Menu

Таалайбек Ибраев

Быйыл кайсы үйдө электр жарыгы бир саатта 5 кВт/сааттан ашып кетсе, жарыгы өчүрүлөт

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 11-сентябрда электр энергиясын пайдаланууга киргизилген 5 кВт/саат чектөөгө түшүндүрмө берип, мындай норма мурдатан эле бар экенин билдирди.

Министр бул чек электр көп колдонулган кечки сааттарда гана маанилүү экенин, андан башка маалда катардагы керектөөчү мынчалык ток колдонбой турганын тактады.

“5 кВт/саат деп айтса эле айрымдар муну чектөө деп ойлоп жатат. Азыр бизде эч ким 10 кВт/саатка чейин электр энергиясын колдонбойт. Биздеги бир фазалуу линиялардын баары 5 кВт/саатка гана ылайыкташкан, андан көбүрөөк ашып кетсе, ток сайган жерлердин баары өрттөнүп кетет. Союз убагында саатына 3 кВт/саат болчу, бүгүнкү күндө 5 кВт/саатка чейин берилип жатат. Ал эми үч фазалуу линиясы барлар мындан ашыкча алуу үчүн келишим түзүп, техникалык уруксат алышкан. Аларга эч ким чек коё албайт, бирок биз баары бир энергия көп колдонулган кечки сааттарда аларды да колдонууну азайтып туруусун суранабыз. Болгону керектөө жогору болгон сааттарда алар да көп колдонсо, көмөкчордондор аварияга кабылат. Бирок бул чектөө эмес, чектөө болбойт. Кайсы бир көмөкчордонго күч келип калса, аны башка фидерге которобуз. Ошол маалда 1,-1,5 саат электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурап калышы мүмкүн. Бул жөн гана жөнгө салуучу гана чара. Былтыр да колдонгонбуз, аны жашырбайбыз. Мындай кылбасак, ошол көчөдөгү трансформаторлор бүт өчөт. Аны кайра кошууга үч-төрт күн керек болуп калат”, – деди Таалайбек Ибраев.

4-сентябрда “Биринчи радиого” берген маегинде энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев быйыл кышында үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынарын эскерткен. Ал ар бир кардар белгиленген чекте электр жарыгын ала турганын, алдын ала эсеп менен ар бир үйгө 5 кВт/саат чектөө болорун билдирген.

Байгазиев кийин үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга салына турган тыюу боюнча тактоо берип, ал акылдуу эсептегичтер коюлган үйлөрдө электр жарыгы бир саатта 5 кВт/сааттан ашып кетсе, жарык өчүрүлөрүн айткан. Министрдин орун басары акылдуу эсептегичи жок үйлөрдө рейддер өткөрүлөрүн кошумчалаган.

Быйыл Токтогул ГЭСине чогулган суунун көлөмү 11 млрд 400 млн кубдан бир аз ашат. 2022-жылдын ушул күнү бул көрсөткүч туура 2 млрд кубга көп болчу.

Суунун аздыгынан улам президент Садыр Жапаров 1-августтан тарта энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режимин киргизген. Министрлер кабинети быйыл күз-кыш мезгилине карата Түркмөнстан менен Орусиядан 3 млрд кВттан ашуун электр энергиясын импорттогону турат.

Казак министри Кыргызстандагы майнинг-ферма тууралуу комментарий берди

Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев RFE/RL радиосунун казак кызматына Кыргызстандагы майнинг компанияга электр энергиясы сатылган-сатылбаганы боюнча комментарий берди.

Саткалиев кыска видео интервьюда Казакстанда электр энергияны экспортоо-импорттоону бирдиктүү сатып алуучу – министрликке караштуу компания ишке ашырарын белгилеп, учурда тиешелүү сааттарда, тагыраагы, түнкүсүн токту сыртка сатууга мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.

Ал Борбор Азиянын энергоалкагы аркылуу Казакстан башка өлкөлөргө электр энергиясын кээде сатып, кээде алып жатканын кошумчалап, анын ичинде Кыргызстан менен да алып-сатуу ыктымалдыгын айтты. Ошол эле маалда министр кыргыз жергесинде жайгашкан майнинг компания менен түзүлүүчү келишимден кабары жоктугун тактады.

“Бул боюнча канча көлөм болот, кандай болот, деталдуу маалыматты тактоо үчүн мага убакыт керек. Башкача айтканда, биздин бирдиктүү сатып алуучу компания менен сыртка чыгара ала турган электр энергиясынын көлөмүн эми гана аныктадык. Менин билишимче, азырынча конкреттүү келишимдер жок. Бирок жалпысынан мындай мүмкүнчүлүк бар экенин ырастайм жана энергетикалык ишканалардын деңгээлинде сүйлөшүү жүрүп жатышы мүмкүндүгүн айтып койгум келет”, – деди Саткалиев.

Казакстандын энергетика министри өндүрүлүп жана экспорттолуп жаткан электр энергиясы боюнча сандарды атоодон карманып, бул сан ай сайын өзгөрүп турарын айткан.

