Menu

Салыкка каршы акция

Бишкекте жаңы салык эрежелерине каршы нааразычылык акциясы өттү

Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчада бүгүн 20-февралда майда соода менен алектенген ишкерлердин акциясы өттү.

Өзүн Адина Камбарова деп тааныштырган ишкер журналисттерге кайрылып, жүздөй адам чогулганын, алар өкмөткө салык боюнча жаңы эрежелерге каршы экенин билдирип чыгышканын айтып берди:

“Чупа-чупстан, пирожкиден баштап баарын электрондук кылып системага киргизишибиз керек экен. Касса менен ЭТТНдин чеги бирдей болушу керек деп жатышат. Эгер бир сом айырма болсо да, чек чыгарбай койсок да айыппул салышат. Товарды базардан алсак, анын төрт процентин биз төлөп калат экенбиз. Патент баасын да эки эсе көбөйтүп, ККМ да колдоносун деп коюшуптур. Биз азык-түлүк, тамак-аш сатабыз, анын кээ бир түрлөрү мөөнөтү өтүп кетсе жарабай калат”.

Быйылкы жылдан тартып Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлердин товарында товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) болушу шарт, буга чейин кагаз түрүндөгүсү колдонулуп келген. Ал үчүн соодагер Салык кызматынын маалыматтык системасынан “жеке кабинет” ачып, ар бир товарынын коштомо кагазын электрондук түрдө тиркеп турушу керек. Ансыз товарын алып өтө албайт.

Салык кызматы жаңы талаптын максаты ачыктыкты жана айкындуулукту камсыз кылуу экенин билдирип, “Көп ишкерлер 1-2 миң сомго патент сатып алып коюп, 30-40 миллион сомго товар сатып, өкмөттү алдап келишкен. Аны биз далилдей албай калган учурлар бар. Эми электрондук-товардык жүгүртүү болгондо ишкерге товар келгенде биздин базага автоматтык түрдө маалымат түшөт. Бардык салык төлөөчүлөр бирдей төлөшү керек” деген комментарий берген.

Салык төлөөнүн жаңы эрежелери майда ишкерлерди убарага салып жатканы Жогорку Кеңеште бир нече жолу айтылган. Депутаттар салык кызматы өзү даяр эмес болгондуктан ишкерлер кыйналып жатышканын белгилешкен.

Меню