Menu

Тайип Эрдоган

Кремль: Путин Эрдоган менен Казакстанда жолугушат

Орусиянын президенти Владимир Путин 13-октябрда Казакстанда өтө турган саммитте Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушат. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Анын айтымында, жолугушуунун жүрүшүндө Украинадагы согуш жана орус-түрк эки тараптуу мамилелери жөнүндө сөз болот.

Күн мурун AFP жана dpa агенттиктери Түркиянын расмий адамдарына шилтеме кылып, Эрдоган менен Путин Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин саммити учурунда Астанада жолугуша турганын кабарлашкан.

Буга чейин Түркия менен Орусиянын лидерлери сентябрдын ортосунда Самаркандда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде жолугушкан.

НАТОго мүчө Түркия Орусия Украинага кол салган 24-февралдан бери өзүн Киев менен Москванын ортосунда ортомчу катары көрсөтүп келет. Анкара Москваны сындап, ошол эле маалда Батыш өлкөлөрүнүн экономикалык жана каржылык санкцияларына кошулган эмес.

Эрдоган согушту токтотуу үчүн Путин менен Зеленский сүйлөшүүлөрдү баштайт деген үмүтүн билдирген.

Өткөн жумада Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу март айында Стамбулда өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Киев менен Москва дипломатиядан алыстап кетишкенин айткан. “Украин-орус согушу созулган сайын кырдаал начарлагандан начарлап баратат. Ок атышуу болушунча тез аранын ичинде токтотулушу керек. Канчалык эрте болсо, ошончолук жакшы болот”, – деген Чавушоглу.

Путин украин армиясынын ийгиликтүү контрчабуулдарынан кийин өткөн айда Украинанын орус аскерлери көзөмөлдөп турган аймактарында “референдум” өткөрүп, алар Орусиянын курамына кошулганын жарыялаган. Ал Москва Украина менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин да билдирген. Бирок Зеленский Путин менен сүйлөшүү ыктымалдыгын четке кагып, Украина Орусиянын Путинден кийинки президенти менен гана сүйлөшөрүн айткан.

Президент Садыр Жапаровдун Түркияга расмий иш сапары жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Түркия Республикасына расмий иш сапары жыйынтыкталды.

Мамлекет башчысынын иш сапары Анкара шаарындагы «Аныткабир» мемориалдык комплексине — Түркия Республикасынын негиздөөчүсү, Мустафа Кемал Ататүрктүн бейитине гүлчамбар коюу менен башталды.

Андан ары Президент Садыр Жапаров Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен тет-а-тет форматында жолугушту жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынына катышты.

Эки өлкөнүн башчылары кыргыз-түрк эки жана көп тараптуу кызматташтыгынын абалы менен келечегин, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү өз ара кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Садыр Жапаров жана Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүн биргеликте ачышты. Ошондой эле, Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысынын иш сапарынын экинчи күнү  Түркия Республикасынын Соода палаталары жана товардык биржалар бирлигине (СПТББ) барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышуудан башталды. Анда Мамлекет башчысына СПТББнын Экономика жана технология университетинин «Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.

Бул жерде Президент Садыр Жапаров ири түрк ишкерлеринин өкүлдөрүнүн астында сөз сүйлөдү. Аларга Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана инвестициялык жагымдуулугу көрсөтүлдү. Президент ак ниет инвесторлордун демилгелерин колдоого жана аларга максималдуу жардам көрсөтүүгө толук даяр экендигин билдирди.

Андан соң Мамлекет башчысы Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушту.

Ошондой эле, Түркия Республикасынын ар кайсы шаарларында жашаган мекендештер менен жолугушуу өткөрдү.

Бүгүн, 11-июнда, Президент Садыр Жапаров Түркиядагы расмий иш сапарын жыйынтыктап, Бишкек шаарына кайтып келди.

Меню