Menu

Рысбек Айдаралиев

Байболот Абытов, профессор: "Ак эмгекти барктаган, адамгерчиликти даңктаган, адилеттикти жактаган, чыныгы жоокер Рысбек Айдаралиев"

“Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” – деп улуу акын Аалы Токомбаев тегин жерден айтпаса керек. Анткенибиз чыгаан инсандарга уучу куру эмес кыргыз элинин ар түдүү доорлорунда, за­ма­­нында өз эли­не, жери-не, кыргыз мамлекетине өзгөчө кызмат өтөп, эмгеги сиң-ген инсандары көп эле. Бирок адатта чыгаан инсан десе, дароо эле мамлекет башчыларын, Өкмөттүн, партиянын би­рин­чи жетекчилерин элесте­ти­шет. Ошол эле кезде кыргыз мам­ле­кетинин элет же­риндеги жетекчилери, элеттеги элдин “же­ңи­­лин жерден, оорун колдон ал-ган”, айыл-кыштактардын, алыскы район­дордун социал-дык-экономикалык абалын жакшыр­туу­га, көтө­рүү­гө өз-гөчө салым кошкон, ар бир элдин, жердин жерги­лик­түү чы­гаан­дары бар. Октябрь айынын башында, дал ошон­дой элеттик лидерлердин бири, Талас же­ри­нен, элинен чыккан, ак эмгекти барк­та­ган, адам­герчи­лик­ти даңк­та­ган, адилеттикти жак­та­ган, ата наркын даңк­таган, Улуу Ата Мекен­дик согуштун, партиянын чыныгы жоо-кери, 100 жыл­дык мааракеси рас­мий түрдө белгиленип жаткан Рысбек Айдар­алиев экендиги талашсыз. Демек сөз ошол талыкпас ак эмгеги, баш­кача көз карашы, дүйнө таанымынын тереңдиги, кенендиги   менен жалпы журтка таанылган инсан тууралуу болсун.

Даңазалуу жазуучу, ойчул, улуу гуманист Чынгыз Айтматов айткандай: “Адамга эң кыйыны, күн сайын адам болуу”. Демек, чыныгы адам болуш үчүн ар бир инсан өзү жашап жаткан коомдогу башка адамдардын ак эмгегин барктоосу, анын берекесин жана натыйжасын туура баалай билүүсү абзел. Бул биринчиси. Экинчиси, адам башкалардан адамгерчилик деген улуу ка-сиетти, сапатты көрө, аны татыктуу баалай, тиешелүү деңгээлде өзү да улай билүүсү милдет. Үчүн­чү­сү,  кандай гана заман, доор болбосун, чыныгы адам, коомдогу адилеттик­ти, башкалардагы ошол касиетти, сапатты жогору баала-ган, өзү да адилеттүүлүктү турук­туу жакта­ган адам  болуш керек. Төр­түн­чү-сү, ата мурастарын улай билген, каада-салтты, нарк-насилди, таалим-тар-бияны даңктаган, аларды кийинки муундарга жеткире, өткөрө алган адам болуусу талап. Бешинчиси, кара кылды как жарган калыстыкты туу туткан, мындай касиетти  дайыма кастарлаган адам болуусу парз. Алтынчысы, кал­кы­на кызмат кылып, эмгек өтөп, элге-журтка кадыры сиңип, эл ишенимин актаган инсан болуусу шарт. Жетинчиси, ата-энени өзгөчө сыйлаган, тууган-уруктун, элинин улуусуна урмат, кичүүсүнө сый мамиле жасап, уул-кызда-рын татыктуу тарбиялаган, ошондой касиеттерде үлгү болуусу, урпактарын ошондой сапатта тарбиялоосу адамгерчиликтеги мыкты сапаттардын бири.

