Menu

Тазалык ишканасы

УКМК: “Тазалык” ишканасынын экс-директору Рысбек Сарпашев мамлекетке келтирген зыян - 5 млн сомду толугу менен төлөп берип, үй камагына чыгарылды

Үстүбүздөгү жылдын 22-мартында КР УКМК кызматкерлери тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана жок кылуу, ошондой эле кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча “Тазалык” муниципалдык ишканасынын мурдагы директору Сарпашов Р.А. кармалган. 

Ошол эле учурда, Р.Сарпашов “Тазалык” муниципалдык ишканасынын муктаждыктары үчүн материалдык-техникалык каражаттарды сатып алууга багытталган акча каражатын ыйгарып алганы боюнча күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыяндын ордун толугу менен, башкача айтканда 5 млн 167 миң 600 сомду толтурган. 

Буга байланыштуу, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы Р.Сарпашовго карата 2023-жылдын 9-апрелине чейин үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын кабыл алды.

Учурда Р.Сарпашовго карата козголгон кылмыш ишинин алкагында ал тарабынан мүмкүн болгон башка мыйзамсыз аракеттердин фактылары текшерилүүдө.

Р.Сарпашев боюнча иш сотко өткөрүлүп, анда маңызы боюнча каралат.

"Тазалык" ишканасында жумуштан кеткен жана чет өлкөдө жүргөн адамдарга эмгек акы ыйгарылып турган коррупциялык схема аныкталды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаардык мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкери айлык акыны эсептөөдө кызмат абалынан пайдаланып, акча каражаттарын чыгарып кетүү үчүн коррупциялык схема түзгөнү аныкталганын маалымдады.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө муниципалдык ишканада иштебеген же жумуштан кеткен жана чет өлкөдө жүргөн адамдарга эмгек акы ыйгарылып турган схема иштеп турганы аныкталган. Ал аркылуу чыгарылып кеткен каражаттарды схеманын уюштуруучулары жеке кызыкчылыктарына колдонуп турганы расмий маалыматта айтылат.

УКМК ишкананын Ч.М аттуу кызматкери шектүү катары кармалып, тергөө жайына камалганын кабарлады. Атайын кызмат шектүү буга чейин ишканада нааразычылык акциясын уюштургандардын бири болгонун белгилейт. Тергөө иштери башталды.

Азырынча шектүүнүн жакындары же жактоочусу менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

11-августта “Тазалык” муниципалдык ишканасынын айрым кызматкерлери Бишкектин Биринчи Май районундагы таштанды чыгарууну жеке ишканага берүү тууралуу мэриянын чечимине каршы нааразылык акциясына чыгышкан. Алар ишкананын техникасын жакшыртуу менен шаардын тазалыгын камсыз кылууга болорун айтышкан.

7-августта Бишкек мэриясы Биринчи Май районунда чогулган акыр-чикирлерге байланыштуу тургундар арасындагы нааразылыктар жөнүндө билдирүү таратып, бул районду “Эко Проф” жеке компаниясы тазалап жатканын кабарлаган.

Акыркы кездери Бишкекте таштанды убагында тазаланбай калган деген нааразылыктар айтылууда. Мэриянын адистери иш жүрүп жатканын, таштанды челектер жуулуп турарын билдирүүдө. Бирок айрым тургундар жуулбаган, тазаланбаган жерлер көп экенин далилдеген сүрөттөрдү интернеттеги социалдык түйүндөргө жарыялап жатышат.

Буга чейин баш калаадагы таштандыларды чыгарып кетүүгө жооптуу “Тазалык” ишканасы шаардан күнүнө 500 тоннанын тегерегинде акыр-чикир чыгара турганы айтылган. Ишканада бир жарым миңдей адам эмгектенет.

Меню