Menu

Садыр Жапаров

Садыр Жапаров Бээжиндеги "Бир алкак, бир жол" форумуна катышпайт

Президент Садыр Жапаров Кытайдын борбору Бээжинде өтүп жаткан “Бир алкак, бир жол” эл аралык кызматташтык форумуна катышпайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрилигинин басма сөз кызматы 17-октябрда билдирди.

Буга быйыл октябрдагы КМШ саммити, ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны, Кытайдын премьер-министри Ли Цяндын Кыргызстанга расмий сапары жана Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны сыяктуу бир катар иш-чаралар себеп болгону айтылат.

Форумдун тематикалык иш-чараларына Кыргызстандан энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков катышууда.

ТИМ билдиргендей, 17-18-октябрда Бээжинде өтүп жаткан “Бир алкак, бир жол” эл аралык кызматташтыгынын үчүнчү форумунун темасы “Бир алкак, бир жолду” жогорку сапатта куруу, жалпы өнүгүүгө жана өркүндөөгө биргелешип жетишүү” деп белгиленген.

Бул форумга 140тан ашуун мамлекет башчылары, өкмөт жетекчилери, министрлери жана башка деңгээлдердеги 30тан ашуун эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Иш-чаранын алкагында экология, логистика, санариптик экономика, тышкы соода, маданий-гуманитардык байланыштар, аналитикалык борборлордун ортосундагы кызматташтык, аймактар аралык жана деңиз кызматташтыгын илгерилетүү маселелери талкууланат.

Президент "Конституциялык сот жөнүндө" талаштуу мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу мыйзам долбооруна кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясы 3-октябрда кабарлады.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамды өзгөртүү сунушун камтыган долбоорду Жогорку Кеңеш 28-сентябрда дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз колдогон. Экинчи окууда 64 “макул”, эки депутат “каршы” добуш берген. Үчүнчү окууда документти 63 депутат колдоп, беш эл өкүлү каршы болгон.

“Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин президент Садыр Жапаров көтөргөн. Документте Конституциялык соттун чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы менен кайра каралышы мүмкүн экени көрсөтүлгөн.

Конституциянын 97-беренесинин 4-бөлүгүндө “Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт” деп так белгиленген. Мыйзамды сынга алгандар соңку өзгөртүү Баш мыйзамдын ушул беренесине карама-каршы келерин белгилеп жатышат. Бир катар юристтер, эксперттер бул мыйзам кабыл алынса бийликтеги баланс бузуларын, сот эркиндиги чектелерин эскертип келген.

Президенттин администрациясы Баш мыйзамда деле “Жогорку Соттун чечими акыркы болот” деп жазылганын билдирип, бирок Кылмыш-жаза-процессуалдык кодекси боюнча жаңы жагдай чыкса, иш кайра каралат деген жобону жүйө келтирген.

Конституциялык сот 30-июнда активист Алтын Капалованын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын талапка жооп бериши текшерилсин деген арызы тууралуу чечим чыгарган. Анда Үй-бүлө кодексинин 63-беренеси жана “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын 30-беренеси Конституцияга каршы эмес деп табылган.

Конституциялык соттун чечмелөөсүнө ылайык, бала 18 жашка чыкканда өз каалоосу менен “атасынын аты” деген графага апасынын атын жаздырууга укугу бар.

“Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси ушул чечимден кийин көтөрүлгөн.

6-сентябрда спикер Нурланбек Шакиев “матроним” маселеси боюнча түшүндүрмө берген Конституциялык соттун төрагасын жана анын бардык мүчөлөрүн өз арызы менен кызматтан кетишин талап кылган.

Президент Жапаров тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгын жарыялады

Президент Садыр Жапаров 2023-2027-жылдарды Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын жарыялоо жарлыгын чыгарды. Бул тууралуу маалымат 21-сентябрда мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.

Жарлык өлкөнүн экологиялык, экономикалык, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууну, климаттын туруктуулугун жогорулатууну, жаратылыш мурастарын сактоону көздөйт.