Мен бекеринен же эриккенден өз баяндамамды “Ак эмгекти барктаган, адам­герчиликти даңктаган, адилеттикти жактаган, чыныгы жоокер Рыс­бек Айдаралиев” деп атаган жокмун. Анткени бул инсан жогорудагы-дай касиеттерге ээ болгон мыкты адам болгонун баамдадым. Мен бул адам тууралуу тээ 90-жылдары Ошто укканмын. 70-80-жылдары Кыргызстан Ком­пар­тиясынын Талас обко­мун­да иштеп кеткен жердеш агабыз, партиялык, коомдук ишмер, кийинчерээк окумуштуу – тарых илимдеринин доктору, про­фессор Усөнаа­лы Чотонов Талас эли, жери тууралуу көп айтаар эле. Ал киши: “Таласка жетек­чиликке барган адамдар – биринчилер,  сөзсүз ошол областтагы 6-7 таанымал адамдардын батасын алууга аракет кылат. Ошол абройлуу аксакалдардын катарында Рысбек Айдар­алиев деген бар. Өзүнчө керемет, башкалардан айырмаланган, өзгөчө  ой жүгүрткөн, Таласка кайың токой өстүргөн киши” – деп калаар эле.

Туз насип буйруп кийинчерээк ал кишинин уул-кыздары менен таанышып, кенже кызы Эльмира, күйөө баласы Урмат менен жакындан дос, үй-бүлөлүк катнашта болуп, алардан чоң Болот, Искендер Айдаралиевдер менен тааныш-билиш катары, Көпүрө-Базар, Талас жергесине келип, таластыктардан Рыс­бек Айдар­алиев тууралуу кененирээк маалыматтаврды алып калдым. Мен өзүм баам салып жүр­гөн жылдары, ал кишинин башкалардан айырмаланган өзгөчөлү­гүн, мыкты каситеттерин да көбүрөөк билип калдым.

Ошентип, биз бүгүн 100 жылдык мааракесин өткөрүп жаткан Рысбек Ай­дар­­алиевди өзү­нүн өрнөктүү да, байсалдуу да өмүр жолунда: ак эмгекти даңктаган, акый­катты жакта­ган, калыс­тыктан кайтпаган, журт ишени­мин актаган, улуу сапат адамгерчиликти даңктаган, ата-бабалар­дын нарк-наси­лин, каада-салтын сактаган, улуттун улуу таалим-тарбиясын барктаган, ата-энени, тууган-урукту, уул-кызды сыйла­ган, дүйнө тааны­мы кенен, акыл  чабы­ты терең, бир катар өгөчө касиеттерге бай, иштик­түү кадамдары, омоктуу ойлору менен натыйжалуу иштери, эч кимдин оюна келбеген, учурда бүт Талас жеринин символуна айланган, кайың токою менен элге кадыры сиңип, миллионер колхоз башкармасы ката­ры кызматы өтүп, кеңири маалым  болгон адам катары баамдадым.

Р.Айдаралиев байсалдуу баскан жолунда ак эмгекти барктап, жогору баа-лап, өзү да тынымсыз эмгектенип, башкаларды да талыкпай эмгек кылууга үндөгөн инсан болгонун баамдадык. Жаштайынан чарчабаган эмгекчил, мээнеткеч, маңдай тери менен көп ийгиликтерге жетишип, турмуш жолунда өз ордун тап­кан инсан. Билимге умтулуп, 1937-жылы 7 жылдык мектептен билим алып, 1938-40-жылдары Жалал-Абаддагы педтехникумду ийгилик­түү аяктаган. Эмгек жолун агартуу тармагында, Көк-Ой айылынын Таш-Дөбө мектебинде мугалим болуп баштаган. Негизи, кандай гана иш болбосун – мектеп мугалими, колхоз жумушчусу, райкомдун кызматкери – биринчи катчысы, райондук аткаруу комитетинин төрагасы, “Эмгек кызыл туу” орден­дүү миллионер колхоздун башкармасы, жайыт башкармалыгынын зоотехниги, башчысы катары белсе­нип эмгектенип, башкаларга үлгү болуу менен, аларды да ак эмгекке, эл, жерине талыкпай кызмат кылууга үндөгөн, шык берип, алга сүрөгөнүн баамдадык.

