Menu

Сапар Аргымбаев

Милиция Азиза Абдирасулова менен Сапар Аргымбаевди төрт сааттан кийин бошотту

15-ноябрда Бишкектеги Ак үйдүн алдындагы акция учурунда кармалган укук коргоочу Азиза Абдирасулова жана Сапар Аргымбаев төрт сааттан кийин бошотулду.

Алар кармалгандан кийин Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген. Абдирасулованы шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Тилек Түкөбаев баш болгон милиция кызматкерлери кармап кеткен.

Экөөнө тең Укук бузуулар кодексинин 128-беренеси, “Милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө” беренесинин негизинде протокол толтурулгандан кийин кое берилген.

Сапар Аргымбаев “спирт ичимдигин ичти” деген жүйө менен Республикалык наркология борборунан текшерүүдөн өткөнүн, бирок жыйынтыгы терс чыкканын маалымдады.

Абдирасулова кармоону өзүнүн позициясы менен байланыштырды, милиция бөлүмүндө отурганда кан басымы көтөрүлүп кеткенин, кант диабети оорусу да козголгонун айтууда. Ага “Тез жардам” кызматы чакыртылып, биринчи жардам көрсөтүлдү.

“Мага бир күн мурун укук коргоо кызматкери кезигип, эскертүү берген. Мындан улам Кемпир-Абад боюнча бүгүнкү акцияга катышуу ниетим жок эле, нааразы болгондор Ак үйдүн алдынан кеткенден кийин гана ошол жерден өтүп бараткам. “Мен акцияга катышкан жерим жок” дегениме карабай, Түкөбаевдин көрсөтмөсү менен мени күчтөп кармап, милицияга алып келишти. Төрт саат ичинде сурак да болбоду. Эмне себептен мени кармаганын тыңгылыктуу түшүндүрүшкөн да жок. Себебин мен билип эле турам, “ПолитКлиника” сайтына бийликти сындап маек кургам, ал кечээ чыгары менен келип эскертүү беришти, бүгүн күч колдонуп кармашты”,- деди Азиза Абдирасулова.

Ал 14-ноябрдын кечинде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) 10-бөлүмүнүн башчысы Шумкарбек Сулайманов аңгемелешүүгө чакырып, Фейсбукта жазган билдирүүлөрү үчүн эскертүү бергенин жарыялаган.

15-ноябрда парламенттин алдында Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекекстанга берүүгө каршы акцияга 30дай киши чыкты. Милиция ал жерде акция өткөрүүгө соттун чечими менен тыюу салынганын билдирип, акция Максим Горький атындагы гүл бакта уланды.

Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу “массалык башаламандык уюштурууга даярданды” деген шек менен буга чейин 26 киши камакка алынган. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.

Азиза Абдирасулова менен Сапар Аргымбаевди милиция кармап кетти

15-ноябрда “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун негиздөөчүсү, укук коргоочу Азиза Абдирасулованы милиция кызматкерлери наркологияга алып кетти. Укук коргоочу бир нече адам менен Жогорку Кеңештин имаратынын алдында турган. Алар эч кандай акция өткөрбөгөнүн, жөн гана отурушканын айтышты.

Милиция Азиза Абдирасулова ичимдик ичип алганын билдирип, аны текшерүү үчүн наркологияга алып кетти. Тартип кызматкерлери аны коё берүүнү талап кылган укук коргоочу Сапар Аргымбаевди да кармады.

Азиза Абдирасулова Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) 10-бөлүмүнүн башчысы Шумкарбек Сулайманов тарабынан 14-ноябрда, кечинде аңгемелешүүгө чакырылганын жарялаган. Укук коргоочу анын Фейсбукта жазган билдирүүлөрү боюнча сын айтылганын билдирген.

15-ноябрда парламенттин алдына 30дай киши Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы акцияга чыгышкан. Милиция Ак үйдүн алдында акция өткөрүүгө соттун чечими менен тыюу салынганын билдирип, акция Максим Горький атындагы гүлбакта уланганы калды.

15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо боюнча макулдашуунун долбоорун карайт. Маселе күн тартибине киргизилген.

3-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге, өкмөттөр ортосундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга, суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан.

Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 31-октябрда көпчүлүк добуш менен жактырган.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча макулдашуу тууралуу мамлекеттик “Кабар” агенттигине курган маегинде кош башкарууда “кыргыз тарап эч кандай чыгым көтөрбөй турганын” билдирген.

Макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.

Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу “массалык башаламандык уюштурууга даярданды” деген шек менен камакка алынгандардын саны 30га жакындады. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат. Буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычына жакын жайгашкан Өзгөн районунда нааразылык акциялары өткөн.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.

Меню