Анын алкагында тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгын даярдоо жана өткөрүү үчүн уюштуруу комитети түзүлүп, бул багытта Нурлан Айтмурзаев президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды.

Тышкы иштер министрлиги бир ай ичинде беш жылдыкты уюштуруу боюнча жол картанын долбоорун иштеп чыгып, Министрлер Кабинетине сунушташы керек.

Былтыр декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясы Кыргызстандын демилгеси менен 2023-2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыялаган.

Башкы Ассамблеянын 77-сессиясы бир добуштан “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” деп аталган резолюцияны кабыл алган. БУУга мүчө 109 мамлекет ага авторлош катары кошулган.

Кыргызстанда 2022-жыл – Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланган.

ТИМ: Чикаголук кыргыздарга президент Жапаров 2 хан боз үй белек кылды

2023-жылдын 30-августунда Чикагодо кыргыздын эки хан боз үйүн «Kyrgyz Community Center» кыргыз коомдук уюмуна салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи болуп өттү.

Бул керемет боз үйлөр кыргыз диаспорасы менен мекендин ортосундагы байланышты бекемдөөнүн жана колдоонун белгиси катары Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан белекке берилди.

Боз үйлөрдү салтанаттуу тапшыруу аземи кыргыз коомчулугунун борборунда болуп, ага Чикагодогу кыргыз диаспорасынын координаторлор, активисттер жана өкүлдөрү, белгилүү маданият ишмерлери, бизнес өкүлдөрү, журналисттер жана блогерлер катышты.

Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулу Болотбек Борбиев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун куттуктоо катын окуп, анда жашаган жерине карабастан кыргыздын каада-салтын жана маданий мурастарын сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

АКШда жашаган мекендештер Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго чын жүрөктөн ыраазычылыктарын билдиришти.

Боз үйлөр кыргыз маданиятынын жана каада-салттарынын символу катары “бакубат жашоонун” маанилүү элементи болуп, Америка Кошмо Штаттардагы кыргыз маданий мурастарын сактоого жана жайылтууга көмөктөшө турган маданий иш-чараларды, жолугушууларды, билим берүү программаларын өткөрүү үчүн пайдаланылат.

Садыр Жапаров: 2016-жылы Темир Сариев популисттик кылып алдым деп койгон 4 пансионатты 2017-жылы Сапар Исаков Өзбекстанга кайтарып берүүгө шашкан

Президент Садыр Жапаров 18-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берилиши тууралуу комментарий берди.

Анда бул жайлардан улам кыргыз тарап Ташкент менен соттошконун айтып, убагында пансионаттарды Кыргызстанга кайтарган 2016-жылдагы премьер-министр Темир Сариевди “популисттик” кылган деп айыптады.

“2016-жылы Темир Сариев премьер-министр болуп турганда, мен ачыгын айтайын, популисттик кылып эле алып койгон. Архивдик кагаздарды окуп чыгып, келечегин жакшылап карап, жети өлчөп бир кесиш керек эле. Тагыраак айтсам, эл аралык соттон утулбай турган болсок, анан алып койсо болмок. Ошол эле жылы өзбек тарап Вашингтонго эл аралык сотко 65 миллион долларга доо арыз бериптир. 2017-жылы Сапар Исаков өзбек тарапка кат жөнөткөн экен: “Тынчтык жолу менен чечели, силерге 4 пансионатты кайра берели, силер эл аралык соттон доо арызыңарды алып койгула”, – деп. Алар алган эмес. Май айында эл аралык сот кыргыз тарап 40 миллиондон ашыгыраак доллар төлөйсүңөр деген чечим чыгарды. Биз эки жак келишип, “анча акчаны төлөй албайбыз. Андан көрө силер 49 жылга алгыла, 4-5 жылдыздуу мейманканаларды кургула” деп келиштик”, – деген Жапаров.

Ал ошондой эле бул пансионаттарды сатыкка чыгарганда аларман чыкпастыгын, узак мөөнөткө пайдаланууга берилгени ыңгайлуу болорун белгиледи.

