Menu

“С5+1” : Казакстан Кыргызстан Тажикстан Түркмөнстан Өзбекстан АКШ

Блинкен: АКШ Борбор Азияга 25 млн долларлык жардам берет

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Астанадагы расмий сапарында Орусиядан көз карандуулукту азайтуу үчүн Борбор Азияга жардам берүүгө убада берди.

Казакстандын борборунда чөлкөмдүн беш тышкы иштер министри катышкан С5+1 саммитинде АКШнын Мамкатчысы Вашингтон 25 миллион доллар өлчөмүндө жардамдын жаңы топтомун берерин кабарлады.

Орусия Украинада жортуулун улантып жаткан маалда Блинкен Кошмо Штаттар Борбор Азия элдеринин суверендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн кубаттай турганын белгиледи.

Казакстан президентинин маалымат кызматы Касым-Жомарт Токаев Блинкендин сапарын чөлкөмдөгү өлкөлөр менен кызматташуудагы “кошумча импульс” деп атаганын билдирди.

C5+1 дипломатиялык саммити 2015-жылдан бери бир нече жолу өттү. АКШнын Мамлекеттик департаменти 27-февралдагы билдирүүсүндө бул жолугушууну “чөлкөмдүн ичиндеги жана Борбор Азия менен АКШнын ортосундагы кызматташууну бекемдөөчү саммит” деп атады.

Астанадагы маалымат жыйынында Блинкен Кытай Орусияга аскердик көмөк көрсөтсө опурталдуу болорун дагы бир сапар эскертти.

Блинкен Астанага 28-февралга караган түнү барган. Казакстандан ал Өзбекстанга сапар тартып, андан ары “Жоң жыйырмалыктын” жыйынына катышуу үчүн Индияга учуп кетет.

“Борбордук жана Түштүк Азия: Аймактык байланыш. Чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр” конференциясынын жыйынтыгы боюнча “С5+1”дин биргелешкен билдирүүсү

Төмөнкү билдирүүнүн тексти Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Тажикстан Республикасы, Түркмөнстан, Өзбекстан Республикасы жана Америка Кошмо Штаттарынын өкмөттөрү тарабынан 2021-жылдын 15-16-июль күндөрү Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында өткөн “Борбордук жана Түштүк Азия: Аймактык байланыш. Чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр” аттуу эл аралык конференцияга карата кабыл алынган.

Текст:

C5+1 делегациялары – Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Тажикстан Республикасы, Түркмөнстан, Өзбекстан Республикасы жана Америка Кошмо Штаттары – 2021-жылы 15-16-июлда Ташкентте өткөн “Борбордук жана Түштүк Азия: Аймактык байланыш. Чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр” аттуу эл аралык конференцияга катышышты.

C5+1 өлкөлөрү биздин аймактык дипломатиялык платформабыз аркылуу өз ара байланышты кеңейтүүгө жана соода, транспорт жана энергетикалык байланыштары аркылуу Борбордук жана Түштүк Азия региондорунун ортосундагы байланышты чыңдоо мүмкүнчүлүктөрүн издөөгө умтулуп келээрин тастыкташты. C5+1 байланыштардын өркүндөшү өнүккөн жана коопсуз Борбор Азияны куруу максатын колдой тургандыгын тааныйт. Борбордук Азиянын экономикалык өсүшү жана Түштүк Азиянын экономикасы менен тыгыз байланышта болуу боюнча көрөгөч идеялар C5+1дин региондун коопсуздугун жана туруктуулугун, анын ичинде афган тынчтык сүйлөшүүлөрү аркылуу чыңдоого ниеттенгенин баса белгилейт.

C5+1 байланыш боюнча мурда жетишкен биргелешкен прогрессти бекемдөөгө аракет кылат, анын ичинде:

  • Борбор Азиядагы инфраструктураны жана транзиттик потенциалды, анын ичинде инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу модернизациялоо;
  • Транс-чек аралык бизнес байланыштарын жана элдер ортосундагы байланыштарды колдоо боюнча аймактык кызматташтыкты кеңейтүүгө көмөктөшүү;
  • Энергетика тармагынын байланышын жана натыйжалуулугун жогорулатуу, анын ичинде калыбына келүүчү энергияны кеңейтүү жана натыйжалуу интеграциялоо;
  • Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялануу, абанын сапаты жана суу жаатында кызматташуу боюнча максаттарды канааттандыруу жана бекемдөө, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнүн таасири астында аялуу калк катмарларын коргоо;
  • Жалпы адамзаттын баалуулуктарына жана Түштүк жана Борбор Азия элдеринин тарыхый, маданий, цивилизациялык жана руханий нукуралыгына негизделген адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо, мыйзамдуулукту жана акыйкат башкарууну андан ары чыңдоо, маданий-гуманитардык байланыштарды калыбына келтирүү жана аймактын туруктуу экономикалык өнүгүүсүн колдоо үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоо жана ага бардык адамдардын катышуусу;
  • Түштүк жана Борбордук Азия, анын ичинде Афганистан аркылуу соода, транспорт жана байланышты жеңилдетүү;
  • Афганистандагы тынчтык жараянына ыңгайлуу туруктуу жана гүлдөп-өнүккөн шарттарды түзүү, анын ичинде бардык тараптар үчүн: саясий жөнгө салуу боюнча материалдык сүйлөшүүлөрдүн актуалдуулугу; адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка алып баруучу бирден-бир жол – бул саясий системаны түзгөн жана бардык афгандыктардын негизги укуктарын урматтаган сүйлөшүүлөр жолу менен саясий жөнгө салуу; Афганистанда жаңы өкмөттү күч менен таңуулоого эч кандай колдоо жок деп; жана террорчуларга жана үчүнчү жактын күчтөрүнө С5+1 өлкөлөрүнө же башка өлкөлөргө коркунуч келтирүү же аларга кол салуу үчүн Афганистандын аймагын колдонууга эч качан жол берилбеши керек;
  • Афганистан менен коопсуздук, энергетика, экономикалык, соода, маданий жана башка тармактарда кызматташууну илгерилетүү; жана,
  • Аймактык коопсуздукка, гүлдөп-өнүгүүгө жана туруктуулукка шек келтирген чакырыктарды жана коркунучтарды чечүү үчүн кызматташуу.
Меню