    Тынымсыз эмгектенүү менен катар эле улуу сапат адамгерчиликти даңкта­ган, бул касиетти өзү бийик тутуу менен башкалардан да талап кылган, адамгерчилик сапатты өмүрү өткөнчө бекем туткан инсан болгонун да байкадык. Адамгерчиликтин дагы бир сапаты “улууга урмат, кичүүгө сый” менен мамиле кылуу. Мүмкүнчүлүгү жетишсе колдон келген жардамын башкалардан аябоо, айрыкча кыйналып жүргөн үй-бүлөөлөргө. Р.Айдар­алиев мүмкүн болушунча өз каражатынан, колхоздун эсебинен айылдагы алдыңкы, билим, илимге умтулган жаштарга жардам берип, аларга республикалык, борбордук жогорку окуу жайларга окууга жиберип, шарт түзүп жардам бер­ген жайы бар. Алардын көбү жогорку билимдүү болуп, эл-жерине кызмат кылып жүрүштү, кээ бирлери өлкөбүздөгү белгилүү адамдар болушту. Бул да болсо адамгерчиликтин белгиси.

   Өркүндүү өмүр жолунда Рысбек Айдаралиев Мекендин да, коммунисттик партиянын да чыныгы жоокери болду. Жоокердик, баатырдык сапатын өзгөчө сыймыктануу менен айтса болот.

Аксакалдын өмүр таржымалын изилдеп жатып кээ бир так эместиктерди баамдадык. Мисалы, урпактары ал киши 1922-жылы туулган деп билишет. Бирок, биз Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин Борбордук  архи­винен тапкан расмий аскердик документтерде, тагыраагы сыйлык барак­тарында, буйруктарында ал киши 1921-жылы туулган деп турат. Экинчи так­тоону талап кылган жагдай. Белгилүү болгондой, кан төгүлгөн Улуу Ата Ме­кен­дик согушка, башкалар сыяктуу эле Рысбек Айдаралиев 1942-жылдын сен­тябрында аттанган – деп анын бал­дары, урпактары жүрүшөт.  Ал эми, биз тап­кан расмий архивдик документтерде, тагыраагы 1943-жылдын 17-ноя­брын­­дагы “Кызыл Жылдыз” орденинин,  1944-жылдын 20-мартындагы “Каар­ман­дыгы үчүн” – “За отвагу” медалынын сыйлык бара-гында, тиеше­лүү буйруктарында аскердик кызмат-ка 1940-жылы чакырылган – деп турат. Сөзүбүз курук болбосун үчүн ошол расмий архивдик документтердин маалы­матын  оригиналда берели:

“Айдар­алиев Распек (Роспок), дата рож­де­ния: __.__.1921 г., Место рождения: Таласская обл., Таласский р-н, с. Коп­ре-Базар”. Место призы­ва: Голошский РВК, Киргизская ССР, Фрунзен­ская обл., Дата поступления на службу: __.10.1940 г., Воинское зва­ние: сержант, Воинская часть 1432 лап (легкий артилерийский полк – авт.). Даты подвига:  20.03.1944 г.,  Наи­ме­нование награды: Медаль «За отвагу». Приказ подразделения 3/н от:  25.03.1944Издан: 1432 лап.”[1] – деп турат.

Демек, анын балдары, урпактары айтып жүргөндөй 1942-жылы эмес, 1940-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушка чейин, армиянын катарында бир жыл кызмат кылып койгон болот. Кандай бол­гондо да Рысбек Айдаралиев 1941-жылы Москваны коргоого катышып, Курск салгылашуусунда эрдик кылып, Биринчи Украина фронтунун кура­мын­­да кан кечип, согуштун аягына чейин катышкан. Праганы алууга катыш­кан жоокер болду. Кан майданда жүрүп 1943-жылы август айында Советтер Союзунун Коммунист­тик партиясынын катарына кабыл алынган. Согушта Биринчи Украина фронтунун кура­мын­дагы жеңил артиллериялык полкто  орудия­нин командири, батареянын парторгу болуп кызмат өтөп, фашисттик баскын­чыларга каршы каармандык менен салгылашкан.