“Ал төрт пансионатты саталы десек, 40 миллионго эмес төрт миллион долларга эч ким сатып албайт. Ал эми 5-10 жылга бербейлиби деген бул түркөйлүк. Төрт-беш жылдыздуу жатаканаларды куруп бүткүчө эле 5-10 жыл кетет. Анан кайсы мамлекет короткон акчасын актабай туруп биз үчүн куруп бермек эле. “Кемпир-Абад кетти” дегендер же сабатсыздар, акылсыздар же ичи кир адамдар. Кемпир-Абад кеткен жок. Келди. Мындан ары 50/50 башкарабыз деп 50 пайызын алып койдук”.

Мунун алдында Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги өзбекстандык компанияларга башкарууга берилген пансионаттар тууралуу түшүндүрмө тараткан. Ага ылайык, “Дилором”, “Золотые пески”, “Рохат” жана “Бустон” пансионаттары узак мөөнөткө, 49 жылга пайдаланууга, ал эми жери ижара шартында берилет.

Келишимге ылайык, бул жайлар үч-төрт жылдыз деңгээлинде оңдоп-түзөтүүдөн өтөт. Иштеген жумушчулардын 80% кем эмес бөлүгүн жергиликтүү тургундар түзүшү керек.

Аталган агенттик бул жайлар мамлекеттин балансында турганын, чыгашалуу болуп келгенин, көпчүлүк бөлмөлөрү начар, авариялык абалда болгонун белгиледи. Жаңылап, оңдоо үчүн ири инвестиция керектигин айтты.

Төрт пансионатты Өзбекстанга башкарууга берүү тууралуу чечим апта башында Чолпон-Атадагы кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынында кабыл алынган. Ага ылайык, “Золотые пески” пансионаты “Ташкент механикалык заводуна”, “Дилором” пансионаты “Асакабанк” компаниясына, “Рахат” эс алуу жайы “Өзбекстандын тышкы экономикалык улуттук банкына”, ал эми “Бустон” “Узпромстройбанк” банкына берилет.

“Ар бир объектке салынуучу инвестициянын көлөмү 15-20 миллион доллар деп бааланып жатат, ар биринде 200дөй жумушчу орун түзүлүп, жылына 130 миллион сомго чейин салык түшөт”, – деп жазылган маалыматта.

Кыргыз өкмөтү 2020-жылы “Алтын кум”, “Рохат” жана “Дилором” пансионаттарын жеке менчикке башкарууга берүү ниетин билдирген. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бул жайлар мамлекеттин менчиги болуп кала берерин, инвесторго убактылуу башкарууга берилерин айткан.

2016-жылы кыргыз өкмөтү совет учурунда Ысык-Көлдө Өзбекстан пайдаланып келген төрт пансионатты менчиктештирүү боюнча токтом чыгарган. Эс алуу жайларынын аталыштары кыргызчаланып, “Рохат” – “Алтын жай”, “Дилором” – “Эне-Сай”, “Золотые пески” – “Бостери” деп өзгөргөн. Ал эми “Бустон” пансионатынын аты ошол бойдон калган.

Президент Садыр Жапаров Орусияга каршы санкциялар боюнча АКШ сенатору Боб Менендеске жооп берди

Президент Садыр Жапаров Орусияга салынган санкциялар жана АКШнын Сенатындагы Эл аралык мамилелер комитетинин башчысы Боб Менендестин бул маселе боюнча анын дарегине жолдогон катына байланыштуу “Кабар” агенттигине маек курду.

Ал Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп айтууга негиз жок экенин билдирди.

