Menu

Салык жана бажы кызматтары

УКМК: Конфискацияланган 48 миллион сомдук контрабандалык тамекини 8 миллион сомго сатып жиберишкен сот аткаруучу, салыкчы жана бажычылар камакка алынды

КР УКМК тарабынан Бажы кызматында жана сот аткаруучулар кызматындагы коррупциянын көрүнүштөрүн жоюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, мамлекеттик бийликке жана сот адилеттигине каршы жасалган кылмыш фактынын бетин ачылды.

2023-жылдын 27-июлунда Ош облустук соту тарабынан контрабандалык жол менен алынып келинген 24 738 кг салмактуу “Serbetli” аталышындагы болжолдуу баасы 48 706 780 сомдук кальян тамекиси түрүндөгү контрабандалык жүк мамлекетке конфискацияланып, кийин Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.  

Бирок, Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча жооптуу адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, жашыруун сатуу максатында, Кара-Суу районунун сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн жана мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрүнөн турган комиссиянын катышуусу менен ачык аукциондо сатуу үчүн конфискацияланган товарларды “Бажы инфраструктурасы” ММнин түштүк бөлүмүнө жөнөтүшкөн. 

2023-жылдын 18-октябрында жогорудагы кызмат адамдары соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимине карабастан, тергөө жана сот органдары тарабынан белгиленген товарлардын реалдуу рыноктук наркын эске албай, жабык аукцион уюштуруу шылтоосу менен товарларды арзандатылган баада 8 497 503 сомго сатып, ошол эле учурда ири суммадагы акчалай сыйлык алышкан.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында, 2023-жылдын 31-октябрында “Бажы инфраструктурасы” ММнин Түштүк филиалынын кызматкери О.А. жана Кара-Суу райондук САКБнын башчысы М.К. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмышка шектүү делип кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш ишинин алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Коррупцияга шектелип 10 салык кызматкери кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Салык кызматынын он кызматкерине коррупция айыбы тагылып, камакка алынганын билдирди.

УКМКнын маалыматына караганда, кармалган салыкчылар ишкерлер менен сүйлөшүп алып, алардын 100 миллион сомдон ашкан салыгын атайылап төмөндөтүп жазганы аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Сот салык кызматкерлеринин бөгөт чарасын карап, баарын тең камакка алуу чечимин кабыл алды.

УКМК учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар бардык адамдарды жана мамлекетке келтирилген так зыянды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Өкмөт өлкөдөгү көмүскө экономиканы азайтуу жана ишкерлердин ачык-айкын иштеши үчүн салык эрежелерин өзгөрткөн. Кассалык-көзөмөл машиналардын жана товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн ишке киргизүүгө каршы чыгып, нааразылык акциясына чыккандар да болгон.

Кыргыз өкмөтү электрондук кагаз толтурууга өткөндөн тартып көмүскө соода азайып, салык көп чогулуп жатканын жүйө келтирүүдө.

Былтыр 208 миллиард сомго жакын салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогулган. Өкмөт бул белгиленген пландан 3,7 миллиард сомго ашык аткарылганын, мурдагы жылга караганда 63,8 млрд. сомго көп экенин билдирген.

КР Бажы кызматы: Өзбекстан бажы кызматы менен маалымат алмашуу порталы салыктан жашырылган 6 млн сомдук фактыны аныктады

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МБКнын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери Өзбекстан Республикасы менен маалымат алмашуу порталын колдонуу аркылуу товарлардын тариздөөсүнө мониторинг жүргүзүүдө Өзбекстан Республикасынан «А» жеке ишканасына «санитардык-гигиеналык кагаз» (чийки зат) товарлары алынып келингендигин аныкташкан.

«А» ЖИ алуучу ЕАЭБдин Кыргыз Республикасындагы бажы аймагында бажылык тариздөөдөн өтүп жаткан учурда Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин экспорттук декларацияларында көрсөтүлгөн жалган маалыматтарды бергени аныкталган.

ЕАЭБдин бажы мыйзамдарынын талаптарын аткарбоо менен мүнөздөлгөн укук бузуулар болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетине туумдарды кошкондо 5 908 378 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Факты КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн КР Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

УКМК: Дизелдик күйүүчү май ташыган фирманын салыктарын өзгөчө ири өлчөмдө азайтып берип жүргөн салык инспектору кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштар боюнча  сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында Мамлекеттик салык кызматынын Лейлек району боюнча башкармалыгынын карыздарды өндүрүү жана текшерүү бөлүмүнүн башкы салык инспектору Т.Б. тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталып, документтештирилди. Ал пландуу көчмө салыктык текшерүү учурунда кызматтын кызыкчылыктарына жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына карама-каршы келген, “Э.О.” ЖЧКга  өзгөчө ири өлчөмдө өлкөнүн бюджетине түшүүчү салыктарынын көлөмүн азайтууга көмөктөшкөн.

Башкы салык инспектор Т.Б. “Э.О.” ЖЧКсын текшерүү учурунда кышкы дизелдик күйүүчү майга  (ТНВЭД коду 2710192900) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген акциздик салыктын ставкаларын эске албай, 1 тоннасына 5000 сомдун ордуна 400 сом көрсөткөн, натыйжада өлкөнүн бюджетине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.  

Учурда Т.Б.нын аракетинен келтирилген материалдык зыян толугу менен калыбына келтирилип, бул кылмышка Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башка кызмат адамдарынын да катыштыгы бар экендиги такталууда, жана “Э.О.” ЖЧКсынын өкүлдөрүнүн аракеттерине укуктук баа берилет.

Үстүбүздөгү жылдын 27-февралында жогоруда аталган кылмыш ишинин алкагында Мамлекеттик салык кызматынын Лейлек району боюнча башкармалыгынын карызды өндүрүү жана текшерүү бөлүмүнүн башкы салык инспектору Т.Б. кармалып, Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Тергөө иштери уланууда.

Салык жана бажы кызматтары январь айынын планын ашыгы менен аткарышып, 8 млрд 574 млн сом салык жыйнашты

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык жана Мамлекеттик бажы кызматтары 2022-жылдын январь айы үчүн салыктарды, бажы жана башка төлөмдөрдү жыйноо боюнча белгиленген планды ашыгы менен аткарышты.

Тактап айтканда, 30-январга карата Мамлекеттик салык кызматы республикалык бюджетке 8 млрд 574 млн сом салык жыйнаган. Белгиленген план 106,4 %га, же 514,6 млн сомго жогору аткарылган.

2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 3 млрд 436,1 млн сомго көп чогултулган (өсүү темпи 166,9%).

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан белгиленген пландын көлөмү 3 млрд 359,8 млн сом болсо, 2022-жылдын январь айында (бир күндү эсепке албаганда) 4 млрд 368,3 млн сом жыйналган.

Белгиленген план 130%ке, же 1 млрд 8,5 млн сомго ашык аткарылды.

Өткөн жылга салыштырмалуу өсүш 2 млрд 388,4 млн сомду түздү.

Меню