Мен Россия Федера­циясынын Коргоо министрлигинин Борбордук архиви-нен Айдаралиев Рысбек сыйланган доку­мент­терди таап чыктым. Мен тапкан Россиянын архивдик документ­терде, неги­зи­нен сыйлоо барак­тарында, буй-руктарында төмөнкүдөй баалуу маалы­мат­тар табылды: Айдар­алиев Рыспек (кээ бир документте Роспек, Распек, Роспок – деп жүрөт. Мындай болуп калганы, ошол киши кызмат кыл­ган бөлүктөгүлөрдүн доку­мент толтурган командирлери, жооптуу кызмат­керлери өздөрүнүн кула­гына, тилине жак-кан варианттарды жазып коё беришкен – автор).  Бирок ал киши алган орден медалдарда аты бир аз өзгөрүп кал­ганы менен туулган жылы, жери деген маалыматы так берилген: Дата рождения: __.__.1921.  Место рождения: Таласская обл., Талас­ский р-н, с. Копре-Базар”.  Демек, туулган жери аркылуу көп документтер тастыкталды. Дал ошол Талас райо-нунун Көпүрө-Базар айы­лы­нда туулган жаран катары Рысбек Айдаралиев кан төгүлгөн Улуу Ата Мекендик со­гуш­ка аттанган.

Ошол апааттуу согуш талаа­сындагы эрдиктери, күжүрмөн каармандыгы, тай­ман­бастыгы үчүн 1432-жеңил артилериялык полктун сержанты, ага сер­жанты Р.Айдаралиев 1943-45-жыл­дары бир катар орден, медалдар менен сый­лан­ганын архивдик документ­тер аркылуу тастыктап чыктык.

Төмөндө ошол баатырдыгы үчүн алган, бир катар сыйлыктары алган күнү, айы, жылы менен так берилди:

Документы о награждении

Айдаралиев Рыспек // Роспек // Распек //Роспок

Документ в учетной картотеке

Медаль «За отвагу»                                                                       Орден Красной Звезды                         Медаль «За отвагу»                                 Медаль «За боевые заслуги»

     15.10.1943 г.[2]                                                                                 17.11.1943.[3]                                               25.03.1944.[4]                                     25.04.1945 г.[5]

Медаль «За освобождение         Медаль «За победу над                          Орден «Красной звезды»

     Праги» 09.05.1945 г.[6]              Германией в Великой                                               22.06.1945.[7]

                                                 Отечественной войне 1941-45 г..»

09.05.1945 г.[8]

    Согушуп жаткан Кызыл Армиянын солдат, сержанттар үчүн жогорку сыйлыктарынын бири болгон “Кызыл жылдыз” ордени менен Р.Айдаралиев 2 жолу сыйланган. Мен тапкан Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин Борбордук архивинин сыйлоо туура­луу документ­теринде, биринчи жолу 1943-жылдын 17-ноябрында, экинчи жолу 1945-жылдын 22-июнунда сыйланган. Тагыраагы Аракеттеги армиянын Суворов жана Кутузов ордендүү 37-жеңил артиллериялык бригадасынын командиринин 1945-жылдын 22-июнунда кол кой­гон буйрукта көрсөтүлгөндөй, СССР Жогорку Кеңешинин атынан согуш­тагы эрдиги, немецтик бас­кынчылар менен күрөштөгү баатырдыгы үчүн “Кызыл жылдыз” ордени ме­нен “Стар­ший сержант Айдаралиев Роспок – командир орудия 1432 легкого арти­лле­рийского ордена Кутузова полка”[9] сыйланганын таап чыктым.