“Орусия менен Кытай кичинекей Кыргызстанга көз каранды эмес. Орусия менен Кытай – өздөрү бири-бирине кошуна өлкөлөр. 4000 километр чек ара тилкеси бар. Орусия кааласа деңиз аркылуу, кааласа темир жол аркылуу эшелон-эшелон же баржа-баржа кылып каалаган товарын ташып алат. Ооба, кыргызстандык компания дрон алып бара жаткан жеринен Казакстандан кармалды. Ал дрондор айыл чарба багытына жумшала турган дрондор болчу деп түшүндүрдү. Бирок ошентсе да биз азыр дрон жана учкучсуз аппараттарды өткөрбөй жатабыз”, – деген президент.

Ал өзүнүн дарегине сенатордон тышкары көп жактан кат келип турарын, муну “жөн гана Кыргызстанды кандай болсо дагы бир шылтоо таап, кысым кылып, өздөрү жакка тартуу” деп эсептей турганын айтты. Президент Кыргызстан эгемен мамлекет катары көп векторлуу саясат жүргүзө турганын, Украинадагы согушта башынан бери нейтралдуу позицияны кармап келатканын кошумчалады.

Мунун алдында АКШнын Сенатындагы Эл аралык мамилелер комитетинин башчысы Боб Менендес санкциялык чектөөлөр бузулган жагдайга байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылган. Ал Бишкекти Москвага Батыш салган санкциядан буйтап өтүүгө жардамдашпоого чакырганын “Америка авазы” (Voice of America – ред.) сайты жазды.

Сенатор катында Орусия Украинага каршы согуш ачкандан кийин Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда импорттук-экспорттук операциялар болуп көрбөгөндөй көбөйгөнүн белгилеген. Анда коргонуу багытындагы, анын ичинен дрон, учактын жана курал-жарактын тетиктери, ошондой эле микросхемалар өңдүү тыюу салынган буюм-тайымдарды Орусияга мыйзамсыз импорттоо жагынан Кыргызстан ага шерик болуп жатканын эскерткен.

Өткөн айда АКШнын санкциясына кабылды делген кыргызстандык компанияларга байланыштуу Улуттук коопсуздук комитети иликтөө баштаган.

Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” курган маегинде түзүлгөн жагдай жана мындан аркы кызматташууну талкуулоо үчүн АКШ өкүлдөрү менен жолугушуу пландалып жатканын айткан. Ал кыргыз тарап санкциянын алкагында кооптонуу жараткан товарларды чогуу карап чыгууга даяр экенин билдирген.

Ал АКШ жана Европа өлкөлөрү Кыргызстандын жана Евразия экономикалык биримдигинин аймагына кирген кайсы товарлар жана өнүмдөр санкцияга илиниши ыктымалдыгы тууралуу маалымат бере электигин белгилеген. Ошентсе да, кыргыз бийлиги экспорттук көзөмөл тизмесине киргизилген товарларды дыкат текшере баштап, буга байланыштуу электрондук счет-фактураны колдонууну күчөткөнүн айткан.

Анын алдында АКШнын Каржы министрлиги Орусиядагы 120дан ашуун компания менен катар Кыргызстанда катталган төрт ишканага да санкция салган. Аталган мекеменин маалыматында айтылгандай, “кара тизмеге” илинген компаниялардын айрым жабдуулары орустардын Украинага каршы колдонулган курал-жарактарынан табылган.

Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компанияларынан товар алып турган Орусиядагы бир катар ишканалар да санкциялык тизмеге кошулган.

“Азаттык” буга чейин Орусиянын согушка жардамдашып жаткан компаниялары менен кызматташуусу ыктымал делген кыргызстандык ишканалар боюнча атайын иликтөө жасаган.

Буга чейин АКШ Кыргызстандагы “Тро, Я” аттуу компанияга да санкция салган.

АКШ сенатору Боб Менендес кыргыз президенти Садыр Жапаровду Москвага Батыш салган санкциядан буйтап өтүүгө жардамдашпоого чакырды

АКШнын Сенатындагы Эл аралык мамилелер комитетинин башчысы Боб Менендес санкциялык чектөөлөр бузулган жагдайга байланыштуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды.

Ал анда Бишкекти Москвага Батыш салган санкциядан буйтап өтүүгө жардамдашпоого чакырды. Бул тууралуу “Америка үнү” (Voice of America – ред.) сайты жазып чыкты.

