Menu

Саида Мирзиёева

Шавкат Мирзиёев кызын президенттик администрацияга кызматка дайындады

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кызы Саида Мирзиёеваны президенттик аппараттын коммуникациялар жана маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындады. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.

Жаңы түзүлгөн бул бөлүм маалыматтык саясат жана коомдук пикирди изилдөө менен алектенет. Мындан тышкары маданият, билим берүү жана социалдык тармактардагы реформалардын жүрүшүн көзөмөлдөйт.

Өзбек лидеринин улуу кызы Саида Мирзиёева 2019-2022-жылдар аралыгында президенттик администрацияга караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар боюнча агенттиктин жетекчи орун басары кызматында иштеген. 2022-жылдан тарта Улуттук масс-медианы колдоо жана өнүктүрүү фондунун камкорчулар кеңешинин төрага орун басары кызматында иштей баштаган.

2021-жылы ноябрда Өзбекстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мамлекеттик кызматта чогуу иштөөгө тыюу салынган туугандардын тизмесин кеңейткен мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Ага ылайык, мамлекеттик кызматкер тууганы менен бир мекемеде иштеп жатканын билгенден кийин 10 күндүн ичинде ал тууралуу жетекчилигине маалымат бериши керек болот. Бул талапты аткарбаган кызматкерлер үчүн 375-500 доллар өлчөмүндө айып пул каралган. Эгер кызматкер бул тууралуу маалымат бергенден кийин жетекчилик алардын бирөөнү башка кызматка которуу боюнча чараларды көрбөсө, ал 600-750 доллар өлчөмүндө айып пул төлөйт.

Фото - Ташкентте «Борбордук Азияда жана Афганистанда туруктуу өнүгүү үчүн аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» аттуу Эл аралык бизнес форуму ачылды

Бүгүн, 15-июнда Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенаты жана БУУнун Өнүктүрүү Программасы тарабынан уюштурулган «Борбордук Азияда жана Афганистанда туруктуу өнүгүү үчүн аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» аттуу Эл аралык бизнес форумунун ачылышына катышты. Ошондой эле, иш-чарага кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов жана «Борбордук Азия аялдар лигасы» коомдук фондунун директору Асел Атабекова катышты.

Форумдун алкагында Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрагасы Танзила Нарбаева, Улуттук массалык маалымат каражаттарын колдоо жана өнүктүрүү коомдук фондунун Камкорчулар кеңешинин Төрагасынын орун басары Саида Мирзиёева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, белгилүү эл аралык уюмдардын, ошондой эле Борбордук Азия жана Афганистандын өкүлдөрү саламдашуу сөздөрү менен кайрылышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева өз сөзүндө Борбордук Азияда жана Афганистанда гендердик теңчиликке жетишүү тармагында аймактык жана эл аралык кызматташуунун учурдагы көйгөйлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоодо, аялдардын ишкердүүлүгүнүн потенциалын жогорулатууда мындай иш-чаралардын жогорку маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандагы аялдардын учурдагы абалы, анын ичинде алардын бизнестеги ролу жөнүндө кыскача маалымат берип өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар аялдар бизнесин өнүктүрүү боюнча тажрыйбалары жана ой-пикирлери менен алмашышып, Афганистан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын ишкер аялдарынын бизнес чөйрөсүндөгү кызматташуусунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

Форум ошондой эле ишкер аялдар жетектеген ишканалардын продукцияларынын көргөзмөсүн, ишкер байланыштарды жана ишкер өнөктөштүктү орнотуу жана өнүктүрүү боюнча B2B жолугушууларын өзүнө камтыйт.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар Биргелешкен Билдирүүнү жана Борбор Азия менен Афганистандын аял-ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыктын «Жол картасын» кабыл алышты.

Белгилей кетсек, Форумга катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрагасы Танзила Нарбаева менен өзүнчө жолугушуу өткөрөт.

Меню