Menu

Тажикстан

Тажикстан: жаназада маркум кызды "фасик" (намаз окубаган) деп кемсинткен молдо суракка алынууда

Тажикстан бийлиги жаназа учурунда маркум кызды эл алдында кемсинткен дин кызматкерин сүйлөшүүгө чакырды.

Тажик журналисти Абдукодир Талбаков Гиссар районундагы айылдардын биринде 25 жаштагы кызды акыркы сапарга узатуу зыйнатында жагымсыз окуя болгонун жазды. Жаназа учурунда молдо маркум кызды жана анын туугандарын “фасиктердин” (намаз окубагандардын) үй-бүлөсү деп атап, кыздын атасын урушкан.

Тажикстанда сөөк коюу учурунда маркумдун же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кемсинткен учурлар мурда болгон эмес.

Тажикстан өкмөтүнө караштуу Дин, каада-салттарды, салтанаттарды жана ырым-жырымдарды ирээтке келтирүү боюнча комитеттин басма сөз катчысы Афшин Муким Гиссардагы окуя тууралуу маалыматты тастыктады. Ал Фейсбуктагы баракчасына Гиссардын Дурбат айылынын тургуну, дин ишмери Абдукаххор Мирзоев “тиешелүү органдардын кызматкерлеринин суроолоруна жооп берип жатканын” жазды.

Маалым болгондой, каза болгон кыз кант диабети менен жабыркаган.

Исфара: бийлик тургундардан балдарын аскерге жөнөтүүнү талап кылып, мечитти жапты

Тажикстандын Исфара шаарына жакын жайгашкан Найман айылындагы мечит тургундар үчүн жабылды. Бул маалыматты айыл жамаатынын башчысы Рофиджон Рауфов ырастады.

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик имам-хатиб менен жашоочулардан аскер курагындагы балдарын армияга жөнөтүүнү талап кылып, болбосо мечит жабыларын билдирген.

“Бул айылдын аскер курагындагы жашоочуларынын көбү Орусияда иштеп жүрүшөт. Бийлик ата-энелери аларды мекенине чакырып, армияга жөнөткөндөн кийин гана мечитке эркин бара алышарын билдирди. Бул маселе боюнча дин кызматчылары да акимчиликке чакырылган”, – деди Рауфов.

Найман айылынын Орусияда иштеп жүргөн тургундарынын бири бийлик ата-энелеринен аларды Тажикстанга кайтарууну талап кылып, басым көрсөтүп жатканын билдирди.

Бийлик мечиттин жабылышы жана ата-энелерге карата басым болуп жатканы жөнүндөгү маалыматтар боюнча расмий билдирүү жасай элек.

Өткөн айда Тажикстандын Пенжикент шаары менен Рашт районунда да ата-энелерге балдарын армияга жөнөтүү талабы коюлуп, жергиликтүү мечиттер жабылганы кабарланган.

Тажик бийлиги акыркы жылдары өлкөдө армияга өз каалоосу менен барган өспүрүмдөр көбөйгөнүн билдирип келет. Ошол эле маалда Тажикстанда аскерге чакыруу өнөктүгү башталганда жаштарды көчөдөн же үйүнөн кармап, мажбурлап армияга алып кеткен учурлар тартылган көптөгөн видеолор тарайт. Мындан тышкары ЖМКлар менен соцтүйүндөргө армиядагы чоңсунуу, зомбулук учурлары жана уставдан тыш мамиледен улам көз жумган жоокерлер тууралуу макалалар да чыгып турат.

Тажикстандагы жоокерлердин сабалышы: "Ворух" чек ара комендатурасынын башчысы кармалды

Тажикстанда “Ворух” чек ара комендатурасынын башчысы, подполковник Нухзат Лазуриев кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы кабарлады.

Лазуриев кызмат өтөгөн №0215 аскер бөлүгү Согд облусундагы Канибадам жана Исфара райондорунун чек араларын кайтарат.

Прокуратуранын билдирүүсүндө офицерге каршы “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголгону жазылган. Тажикстанда бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар үчүн сегиз жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Көзөмөл органдын билдирүүсүндө Лазуриевдин кармалышы аскердик бөлүктөрдүн биринде жоокерлердин катуу сабалганы тартылган видеого байланышы бар-жоктугу жазылган эмес.