Сенатордун Жапаровго жолдогон катында Орусия Украинага каршы согуш ачкандан кийин Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда импорттук-экспорттук операциялар болуп көрбөгөндөй көбөйгөнүн белгилеген. Анда коргонуу багытындагы, анын ичинен дрон, учактын жана курал-жарактын тетиктери, ошондой эле микросхемалар өңдүү тыюу салынган буюм-тайымдарды Орусияга мыйзамсыз импорттоо жагынан Кыргызстан ага шерик болуп жатканын эскерткен.

“Сиздин өкмөтүңүздү ушундай санкциялык чектөөлөрдүн бузулушу тууралуу айыптоолорду чукул иликтөөгө, өлкөңүз аркылуу товарлардын мыйзамсыз өтүшүнүн алдын алган ишенимдүү жол-жоболорду орнотууга чакырам”, – деп жазылган катта.

Менендес “Кыргызстандын Орусияга салынган эл аралык санкциялар боюнча эрежелерди сактай албаганы – демократиядан жана адам укугун сактоодон чегинип жатканынын белгиси” деген кооптонуусун билдирди.

Сенатор азыркы өкмөт “журналисттердин жана эркин медиалардын укугун бир канча жолу бузуп, укук коргоочуларды жана жарандык коомду чектегенин” белгилеген.

“Бир кезде Борбор Азиядагы демократиянын көрсөткүчү болгон Кыргыз Республикасы автократиянын кооптуу жолуна түштү. Мен көз карандысыз бардык медиаларга коюлган чектөөлөрдү алып, абакта жаткандарды бошотуп, эркин чогулуу укугуна коюлган чектөөлөрдү жокко чыгарууга чакырам”, – деген Менендес.

Садыр Жапаров жана анын администрациясы буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Өткөн айда АКШнын санкциясына кабылды делген кыргызстандык компанияларга байланыштуу Улуттук коопсуздук комитети иликтөө баштаган.

Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” курган маегинде тзүлгөн жагдай жана мындан аркы кызматташууну талкуулоо үчүн АКШ өкүлдөрү менен жолугушуу пландалып жатканын айткан.

“Кайсы өнүмдөр жана товарлар санкциянын алкагында кандай кооптонуу жаратып жатканын чогуу карап иш жүргүзгөнгө толук даярбыз”, – деген министр.

Ал АКШ жана Европа өлкөлөрү Кыргызстандын жана Евразия экономикалык биримдигинин аймагына кирген кайсы товарлар жана өнүмдөр санкцияга илиниши ыктымалдыгы тууралуу маалымат бере электигин белгилеген.

Амангелдиев буга карабай кыргыз бийлиги экспорттук көзөмөл тизмесине киргизилген товарларды дыкат текшере баштап, буга байланыштуу электрондук счет-фактураны колдонууну күчөткөнүн айткан.

Анын алдында АКШнын Каржы министрлиги Орусиядагы 120дан ашуун компания менен катар Кыргызстанда катталган төрт ишканага да санкция салган. Аталган мекеменин маалыматында айтылгандай, “кара тизмеге” илинген компаниялардын айрым жабдуулары орустардын Украинага каршы колдонулган курал-жарактарынан табылган.

Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компанияларынан товар алып турган Орусиядагы бир катар ишканалар да санкциялык тизмеге кошулду.

“Азаттык” буга чейин Орусиянын согушка жардамдашып жаткан компаниялары менен кызматташуусу ыктымал делген кыргызстандык ишканалар боюнча атайын иликтөө жасаган.

Буга чейин АКШ Кыргызстандагы “Тро, Я” аттуу компанияга да санкция салган.

Адатта “кара тизмеге” киргизилген компаниялар эл аралык деңгээлде иш жүргүзө албайт жана Батыш өлкөлөрүндөгү ишканалар менен кызматташуусуна жол жабылат. Андай компанияларды тейлөөгө да тыюу салынат.