Баардыгы болуп, биздин каарман, «За боевые заслуги» медалы менен 2 жолу, «За отвагу» медалы менен 2 жолу, “Кызыл жылдыз” ордени ме­нен 2 жолу, «За освобож­де­ние Праги» медалы менен 2 жолу, «За победу над Германией в Вели­кой Отечествен­ной войне 1941–1945 гг.» медалы менен 2 жолу, Отечественной войны II степениордени менен бир жолу сыйланган экен.

Айдаралиев Роспок,

Воинское звание: ст. сержант

Воинская часть: 1432 лап 37 лабр 17 адп РГК

Наименование награды: Медаль «За победу

над Германией в Великой Отечественной

войне 1941–1945 гг.»

Приказ подразделения от: 09.05.1946

Издан: 37 лабр 17 адп РГК

Информация об архиве[10]

 

Айдаралиев Рыспек,

Дата рождения: __.__.1921 г.

Место рождения: Таласская обл.,

Талас­ский р-н, с. Копре-Базар

Наименование награды: Орден Отечественной войны II степени

Номер документа: 85

Дата документа: 06.04.1985

Автор документа: Министр обороны СССР

Информация об архиве.[11]

Улуу Жеңиш менен аяктаган согуштан кийин Р.Айдаралиев 1945-жылдын июль айынан тартып Австрия мамлекетинин Кремск шаарында жайгашкан артилле­рия­лык дивизиянын парторгу болуп кызмат өтөөнү улап, ата-журту­на, кичи мекени Көпүрө-Базарга  1946-жылдын май айында кайтып келген.

Согуштан кийинки эмгек жолу  Кең-Сай айылындагы колхоздо башталган. Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки жылдары жер-жерлерде башкаруучу адистерге болгон талап күчөп, аларды даярдоого өзгөчө кам көрүлүп, жаш адистердди ар түрдүү адистик курстар, жогорку партиялык мектептер, курс-тар аркылуу даярдоо күчөгөн. 1948-1950-жылдары Р.Айдаралиев республика­лык партиялык мектепке жолдомо алып, аны ийгилик­түү аяктаган. Партия­лык мектепти аяктагандан кийин Кыргыз­стан Компартиясынын Талас обко­му­нун пропаганда жана агитация бөлүмүн­дө эмгектенген. Дал ошол жылдар­дан баштап Рыспек Айдаралиев Улуу Ата Мекендик согуштун каарман жоо­кери, чоң саясат­тын, коммунисттик партия­нын жоокери катары тынчтык жылдары, согуштан кийинки оор абалда өз элине, жерине эмгек өтөөсү башталган.

Кадимким ХХ кылымдагы улут лидери И.Раззаковдун мыкты жетекчи адистерди ротациялоо жолу менен аларды элге, жерге, Мекенге кызмат кы­лууга дайыма үндөп келгени үлгүлүү иш болгону маалым. Убагында Прези­дент С.Ш.Жээнбеков айткандай: «Султан Ибраимов – Чүйдүн кулу­ну – Ошко барып иштеген, аны бүгүн дагы жергиликтүү эл жакшы сөздөр менен гана эстейт. Мындан тышкары кадрдык ротациянын мыкты үлгүсү катары Сүйүн­баев Акматбек, Бейше Жапаров, Арстанбек Дүйшеев, Корчубек Акназаров, Рысбек Айдаралиев, Бекмолдо Ишимов ж.б. атаса болот», – деп белгилеген. Дал ошондой шартта алыскы, арта калган районго жетекчиликке барганы, ошол кездеги республикалык партиялык жетекчиликтин өзгөчө ишеними катары караса болот.

