Menu

Талант Иманов

Министр Иманов жараксыз паспортторду сатуу тууралуу маалымат берди

Санариптик өнүктүрүү министри буга чейин айтып чыккан паспорт мафиясы боюнча кандай иштер жүрүп жатканы тууралуу видео кайрылуу жасады.

Министрдин айтымында, Санариптик өнүктүрүү министрлиги УКМК менен биргеликте жок кылынууга тийиш болгон 2020-2021-жылдардагы жараксыз паспорттордун реестрлерин инвентаризациялаган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Өзгөн району боюнча 1667 жарандык паспорт, 2101 жалпы жарандык паспорт жок экени аныкталган.

Кылмыш ишинин алкагында Санариптик өнүктүрүү министрлиги УКМК кармаган Калкты жана жарандык абалдын актыларды каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмүнүн адисин, кылмыш иши козголуп, үй камагында отурган Араван районундагы бөлүм башчысын кызматынан бошоткон. Департаменттин кызматкерлерине тартиптик жаза жарыяланган.

24-майда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Санариптик өнүктүрүү министрлиги боюнча депутаттык комиссия түзүү маселесин көтөрүлгөн. Депутат Дастан Жумабеков министр айтып чыккан паспорт мафиясы унутта калганын, бул иштин жыйынтыгы белгисиз болуп кеткенин айткан.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 100дөн ашык паспортту өлкөдөн чыгарып бараткан адамды кармаган. Андан соң министр 25-апрелде Фейсбуктагы баракчасына Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинде паспорт мафиясы күчөгөнүн жазып чыккан.

100дөн ашык кыргыз паспортун өлкөдөн чыгарып бараткан адам кармалды

Кыргызстандын жарандарына таандык 100дөн ашык паспортту Түркияга чыгарып бараткан жаран кармалганын санариптик өнүгүү министри Талант Иманов 26-апрелде билдирди.

Анын айтуусунда, азыр Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо мекемелеринде инвентаризация жүргүзүлүп жатат. Ош облусунун Өзгөн районундагы текшерүү учурунда жок кылына турган 1200 паспорт жетпей калган.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) бул иш боюнча жети кишини камакка алган. Арасында мурда бул системада иштеп кеткен адамдар бар.

“Биз жарандарга айына 50-60 миң паспорт беребиз. Жылына 500-600 миң паспорт берилет. Эски системада жоготтум деп коюп, башкаларга сатылган учурлар чыгып жатат. Азыр тергөө жүрүп жатат, көп нерсени айта албайм. Мунун артында көп кишинин катышы бар экен. Ош облусу боюнча жети киши камакта”, – деди ал.

Иманов тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн иштин жагдайларын ачыктай албай турганын, чет өлкөнүн жарандарына сатылышы мүмкүн деген документтер эски паспорттор экенин кошумчалады. УКМК маалымат берген жок.

Министр 25-апрелде Фейсбуктагы баракчасына Калкты жана жарандык абалдын актыларды каттоо департаментинде паспорт мафиясы күчөгөнүн жазган.

Аталган департамент Санариптик өнүгүү министрлигинин алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматына карайт. Мекеме акыркы билдирүүлөргө комментарий бере элек.

Кыргызстанда жасалма паспорттордун берилишине байланыштуу бир катар чуулгандуу окуялар катталган, козголгон кылмыш иштери эмне менен аяктаганы белгисиз учурлар көп болгон.

Меню