Menu

Санариптештирүү

Евробиримдик санариптештирүү үчүн Кыргызстанга кошумча 3 миллион евро бөлдү

Бишкек, 16-декабрь – Бүгүн, 2022-жылдын 16-декабрында Европа Биримдиги республиканын санариптик трансформациясын колдоо үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине 3 миллион евро же 270 миллион сомго жакын акча которду.

Грант жогорку технологиялар паркындагы санариптик компетенциялардын инновациялык борборунун ишине көмөктөшүү, калкка электрондук кызматтарды көрсөтүү үчүн өлкөнүн бардык аймактарында Sanarip-Aimak/Digital Aimak системасын жайылтуу, өлкөнүн киберкоопсуздугун жакшыртуу, КР министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылууга багытталат. Бул транштан түшкөн каражаттар ошондой эле программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана тармактык министрликтерде маалымат базаларын жүргүзүүгө жана бүтүндөй өлкө боюнча санариптик экономиканы өнүктүрүүгө жумшалат. 

Мындан тышкары, бюджеттик жардам электрондук башкарууну, ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту илгерилетүү боюнча Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин жардамы менен мамлекеттик бийлик органдарын окутуу программалары менен коштолот.

Евробиримдиктин элчиси Мэрилин Йосефсон төмөнкүлөрдү айтты: «Жеткиликтүү санариптик трансформация, анын ичинде жогорку ылдамдыктагы интернет Кыргызстандын өкмөтү менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Бул секторго көрсөтүлгөн жардам Евробиримдиктин өлкөнүн өнүгүүсүн колдоого умтулуусун чагылдырат”. 

Меню