Menu

Санарип

Евробиримдик Кыргызстандын санариптештирүү тармагын өнүктүрүүгө 3 млн. евро бөлөт

Европа биримдиги (ЕБ) Кыргызстандын санариптештирүү тармагын өнүктүрүүгө 3 миллион евро бөлөт. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, тиешелүү чечим тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев менен Европа комиссиясынын эл аралык кызматташтык боюнча башкы директору Петерис Устубстун жолугушуусунда кабыл алынды.

“Жолугушууда көп жылдык индикативдик программанын алкагындагы долбоорлорду улантуу, ошондой эле санариптештирүү тармагындагы долбоорлордун алкагында 3 миллион евро колдоо көрсөтүү боюнча макулдашуулар жетишилди”, – деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Кыргызстандын бийлиги бир нече жылдан бери мамлекеттик мекемелерге санариптештирүү киргизилип жатканын билдирип келет. Президент Садыр Жапаров бир канча жолу мамлекеттик органдарды кеңсе кагаздарын колдонууну кыскартып, электрондук документ жүргүзүүгө өтүүгө чакырган. Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, мындай чара кагаз колдонууну 50% кыскартып, жылына 112 миллион сом үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Кыргызстан алдыдагы эки жылда 5G технологиясын киргизүүнү пландоодо

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2023-жылга чейин 5G технологиясын ишке киргизүүнү пландоодо. Бул тууралуу Кыргызстандын санариптик экономикасынын 2021-2023-жылдардагы консепциясында айтылат.

Ведомство ушул тапта 4G түйүндөрүн өнүктүрүү тиешелүү чегине жете электигин, ага карабай улуттук телекоммуникациялык тармак 5G технологиясын ишке киргизүү алдында турганын белгилеген.

“Жаңы технологиялар маалыматты берүүдө кечигүүнүн алдын алып, жасалма интеллектти ишке киргизүүгө жана жайылтууга жардам берет. Анын жардамы менен “акылдуу шаарларды” жана “үйлөрдү” куруу, аралыктан башкарылуучу автоунааларды пайдалануу, мындан тышкары өндүрүштө, кеңселерде, соода борборлорунда, социалдык жана өндүрүш объектилеринде ар кыл процесстерди оптималдаштырууга мүмкүндүк түзүлөт”, деп түшүндүрдү министрлик.

2020-жылы коронавирус пандемиясы башталган маалда дүйнөдө “бешинчи муундагы мобилдик байланыш технологиясы же 5G аркылуу илдет таркайт экен” деген имиштер жайылган. Кыргыз өкмөтү бул технология али өлкөдө ишке киргизиле элек экенин тастыктоого аргасыз болгон.

Меню