Menu

Салык төлөөдөн качуу

УКМК: Күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз саткандарды коргоп жардам кылгандыгы үчүн салык кызматкерлери кармалды

КР УКМК Мамлекеттик салык кызматкерлеринин көзөмөлү астында күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргыз Республикасынын аймагына милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөбөстөн ташып келүү жана сатуу боюнча коррупциялык схеманы аныкталды.

Такталгандай, Мамлекеттик салык кызматынын ЕАЭБдеги сооданын алкагында эсепке алынбаган товарлар менен иштөө башкармалыгынын башчысы – “Б.Р.К.”, ошондой эле Ош, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча эсепке алынбаган товарлар жана товарларга байкоо жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы «Н.Д.О.», жеке баюу максатында, узак убакыт бою кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, республиканын аймагына күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып келүүчү жана сатуучу айрым ишкердик субъекттерге өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качууга көмөктөшүшкөн. Ошентип, республиканын түндүк облустарынан түштүк облустарына товарлардын ички өтүү шылтоосу менен жеке фирмалар салык органдарында эсепке алынбаган күйүүчү-майлоочу майларды сатуу менен алектенишкен. Ошол эле учурда аларга Мамлекеттик салык кызматынын «Сосновка» жана «Каракөл» көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу тоскоолдуксуз өтүү камсыздалган. Бул коррупциялык схемага колдоо көрсөткөндүгү үчүн Мамлекеттик салык кызматынын аталган кызматкерлери күйүүчү-майлоочу майдын ар бир литри үчүн 1 сомдон акча каражатын алып турушканы аныкталган.

Ошондой эле, Мамлекеттик салык кызматынын Панфилов районундагы башкармалыктын өзгөчө режим бөлүмүнүн башчысы «А.Т.М. жана Чүй облусунун Мамлекеттик салык кызматынын Жайыл району боюнча башкармалыктын салыктык текшерүү бөлүмүнүн улук инспектору «М.у.Б.», жасалма жөнөтүү документтерин жасашып, атап айтканда, жасалма Электрондук товар-транспорттук баракчаларга штамптарды чаптап, түштүк аймактарга күйүүчү-майлоочу майларды жөнөтүү жана сатуу үчүн атайын пломбаларды тапшырышкан. Бул кызмат көрсөткөндөрү үчүн Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ар биринен 5 миң сомдон алганы аныкталган.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка мамлекеттик кызматкерлерди аныктоого багытталган тергөө амалдары жүрүп жатат, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз алып келген, сактаган жана контрабандалык жол менен ташып келген фирмаларга салыктык текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

КР Бажы кызматы: Өзбекстан бажы кызматы менен маалымат алмашуу порталы салыктан жашырылган 6 млн сомдук фактыны аныктады

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МБКнын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери Өзбекстан Республикасы менен маалымат алмашуу порталын колдонуу аркылуу товарлардын тариздөөсүнө мониторинг жүргүзүүдө Өзбекстан Республикасынан «А» жеке ишканасына «санитардык-гигиеналык кагаз» (чийки зат) товарлары алынып келингендигин аныкташкан.

«А» ЖИ алуучу ЕАЭБдин Кыргыз Республикасындагы бажы аймагында бажылык тариздөөдөн өтүп жаткан учурда Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин экспорттук декларацияларында көрсөтүлгөн жалган маалыматтарды бергени аныкталган.

ЕАЭБдин бажы мыйзамдарынын талаптарын аткарбоо менен мүнөздөлгөн укук бузуулар болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетине туумдарды кошкондо 5 908 378 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Факты КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн КР Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

УКМК: Кочкор-Ата шаарында 207 миллион ​​сомдук салык төлөөдөн качкан мунай өндүрүүчү компаниянын өкүлдөрү кармалды

КР УКМК Жалал-Абад областык башкы башкармалыгы Салык кызматынын кызмат адамдарына, мунай жана жаратылыш газын өндүрүү үчүн скважиналарды бургулоо менен алектенген компаниянын өкүлдөрүнө карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду.  

Салык кызматы тарабынан КР салык мыйзамдарынын сакталышы боюнча жеринде пландуу текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында мунай өндүрүүчү компанияга карата 207 млн ​​сомго жакын салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталган.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө, бир нече компаниялардын иш-аракеттерин координациялоо бир адамдын, КЭРнын жаранынын жетекчилиги тарабынан ишке ашырылып, товарларды жалган жеткирүү, ошондой эле жумуштарды жана кызматтык көрсөтүүлөрдү аткаруу өз ара байланышкан ишканалардын ортосунда документтештирилгендиги аныкталды.

Үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, аталган ишканалардын ортосундагы байланыш жана алардын бири-бирине тиешелүүлүгү аныкталган. Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган 60 миллион сомго жакын зыяндын бир бөлүгү мамлекетке өндүрүлгөн. Калган келтирилген зыянды тез арада төлөп берүүлөрү пландалууда.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Меню