24-апрелде Башкы прокуратура жаш жоокерлерди сабоого шектелип беш аскер кызматкери кармалганын билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 2022-жылы декабрда Согд облусунун Канибадам районунда жайгашкан №0215 аскердик бөлүктө болгон.

Кармалган аскер кызматкерлерине каршы “Уставдык мамилелерди бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, ишти Согд облустук Аскердик прокуратурасы иликтеп жатканы кабарланган.

Бирок кийинчерээк бул билдирүү Башкы прокуратуранын расмий сайтынан өчүрүлгөн. Мекеме маалыматтын алынганы боюнча комментарий берген жок.

24-апрелде интернетке жаш жоокерлерди кенже командирлер же мурда келген жоокерлер сабап жатканы тартылган видео жарыяланган. Анда аскер кийимчен адамдар казармада тизилген жоокерлерди башка-көзгө койгулап, таяк менен сабап жатканын көрүүгө болот.

Бул видео тажикстандык соцтүйүн колдонуучуларынын аоасында катуу талкуу жаратып, көпчүлүгү тажик бийлигин күнөөлүүлөрдү тезинен аныктап, жоопко тартууга чакырышкан.

Тажикстанда келинин өз жанын кыюуга чейин жеткирген кайнене беш жылга соттолду

Тажикстанда Рудаки райондук соту 54 жаштагы Бибинос Исмоилованы келинин өз жанын кыюуга чейин жеткиргени үчүн беш жылга эркинен ажыратты.

Сот өкүмүндө Исмоилова 2022-жылы май айында келини Гулнисо Абдуназарованы акча уурдоого айыптап, айылдаштарынын көзүнчө кемсинткени жазылган. Кайненесинин мындай мамилесине чыдабаган келин ашканага барып асынып алган.

Сотто Бибинос Исмоилова тагылган айыптарды четке кагып, келининин өлүмүнө тиешеси жок экенин билдирди. Бирок күбөлөр ал Гулнисо Абдуназарованы дайыма кемсинткенден тышкары, аны сабап да жүргөнүн айтып беришти.

Тажикстанда 2018-жылдан бери келиндерин өз жанын кыюуга жеткирген бир нече кайнене соттолгон.

Норвегия-Хельсинки комитети Батыш өлкөлөрүн тажик бийлигине санкция салууга чакырды

Норвегия-Хельсинки комитети журналисттер Анора Саркорова менен Рустам Жонинин жакындарына басым көрсөтүп жатканы үчүн Тажикстандын бийлигин сынга алды.

Комитеттин 14-апрелде жарыяланган билдирүүсүндө журналисттердин жакындарына басым көрсөтүү – Тажикстандагы сөз эркиндигине жасалган чабуулдун дагы бир түрү болуп эсептелери белгиленген.

“Авторитардык режимдер адам укуктарын бузганы үчүн жазаланбаган учурда ушундай көрүнүштөр болот. Вашингтон менен Брюсселди Тажикстандын бийлигин өздөрүнүн санкциялык тизмесине киргизүүгө чакырам”, – деди комитеттин башкы катчысы Берит Линдеман.

Норвегия-Хельсинки комитетинин билдирүүсүндө расмий Душанбенин бул аракети бийликти сындаган чет өлкөлөрдөгү адамдардын “үнүн басууга” багытталганы белгиленген.

Прагада жашаган тажикстандык журналисттер Рустами Жони менен Анора Саркорова социалдык түйүндөр аркылуу Тоолуу-Бадахшан автоном облусунда болгон 2021-2022-жылдардагы нааразылыктардын күч менен басылышын кескин сынга алып келишет.

АКШ Мамлекеттик департаменти: Тажикстан 31 жылдан бери бир гана киши башкарып келаткан авторитардык өлкө

АКШнын Мамлекеттик департаменти Тажикстанды 1992-жылдан бери бир гана киши башкарып келаткан авторитардык өлкө деп атады.

Мекеменин дүйнөдөгү адам укуктары боюнча 2022-жыл үчүн даярдаган баяндамасында Тажикстандын Конституциясы көп партиялуулукту кепилдей турганы, бирок бийлик саясий плюрализмге тоскоолдук кылып жатканы жазылган.

Ар жылкы баяндаманын авторлору президент Эмомали Рахмондун уулу, Душанбе шаарынын мэри Рустами Эмомали 2020-жылы тажик парламентинин жогорку палатасынын төрагалыгына шайланып, атасынан кийинки өлкөдөгү экинчи кишиге айланып, мураскер болуп калганын белгилешкен.

