Menu

салык

Бишкекте жаңы салык эрежелерине каршы нааразычылык акциясы өттү

Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчада бүгүн 20-февралда майда соода менен алектенген ишкерлердин акциясы өттү.

Өзүн Адина Камбарова деп тааныштырган ишкер журналисттерге кайрылып, жүздөй адам чогулганын, алар өкмөткө салык боюнча жаңы эрежелерге каршы экенин билдирип чыгышканын айтып берди:

“Чупа-чупстан, пирожкиден баштап баарын электрондук кылып системага киргизишибиз керек экен. Касса менен ЭТТНдин чеги бирдей болушу керек деп жатышат. Эгер бир сом айырма болсо да, чек чыгарбай койсок да айыппул салышат. Товарды базардан алсак, анын төрт процентин биз төлөп калат экенбиз. Патент баасын да эки эсе көбөйтүп, ККМ да колдоносун деп коюшуптур. Биз азык-түлүк, тамак-аш сатабыз, анын кээ бир түрлөрү мөөнөтү өтүп кетсе жарабай калат”.

Быйылкы жылдан тартып Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлердин товарында товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) болушу шарт, буга чейин кагаз түрүндөгүсү колдонулуп келген. Ал үчүн соодагер Салык кызматынын маалыматтык системасынан “жеке кабинет” ачып, ар бир товарынын коштомо кагазын электрондук түрдө тиркеп турушу керек. Ансыз товарын алып өтө албайт.

Салык кызматы жаңы талаптын максаты ачыктыкты жана айкындуулукту камсыз кылуу экенин билдирип, “Көп ишкерлер 1-2 миң сомго патент сатып алып коюп, 30-40 миллион сомго товар сатып, өкмөттү алдап келишкен. Аны биз далилдей албай калган учурлар бар. Эми электрондук-товардык жүгүртүү болгондо ишкерге товар келгенде биздин базага автоматтык түрдө маалымат түшөт. Бардык салык төлөөчүлөр бирдей төлөшү керек” деген комментарий берген.

Салык төлөөнүн жаңы эрежелери майда ишкерлерди убарага салып жатканы Жогорку Кеңеште бир нече жолу айтылган. Депутаттар салык кызматы өзү даяр эмес болгондуктан ишкерлер кыйналып жатышканын белгилешкен.

Акылбек Жапаров: Бюджеттин салыктан башка да киреше булактары болуш керек - видео

“Биздин бюджет бир гана салыктан көз каранды болбошу керек. Казино ачуу, туризмди өнүктүрүү сыяктуу киреше беренелерин диверсификациялоо зарыл. Бюджеттин салыктан башка да киреше булактары болушу зарыл”, – деп билдирди КР Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 22-июндагы КР ЖКнын отурумунда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып.

 

Салык жана бажы кызматтары январь айынын планын ашыгы менен аткарышып, 8 млрд 574 млн сом салык жыйнашты

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык жана Мамлекеттик бажы кызматтары 2022-жылдын январь айы үчүн салыктарды, бажы жана башка төлөмдөрдү жыйноо боюнча белгиленген планды ашыгы менен аткарышты.

Тактап айтканда, 30-январга карата Мамлекеттик салык кызматы республикалык бюджетке 8 млрд 574 млн сом салык жыйнаган. Белгиленген план 106,4 %га, же 514,6 млн сомго жогору аткарылган.

2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 3 млрд 436,1 млн сомго көп чогултулган (өсүү темпи 166,9%).

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан белгиленген пландын көлөмү 3 млрд 359,8 млн сом болсо, 2022-жылдын январь айында (бир күндү эсепке албаганда) 4 млрд 368,3 млн сом жыйналган.

Белгиленген план 130%ке, же 1 млрд 8,5 млн сомго ашык аткарылды.

Өткөн жылга салыштырмалуу өсүш 2 млрд 388,4 млн сомду түздү.

Улукбек Марипов 1-июлга чейин алкоголдук жана тамеки продукцияларын милдеттүү маркалоону ишке киргизүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салыктык башкарууну жакшыртуу жана өнүктүрүү жаатындагы мындан аркы пландарын жана милдеттерин талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө Салык кызматы “СМАРТ Салым” долбоорунун алкагында салык төлөөчүлөр үчүн санариптик технологияларды колдонуу менен жаңы тейлөө кызматтарын киргизүү боюнча иштерди жүргүзүп жаткандыгы белгиленди.

Министрлер Кабинетинин төрагасы салык жол-жоболорун санариптештирүү боюнча иш-чараларды күчөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча ишти приоритет катары алып баруу зарыл экендигин белгиледи.

“Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бизнес өкүлдөрү менен документтин долбоорун коомдук талкуулоого өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгууда бизнес өкүлдөрүнүн пикири максималдуу эске алынууга тийиш”, – деди Улукбек Марипов.

Кеңешменин жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна чейин киргизилүүгө тийиш болгон алкоголдук жана тамеки продукцияларын санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоону киргизүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Ушул маселени кароодо Улукбек Марипов экономикалык субъекттердин арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кеңешме жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин төрагасы тийиштүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берип, аларды аткаруу мөөнөтүнө өзгөчө көңүл буруп, эгер алар аткарылбаса жетекчилердин жоопкерчилиги караларын белгиледи.

Меню