Menu

Санариптик экономика

МБК: бажы төлөмдөрүн эми онлайн төлөсө болот

Бажы төлөмдөрүн эми онлайн төлөсө болот. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бажы кызматынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында «РСК Банк» ААК менен биргеликте бажы төлөмдөрүн реалдуу убакытта накталай эмес жол менен төлөөнү ишке киргизди.

Жаңы төлөм ыкмасы тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларына бажы төлөмдөрүн “РСК Банк” ААКтын интернет-банкинги аркылуу төлөөгө мүмкүндүк берет жана ошол эле учурда бажы төлөмдөрү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын системасында дароо көрсөтүлөт, бул бажы төлөмдөрүн төлөө жол-жобосун жеңилдетет жана бажылык тариздөө процессин тездетет. Ошондой эле, бүгүнкү күндө башка коммерциялык банктар менен дагы накталай эмес ыкма менен реалдуу убакыт режиминде бажы төлөмдөрүн төлөөнү киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Акылбек Жапаров: "Жакында креативдүү индустриялардын паркы түзүлөт, ал креативдүү экономикалык ишмердүүлүктүн 100 түрүнө салык салуунун эң ыңгайлуу шарттарын камсыз кылат"

Өкмөттөр тез өзгөрүп жаткан дүйнөгө туруштук бере алышы үчүн, мамлекеттик башкаруу системасына жана экономикага жаңылыктарды киргизүү процессин тездетүүгө мүмкүндүк берүүчү реформалардын жаңы ыкмаларын киргизүүсү зарыл. Бул тууралуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) өткөн 9-Дүйнөлүк өкмөттүк саммитинин алкагында (WGS) “Келечекке багытталган тездетүүчү жана шыктандыруучу диалогдор” панелдик сессиясында сөз сүйлөдү.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сүйлөгөн сөзүнүн текстин тиркейбиз:

“Урматтуу Худа Аль-Хашми айым, берген сөзүңүз үчүн рахмат!

Урматтуу кесиптештер, урматтуу бүгүнкү панелдик сессиянын катышуучулары, сиздерди бүгүнкү иш-чарада көрүп жатканыма кубанычтамын!

Бириккен Араб Эмираттарынын Вице-президенти, Премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу Улуу даражалуу шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактумга бийик деңгээлдеги ири иш-чарага – 9-Дүйнөлүк өкмөттүк саммитке катышууга чакыргандыгы үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем.

Бүгүнкү күндө дүйнө кескин өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Биздин көз алдыбызда дүйнөлүк экономика, саясат, маданият, аң-сезим, планетанын өзү да өзгөрүп жатат.

Глобалдык маанидеги тез өзгөрүүлөр бизди – дүйнө өлкөлөрүнүн өкмөттөрүн мамлекетти жана коомду башкаруунун жаңыча, жакшыртылган методдорун издөөгө мажбурлайт.

21-кылымдын өкмөтү кандай болушу керек? Менин оюмча, бул суроо бүгүнкү иш-чаранын негизги маселелеринин бири.

Биринчиден, албетте, 21 кылымдын өкмөтү коомдун бардык катмарлары, анын ичинде этникалык, диний жана башка азчылыктар, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен өз ара аракеттенүү үчүн ачык болушу керек. Өкмөт өз жарандарынын ой-пикирин гана эмес, маанайын да түшүнүп, чагылдырышы керек. Ал эки багытта тең иштеген нейрон маалымат берүү тармагы менен заманбап коомдун тереңдигине кириши керек. Бүгүнкү күндө интернет, социалдык тармактар, электрондук добуш берүү сыяктуу заманбап технологиялар дал ушундай кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Дүйнөлүк рейтингдерде Кыргызстан мобилдик интернеттин арзандыгы боюнча жана электрондук өкмөттү өнүктүрүү деңгээли боюнча Борбордук Азияда экинчи орунда турат. Ушул жылдын жаз айларында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен жергиликтүү бийлик органдарына шайлоолорду аралыктан, электрондук добуш берүү аркылуу өткөрүү пландаштырылууда.

21чи кылымдын өкмөттөрү жакынкы келечекте заманбап технологиялардын жардамы менен өз жарандарынын маанайын заматта сезе билүү менен коом үчүн керектүү чечимдерди тез жана натыйжалуу кабыл алат деп ишенем. Бул учурдагы шарт, көйгөйлөрдү ыкчам чечүүгө жана калктын бардык катмарлары менен макулдашылган, максималдуу түрдө текшерилген башкаруучулук чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Андан тышкары, ушул эле заманбап технологиялар дүйнөнү тыгызыраак кылууда. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк экономика ар кандай экономикалык чечимдерди кабыл алуу борборлорун байланыштырган электрондук жана соода тармактарынын бирдиктүү системасына айланууда. Ошо сыяктуу эле, нейрон интернет тармактары аркылуу, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн өкмөттөрү, биздин көз алдыбызда, саясат, коопсуздук, климат жана табигый кырсыктар боюнча глобалдык деңгээлде тез жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алуунун бирдиктүү системасына айланууда.

Экинчиден, акыркы эки кылымда үстөмдүк кылган ресурстук экономика планетаны чарчап-чаалыгууга алып келгенин баары билет, натыйжада биз бүгүн дүйнөнүн ар кайсы бурчтарында өтө кейиштүү окуялар менен коштолгон климаттын өзгөрүшүн баштан кечирип жатабыз. Ушуга байланыштуу,
21-кылымдын өкмөттөрү неоэкономикага өтүп жатышат, анын негизги түркүктөрү “жашыл”, креативдүү жана санариптик экономика болуп саналат, булар экологияга зыян келтирбейт.