“2020-жылдагы парламенттик жана президенттик шайлоолор эркин эмес жана адилетсиз өткөн… Бардык күч түзүмдөрү менен Бажы кызматы түздөн-түз президентке баш ийет. Биздеги маалыматтарга ылайык, Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү көптөгөн мыйзамга каршы келген иштерди жасашат”, – деп жазылган Мамдепартаменттин баяндамасында.

Анда ошондой эле Эмомали Рахмондун тушундагы буга чейинки бир дагы шайлоо эл аралык стандарттарга ылайык жана ачык өтпөгөнү белгиленген.

“Мындан тышкары Тажикстанда жарандарды саясий себептер менен камакка алуу, кыйноо, өлтүрүү, журналисттерди коркутуу, сөз жана дин эркиндигин чектөө сыяктуу адам укуктары бузулган учурлар да катталууда”, – деп жазылган баяндамада.

Азырынча Тажикстандын бийлиги Мамлекеттик департаменттин бул баяндамасы боюнча комментарий бере элек.

Акыркы жылдары эл аралык укук коргоо уюмдары Тажикстанда адам укуктары бузулган учурлар боюнча өлкө бийлигин бир канча жолу сынга алышкан.

Өткөн жумада дүйнөнүн 197 өлкөсүндөгү жарандык коомдун жана жарандык укуктардын абалын баалаган CIVICUS эл аралык уюму Тажикстанды “жабык” өлкө деп тапкан. Уюмдун 16-мартта жарыяланган баяндамасында Тажикстан менен бир катарга Түркмөнстан, Кытай, Сирия, ошондой эле Африка жана Азия континентиндеги бир катар өлкөлөр жайгашкан.

CIVICUS эл аралык уюму Тажикстанды "жабык" өлкө деп атады

Дүйнөнүн 197 өлкөсүндөгү жарандык коомдун жана жарандык укуктардын абалын баалаган CIVICUS эл аралык уюму Тажикстанды “жабык” өлкө деп тапты.

Уюмдун 16-мартта жарыяланган баяндамасында Тажикстан менен бир катарга Түркмөнстан, Кытай, Сирия, ошондой эле Африка жана Азия континентиндеги бир катар өлкөлөр жайгашкан.

CIVICUS Тажикстан жабык өлкөлөрдүн катарына Тоолуу-Бадахшан автоном облусундагы митингдерди күч менен таркатканы үчүн киргизилгенин билдирүүдө. Баяндаманын авторлору укук коргоо органдарынын аймактагы “атайын операциясы” маалында жарандарга карата ашыкча күч колдонулуп, негизсиз кармоолор, кыйноолор жана адам өлтүрүүлөр болгонун жазышкан. Мындан тышкары бул өлкөдө көпчүлүк коркуп жашай турганы, жарандар өз пикирин айтканы жана тынч митингдерге чыкканы үчүн камакка алынары белгиленген.

“Көз карандысыз журналисттер, жарандык активисттер, адвокаттар жана укук коргоочулар куугунтукталып жатат. Мындай шартта бийликтин оппоненттеринин үнү барган сайын азаюуда”, – деп жазылган баяндамада.

Азырынча тажик бийлиги CIVICUS уюмунун бул баяндамасы боюнча комментарий бере элек.

2022-жылы май айында Хорогдун тургундары нааразылык акциясына чыккан. Алар милициянын 2021-жылдын ноябрындагы операциясы учурунда каза болгон жергиликтүү тургун Гулбиддин Зиёбековдун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылышкан. Бийлик чогулгандарды “уюшкан кылмыштуу топ” деп атап, аларды таратуу үчүн кошумча күч жөнөткөн. Жолдо Рушан районунун жашоочулары укук коргоо кызматкерлеринин жолун торошкон. ИИМ тургундар күч түзүм кызматкерлерине кол салганын айтып, “антитеррористтик операция” баштаганын билдирген. Анын жыйынтыгында 34 киши өлүп, ондогон адам кармалганы кабарланган.

Тажикстан жашоочулары электр энергиясынын өчүрүлүп жатканына даттанышууда

Күн салкындагандан бери тажикстандыктар электр энергиясы өчүрүлө баштаганына даттанышууда.

Өлкө жашоочулары бийлик электр энергиясы үчүн өз убагында төлөм жүргүзүүнү талап кылып, бирок эскертүүсүз күндүз да, түнкүсүн да жарыкты өчүрүп жатканын айтышууда.

