Өгөй атасы тарабынан системалуу түрдө сексуалдык ыдык көрсөтүүгө дуушар болгон Кыргыз Республикасынан келген Санкт-Петербург шаарындагы курулуш техникумунун 16 жаштагы студенти тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында тарап жаткан маалыматка байланыштуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы Канцеляриясы төмөнкүлөрдү билдирет.
Элчиликтин Канцеляриясы тарабынан Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Санкт-Петербургдагы Өкүлчүлүгүнө Санкт-Петербург шаарынын укук коргоо органдары, камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдары, ошондой эле Санкт-Петербург шаарындагы Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берүү өтүнүчү менен нота жөнөтүлдү.
Бул маселе КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин көзөмөлүндө.
Сексуалдык ыдык
0 комментариялар