Menu

сот реформасы

Президент Садыр Жапаров: Судьялык кызматка туура келбеген жоруктарга бөгөт коюлушу керек

«Судьялык кызматка туура келбеген жоруктарга бөгөт коюлушу керек», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда, Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынынын жүрүшүндө.

Жыйында Чүй облустук сотунун аракеттеги төрагасы деп божомолдонгон адамдын жумуш ордунда мас абалында болгон видеосу көрсөтүлдү.

«Бир топ убакыттан бери сот системасын реформалоо жөнүндө айтып келе жатабыз. Биз мыйзамдарды алтын тамгалар менен жазып койсок дагы, судьялар өздөрү оңолбосо, кызматтык милдеттерин аткарууда ушундай жүрүм-турумга жол беришсе, сот тутумун өркүндөтүүгө багытталган реформаны аягына чыгара албайбыз», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Чүй облустук сотунун төрагасынын мындай жоругу судья деген жогорку наамга туура келбестигине басым жасап, жогорудагыдай жүрүм-турумга жол берилбеши керектигин айтты.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров сот системасынын ар бир өкүлү өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда чоң жоопкерчиликти сезиши үчүн, Чүй облустук сотунун аракеттеги төрагасына байланыштуу бул окуяны иликтеп, тиешелүү чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.

Меню