Menu

Садыр Жапаров менен Владимир Путин

Президент Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-майда, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Тет-а-тет форматындагы жолугушууда өлкө лидерлери  кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын талкуулашты.

Россиянын Президенти Владимир Путин тараптар ортосундагы мамилелер жалпысынан позитивдүү өнүгүп жатканын белгиледи.

Ал былтыркы товар жүгүртүүнүн олуттуу өсүшүн белгилеп, Россия Кыргызстандын товар жүгүртүүсүндө ишенимдүү биринчи орунда тураарын кошумчалады.

Владимир Путин ЖККУ саммитинин аянтында биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн багыттарын көзмө-көз талкуулоого мүмкүнчүлүк бар экенин канааттануу менен билдирди.

Президент Садыр Жапаров өз кезегинде Владимир Путинге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, дагы бир жолу Улуу Жеништин 77 жылдыгы жана өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

Садыр Жапаров Россия Федерациясы менен  бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууга даяр жана кызыкдар экенин билдирди.

Президент Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Өлкө лидерлери кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын, ар кыл тармактагы өз ара пайдалуу байланыштардын абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.

Садыр Жапаров Владимир Путинди туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага бекем ден соолук, узак өмүр, ошондой эле жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Ал өлкөлөрдүн тарыхый достук жана бири-бирин урматтоонун бекем салттарына негизделген өз ара алакасын жогору баалап, бул иште Владимир Путиндин чоң салымын белгиледи.

Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров Россия лидерин Мамлекеттик думага шайлоолордун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, анын мындан аркы ишмердүүлүгү парламенттер аралык байланыштарды Жогорку Кеңеш менен чыңдоого багытталарына ишеним артты.

Өз кезегинде Россиянын Президенти Владимир Путин куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле орус тараптын биргелешкен күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууга даярдыгын белгиледи.

Меню