Menu

Сагындык уулу Азамат

$9000 пара боюнча Бишкек шаарынын вице-мэри Сагындык уулу Азамат кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК Бишкек шаарынын мэриясында коррупцияга байланыштуу кылмыштарды алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, мурда алынган 6000 АКШ доллары өлчөмүндөгү параны кайтарып берүү учурунда Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкерлери кармалышты. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Кармалгандар Бишкек шаарынын ушул тармакты тейлеген вице-мэри менен сүйлөшүп алып, Кытай грантынын эсебинен оңдолуп жаткан Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүнүн реконструкциялоо долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн,  жолдун боюнда жайгашкан соода объектисин  сактап калуу үчүн кафенин ээсинен 9000 АКШ доллары өлчөмүндө пара алышкандыгы аныкталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кармалгандар Бишкек шаарынын вице-мэринин жогорудагы кылмыштын жасалышына тиешеси бар экендигин моюнга алышкан.

2021-жылдын 24-июлунда, пара алууну уюштурганы боюнча жетиштүү далилдер болгондугуна байланыштуу, “С.А.” кармалып, Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда кылмыш иши боюнча ушул кылмыштын жасалышына тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чаралардын комплекси жүрүп жатат.

Меню