Menu

Сүйүнбай Эралиев

Кыргыз эл баатыры, акын Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгына карата "Кезиктиң күүлөр ээси поэзия..." аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана эскерүү кечеси өтөт

Эртең, 5-октябрда саат 11:00дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгына карата «… Кезиктиң күүлөр ээси поэзия, 

Алдыма туура тартып бууданыңды, 

Ошондо сезген окшойм биринчи ирет,

Сенсиз мен жашай албай турганымды…» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана эскерүү кечеси өткөрүлөт.

Кыргыз элинин залкар акыны, нукура талант сүрөткери, поэзия чебери, Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу, ардагер жоокер С. Эралиев 1921-жылы 15-октябрда Талас районундагы Үч-Эмчек айылында туулган.

Согуштан жарадар болуп келип, Талас облустук «Лениндик Туу» гезитинде жооптуу катчы болуп иштеген. 1951-1954-жылдары Москвадагы жогорку партиялык мектепти бүтүргөн соң, «Кыргызстан пионеринде» редактор, 1959-1984-жылдар аралыгында Кыргызстан жазуучулар союзунун катчысы болуп эмгектенген.

С. Эралиевдин чыгармачылык иши майданда жүргөндө жазган «Досторума кат» деген ыры менен башталган. 1949-жылы «Биринчи жаңырык» аттуу ырлар жыйнагы, ага удаалаш «Тууган жер» деген экинчи жыйнагы чыккан.

Акындын калеминен жаралган орошон чыгармасы улуттук поэзиянын туу чокусу болгон «Ак Мөөр» аттуу поэмасы (1958) «Махабат жөнүндөгү баян» деген ат менен китеп болуп басылган, ошондой эле Москвада өткөн декадада «Ак Мөөр» жогорку баага татыктуу болгон. Ушул поэмага удаалаш акындын «Түнкү сыр», «Уяң жылдыздар», «Жол», «Сан тоолор», «Жылдыздарга саякат», «Каркыралар», «Биздин суулар», «Айыл ырлары», «Кыргыз жаны», «Дүйнө», «Кыштак кечтери», «Сүйгөнгө кат», «Сага айткан сыр», «Ырлар, поэмалар», «Тандалмалар», «Ак Мөөр», «Тандалмалар», «Жаңыл Мырзанын керээзи», «Кесиринсан» деген көптөгөн китептердин автору болуп эсептелет. Анын сандаган лирикалык ырлары улуттун асыл кенчине айлануу менен дүйнөлүк адабияттын да казынасын байытты. Акындын ысымы Борбордук Азия жана Чыгыш элдеринин гана эмес, башка континенттердин да адабият билермандарына белгилүү.

Сүйүнбай Эралиевдин көптөгөн чыгармалары орус, украин, казак, молдован, тажик, өзбек, чех, поляк, англис тилдеринде жарык көргөн.

Ал даңазалуу акын гана эмес, көркөм котормонун чоң устаты. Алгач котормочулук өнөрүн А. Твардовскийдин «Василий Теркин» поэмасын которуудан баштаган. Андан кийин орус жана дүйнөлүк классикадан Пушкиндин, Лермонтовдун, Маяковскийдин, Есениндин, Шекспирдин, Шиллердин, Гетенин, Уитмендин, Тагордун, Турсун-Заденин, Межалайтистин, Сулеймановдун ыр-поэмаларын кыргыз тилине которгон.

Кыргыз адабиятына сиңирген зор эмгеги үчүн Кыргыз Эл акыны, «Кыргыз Республикасынын Баатыры», Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын, А. Фадеев атындагы бүткүл союздук адабий сыйлыктын, Ч. Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыктардын, А. Табалдиев атындагы сыйлыктын, Жамбыл Жабаев атындагы сыйлыктын лауреаты наамына ээ болгон. Казак Республикасынын «Алтын көпүрө» Эл аралык сыйлыгын алган. «Эл достугу», I даражадагы Ата Мекендик согуштун, III даражадагы «Манас» ордендери, медалдар, Ардак грамоталар менен сыйланган.

С. Эралиев жөнүндө көргөзмөдө китептер, газета-журналдык публикациялар, интервьюлар, ой-пикирлер жана көптөгөн материалдар орун алган.

Көргөзмөгө мамлекеттик, коомдук ишмерлер, маданий жана илимий кызматкерлер, акын-жазуучулар, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, китеп окурмандар, студенттер катышышат.

Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч. 208. Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы. Тел.: 30-50-57

Меню