Menu

“С5 + 1” форматы Казакстан Кыргызстан Тажикстан Түркмөнстан Өзбекстан жана АКШ

Борбор Азиянын 5 өлкөсү+АКШ (C5+1) лидерлеринин биргелешкен билдирүүсүндө энергетикалык коопуздук жөнүндө айтылды

21-сентябрда Ак үй БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында өткөн “С5+1” форматындагы президенттердин деңгээлиндеги алгачкы саммиттин катышуучуларынын биргелешкен билдирүүсүн жарыялады.

Узун текстте аймактагы энергетикалык коопсуздук маселелерине басым жасалып, бирок адам укуктарын сактоо жөнүндө дээрлик сөз болгон эмес.

АКШ, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттеринин атынан жасалган биргелешкен билдирүүдө өнөктөштүк бардык мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн жана суверендүүлүгүн сыйлоого багытталган БУУнун Уставынын принциптерин бекем сактоого негизделгени айтылат.

“Тынчтыкка жана гүлдөп-өнүгүүгө умтулуу менен биз аймакта жаралган коркунучтарды жана татаал көйгөйлөрдү чечүү үчүн туруктуу кызматташууну кубаттайбыз. Биргелешип Борбордук Азияда коопсуздукту чыңдоо, экономикалык туруктуулукту жогорулатуу, туруктуу өнүгүүнү колдоо, климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү жана тынчтыкты бекемдөө боюнча иш-чараларга берилгендигибизди дагы бир жолу ырастайбыз”, — деп жазылган билдирүүдө.

Анда амбициялуу программаларды ишке ашыруу аймактагы өлкөлөрдүн туруктуу өнөктөштүгүн талап кылары жана “C5+1” механизминин маанилүүлүгү белгиленген.

АКШ жана Борбор Азия өлкөлөрү Ооганстандагы кырдаалды эске алуу менен коргонуу жана терроризмге каршы күрөшүү маселелеринде кызматташууну бекемдөөгө ниетенишүүдө.

“Аймактагы бардык өлкөлөр жана эл аралык коомчулук терроризмден оолак, адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин, анын ичинде аялдар менен кыздарды сыйлаган, өзү жана коңшулары менен тынчтыкта жашаган эгемендүү жана өз алдынча Ооганстанды колдоону улантууга тийиш”, — деп айтылат биргелешкен билдирүүдө.

Текстте дүйнөлүк базарга чыгууну кеңейтүү жана Борбордук Азияга, анын ичинде жашыл экономикага эл аралык инвестицияларды тартуу зарылдыгы белгиленген.

Биргелешкен билдирүүдө негизинен Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздугу, энергетикалык системаларды интеграциялоо жана аны дүйнөлүк базарга коопсуз жеткирүү жөнүндө сөз болгон.

Кыргыз Республикасынын делегациясы "С5 + 1" форматындагы (Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана АКШ) кезектеги жолугушууга катышты

Бүгүн, 15-июлда Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын делегациясы “С5 + 1” форматындагы (Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана АКШ) кезектеги жолугушууга катышты.

Жолугушуунун негизги темасы болуп, Афганистандын аймагынан коалициялык аскерлердин чыгып кетишине байланыштуу бул өлкөнүн айланасындагы кырдаал талкууланды. Кыргыз тарабы Афганистандан келип чыккан чек ара коркунучтарына тынчсыздануусун билдирип, чыр-чатакты жөнгө салууда ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгилеп, бул биринчи кезекте афган ичиндеги диалогго негизделиши керектигин билдирди.

Мындан тышкары, коронавирус пандемиясынын терс кесепеттерин жоюу темасы, анын ичинде вакциналарды мамлекеттер арасында бирдей бөлүштүрүү жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында кызматташуу маселеси талкууланды.

Жолугушуунун катышуучулары Афганистандан келип чыккан коркунучтарга каршы туруу жана туруктуулукту бекемдөө каражаты катары экономика жана коопсуздук жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууга макулдашышты.

Меню