Кыргызстанда акыркы жарым кылымда мөңгүлөрдүн 20-30%га жакыны эрип кетти, ал эми ушул кылымдын аягында илимпоздордун терс сценарийине ылайык,  80%га чейин жоготуу коркунучу бар. Ошондуктан 21-кылымдын доорундагы биздин приоритетибиз туруктуу өнүгүүгө өтүү болуп саналат, атап айтканда – энергиянын кайра жаралуучу булактарынын заманбап технологияларын киргизүү, электр транспортун өнүктүрүү, органикалык дыйканчылыкка жана интенсивдүү мал чарбачылыкка өтүү.

Мөңгүлөрдү сактоонун негизги факторлорунун бири бул тоо токойлорунун аянтын көбөйтүү болуп саналат, ошондуктан өткөн жылы Кыргыз Республикасынын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында 2022-жылды “Туруктуу тоолорду өнүктүрүүнүн эл аралык жылы” деп жарыялоо жөнүндө резолюциясы кабыл алынып, анын алкагында Кыргызстанда “Жашыл мурас” улуттук кампаниясы башталган жана сегиз миллиондон ашык көчөт отургузулган. Бул сан жыл сайын өсө берет.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясы резолюция кабыл алып, 2023-2027-жылдары “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыялаган, анын алкагында Кыргызстан өзүнүн “Жашыл мурас” кампаниясын дүйнөнүн бардык тоолуу өлкөлөрүнө жайылтууну пландап жатат.

Кыргызстандын өкмөтү креативдүү экономиканы активдүү өнүктүрүүдө, ал дагы 21-кылымдын неоэкономикасынын түркүктөрүнүн бири болуп саналат. Ошентип, жакынкы күндөрү креативдүү индустриялардын паркы түзүлөт, ал өз түрүндө уникалдуу болот, анткени ал креативдүү экономикалык ишмердүүлүктүн дээрлик 100 түрүнө салык салуунун эң ыңгайлуу шарттарын камсыз кылат.

Ошентип, экономиканын жаңы багыттарын өнүктүрүү менен Кыргызстан 2030-жылга карата парник газдарынын эмиссиясын “Адаттагыдай эле бизнес” сценарийи боюнча парник газдарынын эмиссиясынын деңгээлин 15,97%га жана эл аралык колдоонун алдында 43,62%га кыскартууну пландаштырууда.

Мен Кыргызстан, ошондой эле дүйнө өлкөлөрүнүн өкмөттөрү экономиканын жаңы багыттарын өнүктүрүү менен көмүр кычкыл газынын эмиссиясын азайтып, Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясы менен кабыл алынган макулдашууларга жетише аларына терең ишенем!

Жогоруда мен айткан бардык процесстер коомдун, айрыкча анын жаш өкүлдөрүнүн дүйнө таанымын жана аң-сезимин түп-тамырынан бери өзгөртөт. Азыркы жаштар биздин ордубузга келгенде жаратылышка аяр мамиле кылууга жана жашаган жерине, динине, улутуна карабай адамга боорукердик көрсөтүүгө багытталган баалуулуктарды карманган таптакыр башка коом болуп калат. Биздин келечек муундарыбыз Иммануил Кант, Фрэнсис Фукуяма, Чыңгыз Айтматов сыяктуу улуу ойчулдар кыялданган коомду башкарат.

Бирок өкмөттөр тез өзгөрүп жаткан дүйнөгө туруштук бере алышы үчүн, мамлекеттик башкаруу системасына жана экономикага жаңычылдыктарды киргизүү процессин тездетүүгө жана акселирацияга мүмкүндүк берүүчү реформалардын жаңы ыкмаларын киргизүүсү зарыл.

Биз мындай ыкманы “Өкмөттүк акселераторлор” программасы деп эсептейбиз, ал эң кыска мөөнөттө Бириккен Араб Эмираттарынын экономикасында жана мамлекеттик башкаруусунда көзгө көрүнөөрлүк өзгөрүүлөрдү ишке ашырууга мүмкүндүк берди. Жакынкы арада эмираттык кесиптештерибиздин колдоосу менен “Өкмөттүк акселераторлор” программасы Кыргыз Республикасында ишке киргизилет. Бул программа жашыл, креативдүү жана санариптик экономиканы өнүктүрүү процессин тездетүүгө мүмкүндүк берет деп мен толук ишенем!

Урматтуу кесиптештер жана панелдик сессиянын катышуучулары!

Бүгүнкү күндө глобалдашуунун жана заманбап технологиялардын өнүгүшүнүн натыйжасында дүйнө тар болуп баратат. 21-кылымда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн өкмөттөрү глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө кызматташып гана тим болбостон, өз тажрыйбалары, өз өлкөсүнүн жана бүткүл дүйнөнүн келечегине болгон көз карашы менен активдүү бөлүшүүсү маанилүү. Бүгүнкү саммиттин маңызы жана миссиясы ушул, жана бул саммит ушул миссияны ийгиликтүү аткарып жатат деп ишенем. Баарыңыздарга планетабызды сактап калуу жана жаңы мыкты дүйнөлүк коомду түзүү үчүн жемиштүү иш алып барууну каалайм!

Сөзүмдүн аягында Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнө саммитти уюштургандыгы жана биздин делегацияны чакыргандыгы үчүн дагы бир жолу терең ыраазычылык билдирем!

Көӊүл бурганыӊыздар үчүн чоӊ рахмат!”

Меню