Menu

Сапар Исаков

УКМК: Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин экс-премьер-министр Сапар Исаковго белек кылган люкс классындагы кымбат баалуу брондолгон машинасы камакка алынды

КР УКМК тарабынан К.Асанбектин жана ага тиешеси бар адамдардын мыйзамсыз алынган мүлктөрүн аныктоо боюнча көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР жараны Р.М.Т. кармалды.

Р.М.Т. К.Асанбектин кылмыштуу жол (рэкет, опузалоо, ишкерлерден опузалап алуу, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү) менен алынган мүлктөрүнүн  мыйзамдуулугун көрсөтүү максатында өзүнүн атына каттатып, кийин айрым саясатчыларга өткөрүп бергени аныкталды.

Тактап айтканда, 2020-жылдын октябрь айында М.Рамонов 2015-жылы чыгарылган “Мерседес-Бенц S600” брондолгон унаасын КР экс-премьер-министри С.Исаков абактан чыккандан кийин ага өткөрүп берген. Андан кийин 2020-жылдын 5-октябрында С.Исаков айрым саясатчылар менен биргеликте бул унааны борбордук “Ала-Тоо” аянтында массалык баш аламандык уюштуруу аракетинде колдонгон.

Садыр Жапаров: 2016-жылы Темир Сариев популисттик кылып алдым деп койгон 4 пансионатты 2017-жылы Сапар Исаков Өзбекстанга кайтарып берүүгө шашкан

Президент Садыр Жапаров 18-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берилиши тууралуу комментарий берди.

Анда бул жайлардан улам кыргыз тарап Ташкент менен соттошконун айтып, убагында пансионаттарды Кыргызстанга кайтарган 2016-жылдагы премьер-министр Темир Сариевди “популисттик” кылган деп айыптады.

“2016-жылы Темир Сариев премьер-министр болуп турганда, мен ачыгын айтайын, популисттик кылып эле алып койгон. Архивдик кагаздарды окуп чыгып, келечегин жакшылап карап, жети өлчөп бир кесиш керек эле. Тагыраак айтсам, эл аралык соттон утулбай турган болсок, анан алып койсо болмок. Ошол эле жылы өзбек тарап Вашингтонго эл аралык сотко 65 миллион долларга доо арыз бериптир. 2017-жылы Сапар Исаков өзбек тарапка кат жөнөткөн экен: “Тынчтык жолу менен чечели, силерге 4 пансионатты кайра берели, силер эл аралык соттон доо арызыңарды алып койгула”, – деп. Алар алган эмес. Май айында эл аралык сот кыргыз тарап 40 миллиондон ашыгыраак доллар төлөйсүңөр деген чечим чыгарды. Биз эки жак келишип, “анча акчаны төлөй албайбыз. Андан көрө силер 49 жылга алгыла, 4-5 жылдыздуу мейманканаларды кургула” деп келиштик”, – деген Жапаров.

Ал ошондой эле бул пансионаттарды сатыкка чыгарганда аларман чыкпастыгын, узак мөөнөткө пайдаланууга берилгени ыңгайлуу болорун белгиледи.

“Ал төрт пансионатты саталы десек, 40 миллионго эмес төрт миллион долларга эч ким сатып албайт. Ал эми 5-10 жылга бербейлиби деген бул түркөйлүк. Төрт-беш жылдыздуу жатаканаларды куруп бүткүчө эле 5-10 жыл кетет. Анан кайсы мамлекет короткон акчасын актабай туруп биз үчүн куруп бермек эле. “Кемпир-Абад кетти” дегендер же сабатсыздар, акылсыздар же ичи кир адамдар. Кемпир-Абад кеткен жок. Келди. Мындан ары 50/50 башкарабыз деп 50 пайызын алып койдук”.

Мунун алдында Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги өзбекстандык компанияларга башкарууга берилген пансионаттар тууралуу түшүндүрмө тараткан. Ага ылайык, “Дилором”, “Золотые пески”, “Рохат” жана “Бустон” пансионаттары узак мөөнөткө, 49 жылга пайдаланууга, ал эми жери ижара шартында берилет.

Келишимге ылайык, бул жайлар үч-төрт жылдыз деңгээлинде оңдоп-түзөтүүдөн өтөт. Иштеген жумушчулардын 80% кем эмес бөлүгүн жергиликтүү тургундар түзүшү керек.