“Таңкы сегизден кечки алтыга чейин жарыксыз отурабыз. Эмне себептен өчүрүп жатышканын түшүндүрүшпөйт. Күн салкындап калды, үйдө болсо балдар бар. Көмүрдүн баасы да улам кымбаттап жатат”, – деди Вахдат шаарынын тургуну Ражаб Саидов.

Түйүндөрдү бөлүштүрүү кызматынын башчысы Хуршед Умаров айрым маалелерде электр кубаты өчүрүлүп жатканын тастыктап, муну кыш мезгилине карата ремонт иштери менен байланыштырды. Бир нече жылдан бери “Барки Точик” энергохолдинги да ушундай эле түшүндүрмө берип келет.

Бирок жашоочулар аймакта эч кандай ремонт иштери жүргүзүлбөгөнүн белгилешүүдө.

Калкты электр энергиясы менен камсыздоо тажик өкмөтүнүн негизги маселелеринин бири болуп эсептелет. Бир катар ГЭСтер салынганы менен көйгөй чечиле элек. Быйыл январда бийлик өлкөнүн айыл чарба багытындагы аймактарында электр кубатына лимит киргизилгенин расмий түрдө жарыялап, чектөө майга чейин узарган.

БУУ: Тажикстанда айрым азык-түлүк түрлөрү болуп көрбөгөндөй кымбаттады

Тажикстанда быйыл айрым азык-түлүк түрлөрү болуп көрбөгөндөй кымбаттады. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк азык-түлүк программасы билдирди.

Маалыматка караганда, Тажикстанда ундун баасы былтыр ушул маалга салыштырмалуу 50% жогоруласа, пияз 192% кымбаттаган.

Ошол эле маалда 2021-жылга салыштырмалуу өлкөдө сабиз 65%, жасмык 5% арзандаган.

БУУнун адистери өткөн аптада ага чейинки жумаларга салыштырмалуу Тажикстандын алты базарында ундун баасы 1-3% төмөндөгөнүн, Тоолуу Бадахшан автоном облусунда тескерисинче кымбаттаганын аныкташкан. Мындан тышкары Тажикстандын сегиз базарында кумшекер 4%дан 18%га чейин арзандаган.

Жыл башынан бери Тажикстанда эң керектүү товарлар бир нече жолу кескин кымбаттады. Андай учурларда бийлик калк үчүн кесепеттерин азайтуу максатында мамлекеттик резеврдин эсебинен базарга арзаныраак азык-түлүк чыгарып турду. Бирок ал товарлар көбүнчө түшкө чейин эле түгөнүп калып жатты.

Путин Тажикстанга барды

Орусиянын президенти Владимир Путин 28-июнда Тажикстанга барды. Бул орус лидеринин Москва украинага кол салгандан берки алгачкы чет өлкөлүк сапары. Дүйшөмбүдө Путин тажик президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Буга чейин Кремл Путин тажик башкалаасына Рахмондун чакыруусу менен бара турганын, “орус-тажик стратегиялык өнөктөштүгүнөн” тышкары Ооганстандагы кырдаал сыяктуу “регионалдык маселелер” да кеп болоорун билдирген.

Тажикстан президентинин басма сөз катчысы Абдуфаттох Шарифзода “Озоди” радиосуна ырастагандай, бул сапарда эч кандай документке кол коюлбайт.

ТАСС агенттиги орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаковго шилтеме берип кабарлагандай, президенттердин сүйлөшүүсүндө Дүйшөмбүнүн Москва лидерлик кылган Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө болушу тууралуу маселе козголушу мүмкүн.

Ушаковдун айтымында, Дүйшөмбүдө Тажикстан менен Орусиянын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык жана Ооганстандагы кырдаал талкууланат.

29-июнда Путин Ашхабадда Азербайжан, Казакстан, Иран жана Түркөмөнстан лидерлери менен Каспий саммитине катышмкчы. Анын жүрүшүндөгү эки тараптуу жолугушуулар тууралуу суроого Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жооп берген жок.

Түркмөнстандын жаңы президенти Сердар Бердымухаммедов кызматка шайлангандан кийинки алгачкы сапары менен Москвага барган.

Ал арада украин президентинин администрация башчысынын кеңешчиси Алексей Арестович тажик жана түркмөн бийликтерин Орусияга Батыштын санкцияларын кыйгап өтүүгө жардам бербөөгө үндөдү.

Меню