Президент Садыр Жапаров "Жыргалаң" көмүр кени боюнча Эмил Каптагаевдин сынына жооп берди

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кыскача маегинде 12 жылдан бери иштебей турган Жыргалаң көмүр кени ишке киргизилгендигине байланыштуу суроого жооп берди.

— Ысык-Көлдөгү “Жыргалаң” шахтасы он эки жылдан кийин ишке кирди деген маалымат чыккандан кийин айрым адамдар жана айрым ЖМКлар “Бул жалган, “Жыргалаң” эмес, башкасы ишке кирди жана башка…” деп, ар кандай кептерди айтып чыгышты. Ушул көмүр кенинин чоо-жайын айтып берсеңиз?

— Макул. Алгач бул шахтанын тарыхына бир аз токтоло кетейин. Бул шахта союз чачырагандан кийин багы ачылбай калган. 2009-жылы мамлекет бул шахтаны жеке менчикке сатабыз деп аукционго коет. Үч компания катышып, арасында чет өлкөлүк компаниялар дагы болгон. Жыйынтыгында бир компания утуп алат, ал компания менин бир тууган агам Сабыр Жапаровдуку эле. Утуп алгандан кийин өткөрүп алайын деп барса, Өкмөт алдап саткан экен. Аукционго коюп жатканда, 25 миллион сом карызы бар деп айтылат.

Чындыгында, 80 миллион сомго жакын карызы бар экен. Биринчи капиталын төлөп койгондон кийин артка жол жок болуп калгандыктан, айласы жок дагы эки жыл дегенде араң карыздарын жаап бүтөт. 2011-жылдан баштап толук кандуу иштете баштайт. Мен камалып чыгып, чет өлкөгө чыгып кеткенден кийин ошол мезгилдеги бийлик криминалдарды жиберип, 2014-жылы шахтаны криминалдар тартып алышат. Кесипкөй адамдар иштетпегенден кийин бир аз убакыт өтпөй, шахта токтойт, ортодо Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эки кызматкери каза болот. Ошентип, шахтага суу толуп калат. Ошол бойдон ушул күнгө чейин суу басып жатат. Мен бийлике келгенде, бир тууган агам: “Шахтамды кайра алам” деп чыкты. Мен көнбөй койдум: “Бийликтин күчүнө салып кайра алышты деген сөз калат, кереги жок” деп койдум.

Мурдагы жылы мага бир бизнесмен келип, “мен алып иштетейин” деп сурады. “Эгер иштетип кетериңе көзүң жетсе, ала бер. Мамлекетке иштеп турганы пайда” дедим. Ошентип, азыр Марат деген бизнесмен иштете баштады. Эки жылдан бери даярдоо иштерин жүргүздү. Россия-Кыргыз фондунан 1 миллион 700 миң доллар кредит алып, ал акчанын чыпчыргасын коротпой, Россияга заводго которуп, конвейер сиситемасын алып келди. Кытайдан өз акчасына көмүр казган комбайн жана башка керектүү техникаларды толук алып келди. Эми, Кудай буюрса, мындан ары Жыргалаң шахтасы бери дегенде 20 жыл токтоосуз иштеп кетет. Мурдагы көмүр чыгарган техникасы бир тонналык вагондор болчу, 1960-жылдары коюлган. Алардын ордуна жаңы, заманбап конвейерлер коюлду. Шахта өзүн-өзү актамак түгүл, эбегейсиз зор киреше берет деп ишенем.

Эми “суу басып жатат” деген сөздөргө келели. Ооба, баягы суу баскан ооз жагын суу басып эле турат. Азыр башка жагынан – эки жерден туннель менен кирип көмүр алып жатышат. Суу баскан жактагы көмүрдү дагы алышат. Ал жакка жаңы туннель менен кирип бара жатышат. Кыскасы, шахтада канча көмүр болгон болсо, баары казылып алынат. Азыр лицензия бир эле адамдын колунда. Мурдагыдай башаламан эмес.

