Menu

Таалайбек Нуралиев

Видео - УКМК ЖАМКнын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиевди коррупция фактысы боюнча кармады

КР УКМК коррупцияга байланыштуу кылмыштарды алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басарынын “Н.Т.М.”жетекчилиги астында туруктуу коррупциялык схема,  мөөнөтүнөн мурда бошотуу, соттолгондордун шарттарын жумшартуу, ошондой эле бөлүмдүн ортоңку жетекчилигинин мыйзамсыз аракеттерин жашыруу үчүн системалуу түрдө акча каражаттарын алуу аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2021-жылдын 2-августунда “Н.Т.М.” иш бөлмөсүндө ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анда 3,500 миң АКШ доллары, 59,000 миң сом суммасындагы акча каражаттары, уюлдук телефондор жана чакан калибрдүү куралдын патрондору алынган.

Жашаган жеринен ТТ тапанчасы жана жылмакай ок атуучу куралдар, ошондой эле түзөтүү мекемелеринде соттолгондор жасаган нарда, сандык, бычак, кылыч, стол, отургуч түрүндөгү ар кандай буюмдар табылып алынды.

Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам иш -чаралардын жыйынтыгында  “Н.Т.М.” КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Меню