Аталган агенттик бул жайлар мамлекеттин балансында турганын, чыгашалуу болуп келгенин, көпчүлүк бөлмөлөрү начар, авариялык абалда болгонун белгиледи. Жаңылап, оңдоо үчүн ири инвестиция керектигин айтты.

Төрт пансионатты Өзбекстанга башкарууга берүү тууралуу чечим апта башында Чолпон-Атадагы кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынында кабыл алынган. Ага ылайык, “Золотые пески” пансионаты “Ташкент механикалык заводуна”, “Дилором” пансионаты “Асакабанк” компаниясына, “Рахат” эс алуу жайы “Өзбекстандын тышкы экономикалык улуттук банкына”, ал эми “Бустон” “Узпромстройбанк” банкына берилет.

“Ар бир объектке салынуучу инвестициянын көлөмү 15-20 миллион доллар деп бааланып жатат, ар биринде 200дөй жумушчу орун түзүлүп, жылына 130 миллион сомго чейин салык түшөт”, – деп жазылган маалыматта.

Кыргыз өкмөтү 2020-жылы “Алтын кум”, “Рохат” жана “Дилором” пансионаттарын жеке менчикке башкарууга берүү ниетин билдирген. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бул жайлар мамлекеттин менчиги болуп кала берерин, инвесторго убактылуу башкарууга берилерин айткан.

2016-жылы кыргыз өкмөтү совет учурунда Ысык-Көлдө Өзбекстан пайдаланып келген төрт пансионатты менчиктештирүү боюнча токтом чыгарган. Эс алуу жайларынын аталыштары кыргызчаланып, “Рохат” – “Алтын жай”, “Дилором” – “Эне-Сай”, “Золотые пески” – “Бостери” деп өзгөргөн. Ал эми “Бустон” пансионатынын аты ошол бойдон калган.

ЖМК: 2016-жылы Тарых музейинде жүздөгөн экспонаттар күйүп кеткен

Kloop.kg менен “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө” долбоору (OCCRP) 2016-жылы Бишкектеги Тарых музейинде болгон өрт боюнча жаңы иликтөө жарыялады.

Журналисттер анда музей жетекчилиги кабарлагандай, “бир нече баалуулугу жок экспонаттар” эмес, андан көп баалуу табылгалар өрттөнүп кеткенин аныкташты.

2021-жылы майда жарыяланган биринчи иликтөөдө журналисттер бир нече экспонат күйүп кеткенин билдиришкен. Бирок жаңы иликтөөгө караганда, өрт жүздөгөн предметтерди жок кылган.

Журналисттердин колуна Маданият министрлигинин дарегине жазылган эки кат тийген. Анда музей кызматкерлери 2021-жылы музейдин жер төлөсүн тазалап жатып, “толук же жарым жартылай күйүп кеткен жүздөгөн музей предметтерин” таап алышканын жазышкан.

“Музейдин жер төлөсүнөн күйүп кеткен музей буюмдары салынган жети куту таптык. Аларды ачкан учурда негизги жана жардамчы фонддордун номери коюлган экспанттар чыкты. Документтер, картиналар, китептер, плакаттар, килемдер. Алардын баары күйүп калган, күйгөн жерлер кесилген”, – деп айтылат музей кызматкерлери кол койгон актылардын биринде.

Музейдин жаңы жетекчилиги атайын комиссия курап, зыянга учураган предметтердин тизмесин түзгөн. Ага ылайык, 350 экспонат жарым-жартылай күйгөн же жок болгон, дагы 600дөн ашык предмет зыянга учураган. Жок болгон экспонаттардын көбү союз мезгилине таандык, бирок арасында 19 кылымдагы китептер да болгон.

2017-жылы өрт фактысы боюнча райондук милиция кылмыш ишин козгогон. Бул иштин азыркы макамы белгисиз.

Улуттук тарых музейин оңдоо 2016-жылы башталган. Анда Түркиянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (ТИКА) менен өкмөт меморандум түзүп, музейди түрк тарап өз каражатына оңдоону моюнуна алган. Музейдин тышкы бети менен айланасы оңдолгон соң кыргыз өкмөтү маданий имараттын ичин бюджеттин эсебинен оңдомок болгон. Бул үчүн бийлик 1,5 миллиард сомдон ашык каражат бөлгөн.

Оңдоо иштеринен кийин аны жүргүзгөн тараптарга кылмыш иши козголуп, 2020-жылы 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 18 жылга камап, 247 миллион 650 миң 281 сом айыпка жыккан.

Улуттук тарых музейи расмий түрдө 2021-жылы ноябрда ачылган .

Меню