Талыкпас, күжүрмөн эмгеги менен биздин каар­ман, эгерде ар бир адам өз эли, жери, мамлекети үчүн чаалыкпай эмгектенсе, эл аны эч качан унут­пайт – деген сөздүн өтөсүнө чыгып, зор эмгек кыл­­­­ды. Ошол кездеги пар­тия­лык жетекчилик жаш, уюштуруучулук жөндөмү бар, өзүнө жана баш­каларга талапты катуу коюп, берилген тап­шыр­маларды так аткарган, энер­гия­луу, демилге­лүү партиялык кызматкер катары Р.Айдар­алиевди Кыргыз­стан Компартиясынын Талас  Обкомунун Чаткал райондук комитетин жетек­төөчү – биринчи катчы кылып дайындайт. Эскерте кетели, Чаткал району 1944-жылдан жаңыдан түзүлгөн Талас областына кошулуп, 1954-жылы кайра­дан Жала-Абад облусунун курамына кайтарылган.  1956-жылы Чаткал району жоюлуп, Ала-Бука, кийинчерээк Жаңы-Жол районунун кура­мына ки­рип калган. 1959-жылы Жалал-Абад областы да жоюлуп, Ош облас­тынын курамына кирип калган.  1990-жылы Жалал-Абад областы кайрадан түзүл­гөн­дө, Чаткал району кайра түзүлгөн.

    Рысбек Айдаралиевди Чаткал районунун партиялык комитетинин биринчи катчысы катары дайындоого кириптер болгон жетек­чилердин башкысы, кадимки ХХ кылымдагы кыргыздардын улуттук лидери, 50-жылдары респуб­ликанын социалдык-экономикалык жана маданий абалын туруктуу жогору­ла­тууга белсенип киришип, өзгөчө салым кошкон Исхак Раззаков болгону талашсыз. Ал адам, айрыкча алыскы, чет жакадагы, көп көрсөткүчтөр боюн­ча артта райондорго мыкты уюштуруучу, жетекчиликке жөндөмдүү, элди ынындыра ала турган,  лидерлик касиеттерге ээ болгон жаш адистерди, чочу­ла­бастан эле, өзгөчө ишеним көрсөтүү менен жетекчилик кызматка дайындап турган. Албетте, дайындоо алдында ар тараптан изилдеп, иликтеп, ал кишиге баам салып, кеңири жана терең маектешип, купулуна толгон соң гана жетек­чи­лик кызматка дайындаган. Ага кошумча ошол жылдары Ош, Жалал-Абад облас­тында жетекчи болгон К.Дикамбаев, Т.Балтагулов, А.Сүйөркулов сыяк­туу дөө-шаалар, тажрыйбалуу жетекчилер менен иштешип, аларга Чаткал районун оор абалын айтып, районду колдоого чакырган адам­дардын бири Р.Айдаралиев болгон. Дал ошол, алгач Талас облусунун, кийин Жалал-Абад облусунун курамына кирген, Кыргызстандын Өзбекистан жак­та­гы эң четки, чек арадагы району­буз­дун социалдык-эконо­ми­калык абалын чыңдоого, инфра­структурасын негиз­деп, бекемдөөгө, алгач­кы араба, машина жолун, бир катар айылдарды байла­ныш­тырган ички жолдорду курууга, көпүрөлөрдү салууга, Чаткал районун элине радио түйүндөрүн жеткирүүгө, социалдык-экономикалык, маданий абалын жогорулатууга Р.Айдаралиев өзгөчө зор салымын кошконун эл арасында азыркыга чейин аңыз кеп болуп айтылып жүрөт дешет чаткалдыктар.

Кыргыз ССРинде райком катчыларынан жалгыз Социалисттик Эмгектин Баатыры наамына татыган Корчубек Акназаров, ошол жылдары Чаткал рай­комунун 2-катчысы болуп, биринчи катчы Р.Айдаралиевди жакындан билип, ошол райондо үч жыл чогуу иштеген адам катары аны төмөнкүдөй: “Ал убакта Чаткалда техника деген жок болчу. Жетекчи­лер­дин баары атчан жүрчү, климаттык шарты оор эле. Рысбек Айдаралиев Чаткалда иштеген 4 жыл аралыгында опол тоодой эмгек кылды, Чаткал жерине, элине чоң жаңы­лыктарды алып келди. Ашар ыкмасында, жалаң кол күчү менен ички жана тыш­кы байланыштарга өбөлгө түзгөн жолдорду, көпү­рө­лөрдү, мектептерди, клубдарды  курдурган. Табияты, кышы татаал алыскы районго булар абдан маанилүү эле. Элдин маданий турмушу колго алынып, жаңы тепкичке көтө­рүлдү. Ошондуктан Чаткал эли аны азыркы учурга чейин чоң сый-урмат менен эстешет” – деп эскерген жайы бар.

