Menu

Санрабия Сатыбалдиева

Журналист Санрабия Сатыбалдиеванын иши сотко өттү

Журналист Санрабия Сатыбалдиева жана оператор Калыс Аширбаевдин кылмыш иши соттун кароосуна өттү. Бул тууралуу алардын жактоочусу Замир Жоошев кабарлады.

“Декабрдын аягында экөөнүн иши сотко өттү. Журналист Сатыбалдиева менен оператор Аширбаев “кылмыштуу топтун мүчөлөрү” жана “опузалап акча талап кылуу” беренелери боюнча шектелүүдө. 13-январда оператор Аширбаевдин баш коргоо чарасы сотто каралат. Ишти караган тергөөчү ноябрь айында камоо учурунда журналист иштеген кеңсени бекитип кеткен. Тергөө иштери аяктап, иш сотко кетсе да кеңсени ачтырбай жатат. Санрабияга карата биз суроо-талап менен Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү башкармалыгына кайрылып, анын бир да кылмыштуу топко мүчө эмес экенине байланыштуу маалымкат алганбыз. Биз бул маалыматты тергөөчүгө кабарлап, “алгач далилдеп, анан айыпты угуз” деген талапты укпай, ишти сотко жиберди”, – деди Жоошев.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2016-2017-жылдары соцтармактарда жарыяланган аудиожазууларды шантаж кылып таратып, Жогорку Кеңештин депутаттарынан акча талап кылган адамдар кармалганын маалымдаган. Алар 3-ноябрда 2000 доллар алып жаткан тапта колго түшкөн деп билдирген.

Бул иш боюнча Mir24.kg порталынын директору Санрабия Сатыбалдиева жана ушул эле медианын оператору Калыс Ашырбаев кармалган.

Кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалдиева 4-ноябрда тергөөчүнүн “эч жакка кетпөө” тууралуу токтомунун негизинде бошотулду. Ал жаз айынан бери Бишкекте жашап жаткан, ага чейин Жалал-Абад шаарында “Аймак”, “Взгляд” гезиттеринде жана менчик “Чолпон ТВ” телеканалдарында кабарчы болуп иштеген. Социалдык тармактарда бийлик өкүлдөрүн сындаган билдирүүлөрдү жазып жүргөн.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шантаж кылып $2000 пара алып жаткан жеринен журналист Санрабия Сатыбалдиева кармалды

Кечээ, 3-ноябрда 2000 АКШ долларын өткөрүп берүү учурунда 2016-2017-жылдардагы соцтармактарда жарыяланган аудиожазууларды шантаж кылуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан акча каражатын туруктуу негизде талап кылган бир катар адамдар кармалган. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Кылмыштын негизги аткаруучусу болуп «МИР24.kg» маалымат порталынын башкы директору “С.С.К.” жана ошол эле учурда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун пиар-менеджери болуп саналат.
Ошондой эле бул кылмышка көмөктөшкөндүктөрү үчүн шектелип «МИР24.kg» маалыматтык порталдын оператору – “Б.у.К.” жана “Жорго-Такси” компаниясынын айдоочусу Өзбекстан Республикасынын жараны “М.М.Х.” кармалышты.
Азыркы учурда КР Кылмыш жаза-кодексинин 208 беренесинде (Опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Кармалган жарандар бул кылмышты жасагандыгы жөнүндө мойнуна алып, өз көрсөтмөлөрүн беришти.

Меню