Menu

Сөз эркиндигин коргоо комитети

Kaktus.media порталына карата кылмыш иши козголгонуна байланыштуу Сөз эркиндигин коргоо комитетинин билдирүүсү

Улуттук коопсуздукту жана мамлекеттин бүтүндүгүн камсыз кылуу – кандай болбосун шартта эң жогорку баалуулук. Ошондуктан аны менен байланышкан маселелерге журналисттер жана маалымат каражаттары өтө кылдат мамиле кылууга милдеттүү. Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы чек ара маселелери менен байланыштуу болсо, алар бул маселе менен байланышкан материалдарды жети өлчөп бир кесүүгө тийиш, эң негизги талап – түзүлгөн абалды же маселени ырбатып жибербөө эрежеси болуш керек.

Былтыр, 2021-жылдын 29-апрелинде болгон «бир күндүк согуш» алдында, анын учурунда жана андан кийин дагы кошуна Тажикстандын маалымат каражаттарында көп дезинформация жарыяланганы белгилүү, ошондуктан акыркы, 2022-жылдын 27-январындагы чек ара чатагы учурунда ал чатактын башталышы жана себептери тууралуу тажик маалымат каражаттарында чыккан кабарларды ылгоосуз жарыялоо менен Kaktus.media порталы кааласа дагы, каалабаса да ошондой дезинформацияны тараткан булак болуп калды.

Бирок порталдын редакциясы дароо: «Маалымат согушу жүрүп жатат жана ага каршылык көрсөтүү үчүн, экинчи тарап кандай маалымат таратып, чатактын башталышын кантип түшүндүрүп жатканын билүү зарыл. Кыргызстандыктар эмне болуп жатканын тереңирээк түшүнсүн деген максат менен тажик маалымат каражатынан алынган жаңылыкты биз басып чыгарганда, ал булакка шилтеме жасалган. Болгону, биздин катабыз – ошол басылып чыгарылган маалыматта ушул ойду так билдирген эмеспиз. Ан үчүн баардык кыргызстандыктардан кечирим сурайбыз», – деп Kaktus.media 28-январда катасын моюнга алган.

Маселе ушуну менен аякташ керек эле. Бирок кечээ күнү, 1-февралда, Бишкектин Биринчи май районунун прокуратурасы «Кактуска» карата Кылмыш кодексинин 407-беренеси боюнча кылмыш ишин козгогону белгилүү болду. Ал берене – согушту пропагандалоо, бир мамлекеттин башка мамлекетке карата агрессиясын козутуу же аскерий конфликтке алып келе ала туруган көз караш, чакырык же пикир жарыялоо менен байланышкан.

Сөз эркиндигин коргоо комитетинин пикиринде, прокуратуранын мындай аракеттери – аша чапкандык жана азыркы опурталдуу абалда кыргыз коомундагы ынтымакты бекемдебейт. Журналисттердин материалдарында ката болгондо дагы, алар аны тез арада оңдогон жана окурмандар менен коом алдында кечирим сураган, бул окуя алар үчүн да, башкалар үчүн дагы сабак болду жана кайталанбаш керек.

Factcheck.Kg сайтынын баш редактору жана Temirov Live ютуб-каналынын ээси Болот Темиров менен акын Болот Назаровдун 22-январда күч колдонуу менен кармалганы, алардын кеңсесинен «баңги заттын табылышы» жана аларга каршы дагы кылмыш ишинин козголушу да ошондой эле аша чапкандык. Дал ошол иштер алдында УКМК төрагасынын туугандары аралашкан финансы окуялары тууралуу Темиров журналисттик иликтөөнүн жыйынтыктарын жарыялаганы – ал күч акциялары жөн жерден чыкпаганын көрсөтөт.

Тартип орнотуу органдарынын мындай ашыкча күч колдонуу жана журналисттер менен жарандык коомду коркутуу аракеттери токтотулууга тийиш. Мындай иштер менен бийлик эл менен коомдун өзүнө болгон ишенимин арттыра албайт. Коом аң-сезими менен маанайын өз тарабына тартуу үчүн бийлик такыр башка аракеттерди көрүш керек, коркутуп-үркүтүү аркылуу коомдо ынтымак орнобойт.

Сөз эркиндигин коргоо комитети

Бишкек, 2-февраль, 2022-ж.

Меню