  Дал ошол Чаткал районун жетектеп турганда, райондун  ички жана сырткы транспорттук байланышты  түзүү максатында 1953-55-жылдары ашар жолу жана жергиликтүү элдин күчү менен Ала-Бука районунун Терек Сай айы­лынан Чапчыма ашуусу аркылуу Чаткал районун Жаңы-Базар айылына 80 км. жол салынып, ошол кездеги чаткалдыктар үчүн  чоң жаңылык болгон.   Аталган жолдун ашар жолу курулушунун башында, райондун партиялык уюмунун биоринчи катчысы  Р.Айдаралиев турган. Бул социалдык-экономи­ка­лык, керек болсо стратегиялык, чек ара районун эске алганда,  жол бүгүнкү күнгө чейин элге кызмат кылууда. Дагы бир чоң ийгилик, Чаткал дарыя­сы­нын эки жээгин бириктирген көпүрөнүн курулушу болгон. Дал ошондой олуттуу эмгеги, курулуштагы жетишкендиктери үчүн ал киши азыркыга чейин Чаткал элинин эсинде.  Негизи Р.Айдаралиев  Чаткал районунун адми­нис­тра­тивдик-аймактык, социалдык-экономикалык, инфраструктуралык ка­лып­та­­ны­­шына, өнүгүшүнө зор салым кошкону талашсыз.  Чек арада турган Чаткал районун сактап калган десек да болот, убагында Кыргыз ССРинин Министр­лер Кеңешинин “Чаткал районун өнүктүрүү” боюнча атайын ток­томун чыгарткан экен. Тилекке каршы, администартивдик-аймактык өзгөрүү­лөргө байланыштуу, партиялык кызматтан кетип, кайрадан кичи мекенине келип, райондук Аткаруу комитетинде эмгек жолун уланткан.

1956-жылдан биз ал кишини Талас областынын Буденный районунун Аткаруу комитетинин төрагасы катар көрсөк, 1959-жылы Талас районунун “Каракол” колхозунун башкармасы болуп дайындалат. Дал ушул сапатта ал киши өзүн зор уюштуруучу, чарба ишин, эл турмушун, колхоздун социал­дык-экономикалык абалын ичинен, жеринен мыкты билген инсан катары көрө алабыз. Мал чарбасында жалаң эле жергиликтүү породаларды өстүрбөй, чет жактардан, башка республикалардан асыл тукум уйларды, жылкыларды, кой­лорду алдырып, топоздорду өстүрүп, алардын жалпы санын, эттүүлүгүн, сүттүүлүгүн, көбөйтүүгө жетишкен. Кыска мөөнөттө артта калган колхоз чарба­сын ирилештирип, зор ийгиликтерге жетишип, анын натыйжасында ал жетектеген “Караколду” миллоионер жана ордендүү колхоз даражасына жет­кире алган. Бул да болсо тынымсыз, талыкпас ак эмгектен натыйжасы да, үлгүсү да болгону талашсыз.

Рысбек Айдаралиев жетектеген “Каракол”  колхозунун республикадагы саналуу миллионер колхоздун бири болуп, анын ийгиликтери тууралуу 1967-жылы  “Кыргызстан” басмаканасынын  “Колхоз Каракол высокодоходное хозяйство” – деген китеп чыкканы бизди абдан таң калтырды. Анткени ал жылдарда бир колхоздун ийгилиги тууралуу өзүнчө китеп чыгаруу абдан олуттуу иш болгон. Демек, Р.Айдаралинев жетектеген колхоз ошондой алкоого татыктуу жетекчи, колхоз башкармасы болгону талашсыз.

