Menu

Солтон-Сары алтын кени

Эрбол Султанбаев, Президенттин пресс-катчысы: "Солтон-Сары алтын кенин иштетүүгө уруксат берилди"

КР президентинин пресс-катчысы Эрбол Султанбаев Facebook социалдык тармагындагы өзүнүн баракчасы аркылуу Солтон-Сары алтын кенин иштетүүгө уруксат берилгенин билдирип, пост жазды:
“Президент Жапаров ушул жылдын июнь айында Солтон-Сары алтын кенине барып, ал жерди өз көзү менен көрүп, абал менен жакындан таанышып келген. Жергиликтүү эл менен жолуккан. Элдин: “Жол салып атышат, жаратылышыбыз талкаланат”, – деген үнүн уккан.
Бирок өзүңүздөр билгендей, жолдор эчак эле салынып бүтүп, фабрика салуу иштери жарымдап калган. Жер кыртышын бузуу боюнча башка иштер болбой турганы аныкталган. Ошондуктан, мындан ары башка жерден жер кыртышын бузбасатан, Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди. Ошол эле маалда компания тараптан жергиликтүү жашоочулар үчүн, азырынча, жыл сайын 50 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөнө турган болду. Алтын чыга баштаганда бул сумма эселеп көбөйтүлөт деп макулдашылды. Андан тышкары, мамлекеттин үлүшү дагы киргизилмей болду. Кенди иштетүүдө цианид колдонулбайт. Алтын Кара-Балтада аффинаждалат.”

Эсиңиздерге сала кетсек, Солтон-Сары алтын кени Нарын облусунда 3600 метр бийиктикте жайгашкан. Алтындын запасы 20 тонна деп катталган. Кенди «Рудник Солтон-Сары» жана ОсОО «Авелум Партнер» жеке менчик ишканалары казышат. 2019-жылы жергиликтүү элдин нааразылык акцияларынан кийин кен казуу иши токтотулган эле.

Меню