Menu

Сердар Бердымухамедов

Чолпон-Атада Борбор Азия мамлекет башчылары Жапаров, Токаев, Рахмон, Бердымухамедов жана Мирзиёевдин Консультативдик жолугушуусу өтөт

20-21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусу өтөт. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Жолгушууга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев катышат.

“Өлкө лидерлери регионалдык коопсуздуктун чакырыктарына жана коркунучтарына биргелешип жооп кайтарууда Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө боюнча пикир алмашат, региондун мамлекеттеринин туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылуу максатында кызматташтыкты кеңейтүү перспективаларын, ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо маселелерин талкуулашат”,- деди Муратбек Азымбакиев.

Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын кезектеги Консультативдик жолугушуусунун алкагында регион өлкөлөрүнүн ортосундагы достукту, ынак коңшулаштыкты жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган документтерге кол коюу пландалууда.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров айрым өлкөлөрдүн лидерлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Бердымухамедов «мураскерликтин белгиси» катары уулуна ахалтекин жылкысын белек кылды

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов уулу Сердар Бердымухамедовго ахалтекин жылкысын белек кылды.

Ахалтекин жылкы комплексинде өткөн салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө өлкө лидери Ханкервен аттуу жылкынын ысымынын «терең мааниси бар» экенин айтып, ал жашоонун уланышын билдире турганын белгиледи.

“Көптөгөн кылымдар мурда биздин жерлерден өткөн кербендер сыяктуу элдин мыкты салт-санаасы убакыт менен муундарды бириктирип, урпактан урпакка бериле берсин”, — деди түркмөн лидери.

Өз кезегинде өлкөнүн расмий маалымат каражаттары бул окуяны «мураскеликтин белгиси» деп мүнөздөп, Сердарды «элдин уулу» деп аташты.

Президент уулуна үч жаштагы Ханкервен аттуу айгырды 6-июнда, Ахалтекин жылкы комплексине барган маалда берди. Аны түркмөн лидери жыл сайын апрелдин акыркы жекшембисинде белгиленип келген “Ахалтекин жылкысынын күнүндө” өлкөнүн жылкы өстүрүүчүлөрүнөн белекке алган.

Сердар Бердымухамедовдун коомдук-саясий активдүүлүгү 2016-жылы башталган. Андан бери президент уулуна салтанаттуу түрдө спорттук марафондо символикалык эстафетаны тапшырып, аны “Мурас” аттуу жылкыга мингизип, сейилдеткен.

39 жаштагы Сердар Бердымухамедов Түркмөнстандын вице-премьери, Көзөмөл палатасынын башчысы жана Тышкы иштер министрлигинин жогорку кызматтагы аткаминери болуп эсептелет. Мындан тышкары ал “Түркмөн алабайынын” жана “Ахалтекин жылкысын өстүрүүчүлөрдүн” эл аралык ассоциацияларын жетектейт. Бул эки уюм тең президент Гурбангулы Бердымухамедовдун демилгеси менен түзүлгөн.

Быйыл апрелде түркмөн лидери уулуна “Эмгек сиңирген ит багуучу” деген наам ыйгарган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню