Menu

Сузакта жол тосуу

Сузакта киши колдуу болгон кыздын жакындары жол тосушту

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сасык-Булак айылында бүгүн 21-ноябрда адам өлтүрүүгө шектелип кармалган жергиликтүү тургунга каршы акция өттү.

Журналисттер жеринен маалымдагандай, акцияга Базар-Коргон районунан барган элүү чакты адам катышты. Коопсуздукка милиция кызматкерлери көз салып турду.

Акциянын катышуучулары шектүүнүн үй-бүлөсү менен чогуу башка жакка көчүп кетүүсүн, аны өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратууну талап кылып кылышты.

Алар талаптарын аткарууну өтүнүп, маселеге коомчулуктун жана бийликтин көңүлүн бурдуруу максатында Бишкек-Ош жолунун ошол айылдын тушундагы тилкесин тороо аракетин көрүштү. 5-10 мүнөттөн кийин жол кайра ачылды.

Окуя Ноокен районунда 8-ноябрда болгон. Милициянын маалыматына караганда, суу аккан сайдан 19 жаштагы кыздын киши колдуу болгон сөөгү табылган. Кыз Базар-Коргон районунун тургуну болгону аныкталып, аны өлтүрүүгө шек саналган 58 жаштагы адам кармалган жана Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Окуяны иликтөөгө Жалал-Абад, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондук бөлүмдөрдүн кызматкерлери тартылып, шектүү катары кармалган киши буга чейин зордуктоо жана башка иштер үчүн бир нече жолу соттолгону, 2021-жылы баңгизатка байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылганы аныкталган.

Тергөө учурунда шектүү кылмыш жасаганын айтып, окуя кандай болгонун жеринен көрсөтүп бергени да айтылган.

Меню