Menu

Рыскелди Момбеков

КСДПчы экс-депутат Рыскелди Момбековдун диплому жасалма экени аныкталды

КСДПчы экс-депутат Рыскелди Момбековдун Ж.Баласагын атындагы КУУнун юридика факультетин бүтүргөндүгү тууралу диплому толугу менен жасалма экендиги аныкталды. Бул фактыны бүгүн, 26-августта журналисттерге УКМК да тастыктады.

КСДПчы Рыскелди Момбеков ал жогорку билими тууралу жасалма дипломун бетке кармап, КР Жогорку Кеңешинин депутаты  болуп шайланып, 5 жыл айлык алган.

Депутат кезинде ал жасалма дипломун көрсөтүп КР ТИМ Дипломатиялык академиясына сырттан окууга тапшырып, экинчи диплом алган.

КСДПчы Рыскелди Момбековдун жогорку билими тууралу диплому жасалма экендиги аныкталгандан кийин Дипакадемиянын Окумуштуулар кеңеши Момбековдун Дипакадемия берген дипломун да жараксыз деп таап, артка чакырып алды. Анткени экинчи жогорку билим алуу үчүн биринчи жогорку билими тууралу диплом аркылуу кыскартылган программада кабыл алынат.

Видео - Төлөгөн Наралиев, Апрель баатыры: “Чыңгыз Айтматовдун комплекси менен эстелигине бөлүнгөн акчаны да жөндөп иштете албай, курулуш токтоп калды”

“2018-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Таласка келип, Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени – Шекер айылына чейин кирип ““Чыңгыз ордо” комплексин куралы, ал жерге Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотолу, улуу жазуучунун бүт адабий жана маданий мурасын ошол жерге чогулталы”, – деп жакшы демилге көтөргөн эле. Мыктыны мыкты деш керек. Сөзүнө туруп, биринчи транш деп 65 млн сом да бөлдүрүп берген”, – деп билдирди Апрель баатыры, экс-аким Төлөгөн Наралиев.

“Ал акча 2019-жылы Талас облустук Капиталдык курулуштар башкармалыгынын эсебине келип түшкөн. Курулуш башталган. Анан эле жергиликтүүлөрдөн ар түрдүү оюндар, схемалар чыга баштады. Талас УКСи Чыңгыз Айтматовдун эстелигине кыргыз скульпторлорунун арасында сынак жарыяламак, ким жакшы эстеликтин долбоорун сунуш кылса ошол сынактын жеңүүчүсү болуп, акчалай сыйлыгын алмак. Бирок кайдан-жайдан КСДПчы депутат Рыскелди Момбеков ортого аралаша калды да Ростов-на-Донудагы бир эмгек мигранттары заказ кылган Чыңгыз Айтматовдун даяр эстелигин 2,5 млн сомго арзан сатып алууну сунуштай коюп, Талас УКС ошол эстеликти сатып алып келишти. Ал эстелик тендерсиз жасалгандыктан сапаты жана көркөмдүгү жагынан Шекерликтерге жаккан жок. “Эстеликтин денеси – Пушкиндин эле денесине Чыңгыз Айтматовдун башын чаптап койгондой болуп калыптыр. Айтматовдун дене түзүлүшү мындай эмес. Анан калса жасалган материалы да чирип, сынып, тешилип калган. Араң эле турат” дешип, эмгек мигранттары менен депутат Момбеков алып келген эстеликти жактырбай коюшту. Бирок 2,5 млн сом кетти.  Аңгыча бөлүнгөн 65 млн сомдун 31 млн сому иштетилди деп отчет берилгенде финансылык мыйзам бузуулар чыгып, Эсеп палатасы жана прокуратура текшерип, иштердин баары токтоп калды. Мына, эми эки жылдан бери жаңыдан курула баштаган комплекс  четинен урай баштады. Бул кейпинде Чыңгыз Айтматовдун арбагынын астында да уят болот окшойбуз. Баса, анын 95 жылдык юбилейи да жакындап келе жатат. Ага чейин бүткөрүп койсок жакшы болот эле”, – деди тынчсызданган Төлөгөн Наралиев.

Чыңгыз Айтматовдун эмгек мигранттары менен депутат Момбеков жасатып алып келген эстелиги. Шекерликтерге жаккан жок.

 

Меню