Menu

Сом

Акчалай операцияларды сом менен жүргүзүүгө милдеттендирүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу “Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Документ парламенттин сайтына жарыяланды.

Долбоорго ылайык, улуттук банкнотторду чет өлкөлөрдө басып чыгарууга тыюу салынат. Азыр мындай тыюу жок жана улуттук валюта Франция менен Улуу Британияда басылып чыгат. Мурдараак президент Садыр Жапаров жакын арада Кыргызстан “Учкун” мамлекеттик басмаканасынын базасында банкнотторду өз алдынча басып чыгара баштарын билдирген.

Долбоордо “сомдун” макамын күчөтүү, өлкө ичинде сооданы улуттук акча бирдиги менен гана жүргүзүү, ал эми экспорт жана импорт менен алектенген экономикалык субъектилерге чет өлкөлүк валюталарды колдонууга уруксат берүү каралган.

Кыргыз бийлиги 2016-жылы каржы системасын де-долларизациялоо багытын жарыялаган. Ал кезде өлкөдө төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү милдеттүү түрдө улуттук валюта – сом менен гана жүргүзүү жөнүндө мыйзам кабыл алынып, буга чейин товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын чет элдик валютада көрсөтүүгө тыюу салынган. Бирок жеке бизнес чөйрөсүндө эсептешүүлөр дагы деле сом менен да, доллар жана евро менен да жүргүзүлүп келет.

Садыр Жапаров сомду Кыргызстанда басып чыгаруу башталарын билдирди

Президент Садыр Жапаров 9-июнда Бишкекте улуттук валютанын – сомдун киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.

Анда бул жылдар аралыгында кыргыз сому “мамлекеттүүлүктүн туруктуулугунун символу жана өлкөнүн көз карандысыз экономикалык саясатынын негизги элементи болуп келди”,-деп билдирди. Ал жакынкы арада сомду өлкө ичинде басып чыгаруу башталарын айтты.

“Кыргызстандын каржы системасы, улуттук төлөм, банк системасы дүйнөлүк каржы-экономикалык кризистердин таасирине карабастан, өзүнүн бекемдигин көрсөтүп, өнүгүп келе жатат. Мында Улуттук банктын ордун жана анын жүзөгө ашырып жаткан акча-кредиттик саясатын, ошондой эле каржы рыногунун кызматкерлеринин ишине жасаган ак ниет жана кесипкөй мамилесин, ишке болгон жоопкерчилигин баса белгилеп айтып кетишибиз абзел. Жакын арада Кыргызстан улуттук валютанын банкнотторун республика ичинде басып чыгара баштайт. Бул багытта тиешелүү иштер жүргүзүлүп, керектүү техника алынды. Биз аны сөзсүз ишке киргизебиз”,-деди Жапаров.

Президент ушул жылдын башында Кыргызстан паспорт менен сомду өзү басып чыгара баштарын билдирген. Анда мамлекеттин казынасына кеминде 3 миллиарддай сом түшүп турарын айткан.

Сомдун 30 жылдыгына карата 10-майдан тартып 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноттордун жаңы, бешинчи сериясы жүгүртүүгө чыгарылган.

Улуттук валюта 1993-жылдын 10-майында жүгүртүүгө киргизилген.

Депутат өлкөгө рубль ташылып келип, доллар мүшөктөп чыгып жатканын айтты

Чайкоочулар Кыргызстандан долларды көп өлчөмдө чыгарып кетип жатышканын 29-декабрда Жогорку Кеңеште банктардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселе каралып жатканда депутат Коргонбай уулу Жусупбек билдирди. Ал Улуттук банктын жетекчилигине кайрылып, буга каршы чара көрүүгө чакырды:

“Аэропортто чемодан менен рубль алып келип, долларды алып кетип жатышат спекулянттар Түркияга, Москвага, Кытайга жана башка мамлекеттерге. Накталай түрдө чемодан, мүшөк менен… Доллардын таңкыстыгы, курстун өсүп кетиши ушунун айынан болуп жатат, түздөн-түз экономикага таасирин тийгизүүдө”.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков депутатка: “Ал бизге караштуу жумуш эмес. Көбүнчө Министрлер кабинетине караштуу” деп жооп берди.

Кыргызстандын валюта базарындагы абал быйыл февралда Орусия Украинага согуш ачканы үчүн бир катар санкцияларга кабылгандан кийин түзүлгөн. Ошондон бери доллар кымбаттап, сырттан которгон акчасын Кыргызстандагы банктардан өтө көп комиссия төлөп алууга мажбур болгонун кардарлар айтууда. Долларды мурдагыдай каалаган суммада сатып алуу мүмкүн болбой калды. Ал кымбаттап, ошого жараша баалар да жогорулоодо.

Санкциялардын айынан орус рублине мурдагыдай суроо-талап болбой калды.

Орусия товар эсептешүүдө рубль, теңге, драм жана сомду колдонууну сунуштоодо

Орусия Евразия өкмөт аралык кеңешинин талкуусуна товар эсептешүүдө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук валюталарын кеңири колдонуу маселесин алып чыгат.

РБК маалымдагандай, Орусия уюмдун мүчөлөрүнүн импорттук-экспорттук эсептешүүсүндө рубль, теңге, сом, драм жана беларус рублинин үлүшүн көбөйтүүнү сунуштайт.

Сунуштардын арасында SWIFTсиз эсептешүү мүмкүндүгүн камсыздоо да бар.

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча мындай операциялардын 70% орус рубли, төрттөн бир бөлүгү доллар жана евро, калган кичинекей бөлүгү башка валюталар менен жүргүзүлгөн.

Бул маселе 25-26-августта Чолпон-Атада өтө турган Евразия өкмөт аралык кеңешинин жыйынында каралат.

Орусия чет өлкөлүк валюталардан кутулуп, ЕАЭБ аймагында бирдиктүү валютаны – рублди киргизүү демилгесин мурдатан эле көтөрүп келет. Казакстан сыяктуу бул уюмдун башка мүчөлөрү муну келечектин иши катары толук колдогон эмес.

Рублди бирдиктүү валюта катары кабыл алууну айрым эксперттер өлкөнүн суверенитетин чектейт деп эсептешет.

Меню