Menu

Таалатбек Масадыков

Масадыков Кабулда “Талибан” өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолукту

6-ноябрда Кыргызстандын президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков Кабулда Ооганстанды башкарып жаткан бийликтин жетекчилиги менен жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 7-ноябрда кабарлады.

Масадыков иш сапардын жүрүшүндө “Талибан” өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Абдул Гани Барадар, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Абдул Салам Ханафи жана тышкы иштер министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Шер Мохаммад Аббас Станикзай менен өз өзүнчө жолугушту.

Кыргызстандын ТИМи кабарлагандай, жолугушууларда регионалдык коопсуздук жана эки тараптуу соода-экономикалык, маданий байланыштарды өнүктүрүү жана транспорттук жолдор менен ооган элине гуманитардык жардам көрсөтүү маселеси талкууланды.

Масадыков 2021-жылы Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп турганда Ооганстанга барып, талибдердин өкүлдөрү менен сүйлөшүп келген. Быйыл апрелде ал президенттин өзгөчө тапшырмалары боюнча атайын өкүлү болуп бекиген.

Масадыков быйыл июлда Ташкент шаарында өткөн “Ооганстан: коопсуздук жана экономикалык өнүгүү” аттуу эки күндүк эл аралык конференциянын алкагында да талибдердин өкүлдөрү менен кездешкен.

Былтыр Кабулда бийликти басып алган талибдердин өкмөтүн азырынча бир да мамлекет расмий тааный элек.

Таалатбек Масадыков Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

Бүгүн, 25-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Масадыков Таалатбек Шамудинович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.

Таалатбек Масадыков Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Масадыков Таалатбек Шамудинович Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Меню