу маселесин карайт, тергөөнүн алкагында бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган толук чаралар көрүлөт.

Меню