Кудай буюрса, Ысык-Көлдөгү калкыбыздын жарымын мындан ары көмүр менен камсыз кылганга жетишет деп үмүт артып олтурам.

Эми ушул учурдан пайдаланып, жалган деп жаткан бир ууч жарандарыбызга кайрылып кетейин. Өзүңөр өлкөнүн өсүшүнө пайда келтирбесеңер дагы, зыяныңарды тийгизбей тургулачы, сураныч. Өлкөбүздө ушундай жакшы иштер жасалып жатканда, тескерисинче, сүйүнүп, колдоп-коштоп ийгилик каалап турсаңар жакшы эмеспи.

Эсиңиздерге сала кетсек, 4-августта  Минкабдын басма сөз кызматы тараткан “12 жылдан кийин “Жыргалаң” көмүр кени иштей баштады” деген маалыматты 2010-жылдагы Убактылуу Өкмөттүн аппарат башчысы Эмил Каптагаев калпка чыгарып минтип жазган эле “Ири-ири иштер аткарылып жатканда ушундай майда-барат жалган айтылган маалымат элди иренжитип, ишеничти кетирет го дейм. Ишке кирди деп айтылып жаткан кичи-шахта Бакыт Дөргөев ачкан “Дөргө-көмүр” ишканасы, алына жараша иштеп эле келе жаткан, чамасы чакан эле шахта. Ал жерде көп эле болгом. Ал эми айтылуу “Жыргалаң көмүр шахтасы” иштебей калган, ичине суу толуп ошол бойдон турат азыр деле. “12 жыл иштебей калган шахта кайра иштеди” дегенди уккан Аксуу, Жыргалаңдыктар эмне дешет болду экен? Журналисттер маалыматты да тактап, ашыра чаппай, апыртып жибербей бергени туура болот го дейм”.

"Чекит медиа" бийликке иштеген фейк-фабрика тууралуу экинчи иликтөөсүн жарыялады

“Чекит медиа” платформасы фейктерге байланыштуу иликтөөсүнүн уландысын жарыялап, “Президент фейктердин колдоосуна муктажбы?” деген суроолорго жооп издеди.

Анда журналист Асел Сооронбаева президент Садыр Жапаров абакта жаткан мезгилде мессенжерлер аркылуу социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларын башкарып, ошол эле ыкмасын мамлекет башына келгенден кийин да улантканын баяндайт.

Иликтөөдө 2020-жылкы Октябрь окуяларында абактан чыккан Садыр Жапаров премьерликке сунушталгандан кийин президент Сооронбай Жээнбековдун тарапкерлерине аны колдоого тапшырма берилгени жаена атайын топ башкаларды каралап турганы айтылат. Фейк-фабрика 2021-жылкы президенттик шайлоодо да Жапаровго иштегени көрсөтүлөт.

“Чекит медиа” платформасы бул иштерге “Кабар” улуттук маалымат агенттигинин, Улуттук телерадио корпорациясынын жана ар кайсы министрликтин кызматкерлери да тартылып жатканы тууралуу кеп кылат. Аталган мекемелердин жетекчилери, өкүлдөрү программанын ичинде муну төгүнгө чыгарышкан. Алар иликтөө жарыяланган соң анда айтылгандар тууралуу билдирүү таратыша элек.

“Чекит медиа” платформасы 20-июнда “Президент фейктердин колдоосуна муктажбы?” деген аталыштагы биринчи иликтөөсүн жарыялаган. Анда журналист Асель Сооронбаева Улуттук телерадио корпорациясындагы маалыматты социалдык медиа аркылуу жайылтуучу бөлүм менен бийликтин баскан-турганын мактап-жактаган жана оппозицияны, бейөкмөт уюмдарды, көз карандысыз маалымат каражаттарын каралаган фейктердин байланышын иликтеп чыккан.