Июлдун аягында “Азаттык” “Энергокризис: Кеминдеги майнинг ферма кимдики?” деген иликтөө жарыялаган. Анда фермага ээлик кылган “Соларкоин” Кыргызстандын энергетика системасынын 30 МВт электр кубатын ала турганы, бул айрым райондордун бүтүндөй же теңинин керектөөсүнө тете экендигин тактаган. Бул жагдай Кыргызстандын энергетика системасында өзгөчө кырдаал жарыяланган маалда ишке ашып жатканы коомчулукта кызуу талаш-тартыштарга жем таштаган.

Иликтөөгө президент Садыр Жапаров жооп берип,“жаз-жай мезгилинде өлкөдө электр энергиясы жетиштүү экенин, ал тургай ашып жатканын” айткан. Ал ошол себептүү мамлекет майнинг фермага электр жарыгын эң кымбат баа менен 1 кВт/с 5 сом 4 тыйындан сатып жатканын кошумчалаган.

Мунун артынан энергетика министри Таалайбек Ибраев журналисттерге маек куруп, Кыргызстанда криптовалюта чыгара турган эки гана майнинг компания – Кеминдеги “Соларкоин” жана “Камбар-Ата-2” ГЭСиндеги “МБТ Строй” компаниялары менен келишим түзүлгөнүн тактаган. Ошол эле маалда ал кеп болгон иликтөө чыккандан кийин “Соларкоин” компаниясы электрди Казакстандан алууну чечкенин билдирген. Ибраевдин айтымында, майнинг компания токту коңшу өлкөдөн 1-августтан тартып ала баштамак. “Кыргызстандын энергетика тармагы мурдагы 5 сом 4 тыйындын ордуна транзит үчүн 23 тыйындан гана каражат алат” деген өз интервьюсунда энергетика министри.

Интернетте гана жүгүртүлгөн санариптик акча – криптовалюны өндүрүү, кадимки кендерди казып алуу сыяктуу эле майнинг деп аталат. Аны жүргүзгөн ишкерлер “майнерлер”, ишканалар “майнинг-ферма” деген атка конгон. Майнинг кылуу үчүн мындай фермаларга үзгүлтүксүз түрдө жана көп көлөмдө электр энергиясы керектелет.

Министр энергетика тармагына өзгөчө кырдаал киргизүүнүн себептерин айтты

Энергетика тармагына өзгөчө кырдаал абалы электр кубатын кошумча иштеп чыгууну ыкчамдатуу, муну менен инвесторлорго тийиштүү шартты жеңилдетүү максатында гана киргизилди деп билдирди 31-июлда интервью берген энергетика министри Таалайбек Ибраев.

Анын айтымында, ири жана чакан ГЭСтерге, табигый булактардан кубат алуучу долбоорлорго акча салам деген инвесторлор буга чейин мамлекеттик он беш ар кайсы мекемеден уруксат алып келген. Бул болсо өз кезегинде бюрократияны көбөйтүп, ишти кечеңдетүүдө. “Эми болсо мындан ары жерге уруксат баштаган баардык чечимдер бир жерге борборлоштурулуп, бир катар министрлик, ведомстволордун функциялары энергетика министрлигине берилди. Биз мүмкүн болушунча инвесторлорго жеңил шарт түзүп беребиз”, – деди министр Ибраев. Анын кошумчалаганы боюнча, өзгөчө кырдаал абалы энергетика тармагында кризис болду дегенди түшүндүрбөйт жана кышында электр өчүрүүлөрү болбойт.

24-июлда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал киргизилген. Министрлер кабинетинин 20-июлдагы жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев ушундай режим киргизүүнү сунуштап, колдоо тапкан болчу.

Кыргызстан жалпы кубаттуулугу 142 млрд кВт/саат электр өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар экенине карабай, жыл сайын 7 ГЭС жана 2 ЖЭБ 14-15 млрд кВт/саат гана электр кубатын чыгарат. Токтогул суу сактагычына акыркы жылдарда суунун келиши азайып, ошол эле маалда электр кубатын пайдалануу көлөмү өсүүдө, ал эми ортодогу таңкыстык 3-4 млрд кВт/саатты түзөт.

Кыргызстан ири Камбар-Ата-1 ГЭСин Казакстан жана Өзбекстан менен биргелешип курууга ниеттенүүдө. Мындан тышкары Кытайдын айрым компаниялары менен Казарман ГЭСтер каскадын баштоо ниети да бар.

Таалайбек Ибраев энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Бүгүн, 3-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Ибраев Таалайбек Өмүкеевич Кыргыз Республикасынын энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Таалайбек Ибраевдин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын энергетика министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

КР энергетика министринин орун басары Таалайбек Ибраевге КР энергетика министринин милдеттери убактылуу жүктөлдү

Бүгүн, 14-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Энергетика министри жок болгон мезгилге Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары Ибраев Таалайбек Омукеевичке Кыргыз Республикасынын энергетика  министринин милдеттерин аткаруу жүктөлдү.

Меню