Menu

Рысбек Сарпашев

УКМК: “Тазалык” ишканасынын экс-директору Рысбек Сарпашев мамлекетке келтирген зыян - 5 млн сомду толугу менен төлөп берип, үй камагына чыгарылды

Үстүбүздөгү жылдын 22-мартында КР УКМК кызматкерлери тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана жок кылуу, ошондой эле кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча “Тазалык” муниципалдык ишканасынын мурдагы директору Сарпашов Р.А. кармалган. 

Ошол эле учурда, Р.Сарпашов “Тазалык” муниципалдык ишканасынын муктаждыктары үчүн материалдык-техникалык каражаттарды сатып алууга багытталган акча каражатын ыйгарып алганы боюнча күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыяндын ордун толугу менен, башкача айтканда 5 млн 167 миң 600 сомду толтурган. 

Буга байланыштуу, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы Р.Сарпашовго карата 2023-жылдын 9-апрелине чейин үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын кабыл алды.

Учурда Р.Сарпашовго карата козголгон кылмыш ишинин алкагында ал тарабынан мүмкүн болгон башка мыйзамсыз аракеттердин фактылары текшерилүүдө.

Р.Сарпашев боюнча иш сотко өткөрүлүп, анда маңызы боюнча каралат.

УКМК Бишкек шаарынын экс-вице-мэри Рысбек Сарпашевди 5.000.000 сомду уурдоого шектеп кармады

КР УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын экс-директору С.Р.А. карата ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана ошондй эле кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Такталгандай, кармалган С.Р.А. 2017-2018-жылдары “Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору болуп турган кезде өзүнүн жеке пайдасы үчүн, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен, ишкананын айрым кызматкерлери менен алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, иштебеген жана жетишсиз болгон атайын автотетиктерди (таштанды ташуучу унаалар, самосвалдар, жүк ташуучу унаалар) жана куйуучу-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгарып салган. Чындыгында унааларга бөлүнгөн тетиктер жана күйүүчү-майлоочу майлар сатылып, түшкөн каражаттар өздөрүнө бөлүнгөн.

Аталган кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматы тарабынан соттук-бухгалтердик экспертиза дайындалып, корутундусуна ылайык, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Тазалык» МИнин бюджетине 5 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилген.

Белгилей кетүүчү нерсе, мындай аракеттердин натыйжасында атайын техниканын жана күйүүчү-майлоочу материалдардын жетишсиздиги болгондугу, таштанды чыгарууга жооптуу тиешелүү муниципалдык кызматтардын туура эмес иштешине түрткү болгон. Жарандар таштандылардын көп топтолуп, өз убагында чыгарылбай жаткандыгы боюнча бир нече жолу арызданышкан.

Учурда С.Р.А. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Иштин бардык жагдайларын жана бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка жооптуу адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Меню