Программада 2022-жылы ноябрда жаңы бөлүмдүн ишке кириши менен бийликти мактаган окшош билдирүүлөр социалдык тармактарда журналисттердин өздөрүнүн атынан да, ошол эле учурда фейк-аккаунттар тарабынан да көп бөлүшө баштаганын аныктаган. Ошондой эле иликтөөдө фейк-аккаунттар менен УТРКнын SMM бөлүмүндө иштеген кызматкерлердин түздөн-түз байланышын фактылар менен көрсөтүп берген.

Берүүдө фейк-фабриканын артында президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков турабы деген суроо да көтөрүлүп, аны Орунбековдун четке каккан жообу кошо берилген. Орунбеков менен УТРК муну төгүндөп чыккан.

Кыргызстанда бийликти мактап-жактаган фейк-фабрика иштеп, аны каржылоого мамлекеттик бюджеттен акча сарпталары мурда да айтылып, бир катар иликтөөлөр жарыяланган.

Кыргызстандагы жети редакцияны бириктирген Checkit Media платформасы быйыл февралда фейк жана манипуляция менен күрөшүү максатында түзүлгөн. “Интерньюстун” “Медиа-К” долбоору аркылуу ишке ашкан платформага Factcheck.kg, “ПолитКлиника”, T-Media.kg, “Апрель ТВ”, Bulak.kg, Mediahub жана “Баштан Башта” редакциялары кирет.

 

Садыр Жапаров энергетикадагы өзгөчө кырдаал режимин түшүндүрдү

Президент Садыр Жапаров 26-июлда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине энергетика тармагына киргизилген өзгөчө кырдаал режими тууралуу түшүндүрмө берди.

Анда мындай жарлыккка кол койгон себебин Энергетика министрлигинин ыйгарым укуктарын кеңейтүү зарылчылыгы менен негиздеди жана “сарсанаа болууга” негиз жоктугун айтты.

“Эч кандай өзгөчө кырдаал түзүлгөн жок. Бул жарлык менен энергетика тармагында кандай гана маселе жаралбасын, министрге ыкчам чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп бердик. Маселен, энергетика министри өзүнүн компетенциясына кирген суу, энергетика, гидроэнергетика жана башка маселелер боюнча бардык координациялоо ролун аткарат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилерине, тармактык министрликтердин жетекчилеринин орун басарларына эми энергетика министри тапшырма бере алат. Маселелердин ыкчам чечилишин камсыздоо үчүн ыйгарым укук берилип жатат. Болбосо өзүнүн министрлигинен башка органдарга түз чыга албай, энергетика жаатындагы маселелердин чечилиши бир топ аксап, кечеңдеп калууда. Айрым маселелер мекемелер арасында жарым жылдап чечилбей калып турган учурлар бар экен. Тилекке каршы, биздин ачык-айрым коомубузда “бийлик эптеп эле бир жеринен жаңылса, жыдыса экен” деп, жалаң эле жамандык издеген, өлкөдө ушундай бир каатчылык түзүлсө экен деп күткөн бир ууч топ бар. Бирок биздин сабаттуу элибиз өкмөттүн ачык-айрым ишин туура, так түшүнүү менен кабыл алып жатат”, – деген Жапаров.
Президент быйыл өлкөдө суу аздыгына токтолуп, бул Кыргызстанга эле эмес, жалпы аймактагы көрүнүш экенин белгиледи. Кышында электр энергиясына байланыштуу көйгөй жаралбайт деп ишендиргенге аракет кылды.
Садыр Жапаров 24-июлда энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анын алдында, 20-июлда энергетика министри Таалайбек Ибраев өкмөттүн жыйынында мынжай режим киргизүүнү сунуштаган.
Кыргызстанда 2022-жылы 13,85 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, 15,9 млрд кВт/саат керектелген. Дефицит импорт аркылуу жабылган. 2023-жылы керектөө 17 млрд кВт/саат болот деп эсептелип жатат.
Эң ири “Токтогул” суу сактагычында суу аз болуп жаткандыктан, электр кубатын өндүрүү быйыл 15 млрд кВт/саатка жетпей калышы мүмкүн деп айтылууда.

Меню