Дал ошол жылдары, анын өзгөчө демилгеси, омоктуу ою, натыйжалуу  ишинин натыйжасында  Каракол суусун бойлой 16 чакырымга созулган 175 га Россиянын аймагына алынып келинген кайың көчөттөрү отургузулуп, жыл өткөн сайын көркүнө чыгып, учурда бүткүл Талас элинин, жеринин сый-мыгы, символу болгон кайың бакка айланды. Мунун өзү эле өзгөчө эмгек, өзгөчө керемет.

Адилеттикти жактаган инсан катары, ак караны, куру жалааны, ади­лет­сиздикти  жон териси менен тартып, акыры ак ийилет, бирок сынбайт болуп, бу турган Фрунзе эмес, тээ Москвадан акталып, партия мүчөлүгүнө кайра-дан тикеленгенин таластыктар жакшы билесиздер. Убагында Р.Айдаралиев-дин иши чоң резонанс жаратып, ошол кездеги Кеңеш доорунун адилеттүү актоосуна жетишип, андан кийин да эмгек жолун улаганы маалым. Көп жылдар жайыт башкармалыгында эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан.

Ошентип ак эмгекти барктаган, адамгерчиликти даңктаган, адилеттикти жактаган, чыныгы жоокер Рысбек Айдаралиев байсалдуу өмүр жолунда абройлуу, кадыр-барктуу, татык­туу, нарк-насилдүү турмуш кечиргени баары­бызга маа­лым. Эң негизгиси көзү өткөнүнө көп жыл болсо да Талас эли, жери ал инсанды унутпай, эмгегин баалап, айылдын, мектептин атын берип, эсинде сактап келе жатканы, ага болгон сый урматы бизди кубандырат. Бар болуңуздар, маараке кут болсун.

(Сүрөттөр интернетен алынды).

Байболот Абытов, тарых илимдеринин доктору, профессор, Россия табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Ош мамлекеттик  университети

[1] РФ КМ БА (Центральный архив  Минситерства обороны Российской Федерации). Фонд ист. Информа­ции: 33. Опись ист. информации: 690306. Дело ист. информации: 3609

[2] РФ КМ БА (ЦАМО РФ). Картотека: Картотека награждений. Расположение документа: шкаф 2, ящик 5.

[3] РФ КМ БА (ЦАМО РФ). Картотека: Картотека награждений. Расположение документа: шкаф 2, ящик 5.

[4] РФ КМ БА (ЦАМО РФ). Фонд ист. информации: 33. Опись ист. информации: 690306. Дело ист. ин­фор­мации: 3609. Приказ подразделения №: 3/н от: 25.03.1944. Издан: 1432 лап.

[5] РФ КМ БА (ЦАМО РФ). Фонд ист. информации: 33. Опись ист. информации: 687572. Дело ист. Информа­ции: 2802.

[6] РФ КМ БА (ЦАМО РФ). Картотека: Картотека награждений. Расположение документа: шкаф 2, ящик 5.

[7] РФ КМ БА (ЦАМО РФ). Фонд ист. информации: 33. Опись ист. информации: 690306.  Дело ист. информа­ции: 1892. Приказ подразделения №8/н от: 22.06.1945. Издан: 37 лабр.

[8] РФ КМ БА (ЦАМО РФ). Фонд ист. информации: 9639. Опись ист. информации: 2. Дело ист. Информа­ции: 16.

[9] РФ КМ БА (ЦАМО РФ). Фонд ист. информации: 33. Опись ист. информации: 690306. Дело ист. Информа­ции: 1892.

[10] РФ КМ БА (ЦАМО РФ). Фонд ист. информации: 12851. Опись ист. информации: 2. Дело ист. Инфор­ма­ции: 4

[11] РФ КМ БА (ЦАМО РФ). Картотека: Юбилейная картотека награждений. Расположение докумен­та: шкаф 1, ящик 16.

Меню