Menu

Саясый куугунтук

Жогорку Кеңеш 23 адамдын жапырт камалышы боюнча ИИМдин маалыматын угат

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Бишкекте башаламандык уюштурууга шек саналып кармалып, 23 адамдын жапырт камалышы боюнча маселени отурумда кезексиз кароону талап кылды:

“Өкмөт суранып жатат, президент айтып жатат” деген негиз менен маанилүү-маанисиз көп эле маселелерди кезексиз карап жүрөбүз. 23 адам камалды, алардын артында 23 үй-бүлө турат. Эл аралык уюмдар кабатырланып, билдирүү кылып жатат. Биз түбүндө туруп, карабай, унчукпай койгонубуз таптакыр туура эмес”, – деди Мадумаров.

Депутаттын сунушун айрым кесиптештери четке кагып, маселе 25-октябрда тармактык комитетте каралганы жетиштүү болорун айтып чыгышты. Натыйжада жапыр камоолор боюнча күч түзүмдөрүнүн маалыматы бүгүн, 26-октябрда угууну чечишти.

Башаламандыкка шек саналып жапырт кармоо боюнча 25-октябрда Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети Ички иштер министрлигинин жана Башкы прокуратуранын маалыматын уккан. Анда ИИМ кармалгандардын баары айыбы болгону үчүн камалышканын, тергөө жүрүп жатканын айткан.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар акыркы күндөрү “Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы” болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Кармалгандар башаламандык уюштурууга камынганы тууралуу аудио интернетке тараган.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

Ошто ондон ашуун активисттин катышуусунда ушундай талап менен митинг өттү. Жалал-Абад жана Өзгөн шаарларында бийликтин саясатын колдогон акция уюштурулду.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 23 саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алган чечим чыгарган.

Ага ылайык, 22 адам Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта болот. Бирөө ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.

Садыр Жапаров 24-декабрда улуттук “Кабар” агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот кое турганын айтты.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.

Меню