“Ала-Тоо” аквапаркындагы баланын өлүмүнө байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, иш Жазык кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” жана “Керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу” беренелери менен козголуп, аквапарктын куткаруучусу убактылуу кармоочу жайга камалды.
6-июнда Бишкекте “Ала-Тоо” аквапаркында №95 мектептин үчүнчү классынын окуучусу сууга чөгүп каза болгон. Баланын апасы ал жакка окуучуларды мектеп уюштуруп алып барганын, аквапарктын кызматкерлери жана эки ата-эне көзөмөлдөп турат деп убада берилгенин айткан.
Окуяны иликтөө үчүн шаардык билим берүү башкармалыгында комиссия түзүлүп, мектептеги бир канча мугалим иштен алынган. Комиссия ал күнү аквапаркка 13 класстан 232 окуучу, тогуз мугалим жана тогуз ата-эне барганын аныктаган.
Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы да Кылмыш-жаза кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” жана “Керектөөчүлөр үчүн коркунуч жаратуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.
Дүйнөдө сууга чөгүп бараткан адам өзүн кандай алып жүрөт деген стереотип бар. Ал эми кинодо “куткаргыла – жардам бергиле” деп кыйкырганды көрсөтүшөт. Чындыгында, сууга чөгүп бараткандар кыйкырбайт – аларда дем жок, өпкөдөн кыйкыра турган аба да жок болот.
Сейрек учурларды эске албаганда, чөгүп бараткан адамдар физиологиялык жактан жардамга чакыра алышпайт. Адамдын дем алуу тутуму дем алууга ылайыкташтырылган, сүйлөө анын экинчи функциясы. Сүйлөөгө мүмкүн боло электе дем алуу функциясын калыбына келтирүү керек. Чөгүп бараткан адамдын оозу кезектешип суу астына кирип, анын үстүнөн пайда болот, дем алуу жана жардам сурап кайрылуу үчүн суунун үстүндө адам көпкө туралбайт. Чөгүп бараткан адам суудан ышкырганда, тез дем алып, дем
алууга гана убакыт жетиштүү болот, андан кийин дароо кайрадан суу астында калат.
Чөгүп бараткан адамдар башка адамдарды көңүл бурдуруу үчүн колдорун шилтей алышпайт. Алар инстинктивдүү түрдө суудан көтөрүлүү максатында колдорун капталына сунуп кыймыл- аракет жасашат. Мындай кыймылдар дем алуу үчүн суудан өйдө калкып чыгууга мүмкүндүк берет.
Башынан аягына чейин, инстинкттик реакция иштеп жатканда, чөгүп бараткан адамдын денеси тик бойдон калат жана буттары эч кандай жардамсыз иштеп калат. Эгерде даярдалган куткаруучу аны суудан чыгарбаса, чөгүп бараткан адам суу алдында толугу менен кирип кеткенче 20-60 секундага чейин калкып суу үстүндө болушу мүмкүн.
Чөгүп бараткан адамдын негизги белгилери:
1. Башты сууда, оозду суу деңгээлинде кармайт;
2. Башын артка эңкейтип, оозун ачат;
3. Көздөрү тумандап, эс нерсеге көңүл бурбайт;
4. Көздөр жумулган;
5. Чекесинде же көздөрдө чач болот;
6. Бутту колдонбойт, сууда тик турат;
7. Абдан көп жана үстүртөн дем алат же оозуна абаны кармайт;
8. Артка оодарылууга аракет кылат;
9. Аркан тепкичи боюнча суудан чыгууга аракет кылат, бирок кыймыл дээрлик ар дайым суу астында жүрөт.
Этият болуңуз!